Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Владимир Путин акыркы айларда 313 террорчу өлтүрүлгөнүн айтты


Владимир Путин терроризмге каршы күрөштү талкуулаган жыйын маалында, 16-октябрь, 2012
Владимир Путин терроризмге каршы күрөштү талкуулаган жыйын маалында, 16-октябрь, 2012
Орусиянын президенти В.Путиндин айтымында, коопсуздук күчтөрү өлтүргөн адамдардын ичинде террористтик уюмдардын колго түшүүнү каалабаган 43 лидери да бар. Андан сырткары, ал 479 “бандит” кармалганын да кошумчалады.

Бүгүн Орусиянын атайын кызматтарынын жетекчилери менен өткөргөн жолугушуусунда Путин “күч органдары акыркы жылдары өтө натыйжалуу иштеп жатышканын” белгиледи.

Ал террористтерди мындан ары да чечкиндүү жок кылууну буйруду. Президент операциялар учурунда жайкын тургундардын коопсуздугуна этият мамиле кылууну унутпоого, министрликтер менен департаменттерди "ишин мыкты координациялоого" чакырды.

XS
SM
MD
LG