Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Орус президенти бийлик партиясы жеңген шайлоо жыйынтыгын жактады


Владимир Путин жана БШК төрагасы Владимир Чуров. 15-октябрь, 2012-жыл.
Владимир Путин жана БШК төрагасы Владимир Чуров. 15-октябрь, 2012-жыл.
Владимир Путин кечээ Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуров менен кездешкен учурунда:

- Мен үчүн шайлоо жыйынтыгы күтүүсүз эмес. Мен муну шайлоочулардын учурдагы бийлик институттарын жана орус мамлекеттүлүгүн өнүктүрүүнү колдоо ниетин ырастаган дагы бир кадамы деп эсептейм, - деп айтты.

Ушул жекшембиде Орусиянын 83 чөлкөмүнүн 77синде өткөн жергиликтүү шайлоолордо “Бирдиктүү Орусия” партиясы алдыга чыкты.

Оппозиция активисттери болсо калктын шайлоо бекеттерине аз келгени жана добуш берүүнү коштогон мыйзам бузуулар бийлик партиясынын пайдасына ойногонун белгилешти.

Кээ бир аймактарда добуш бергендер тизмедеги шайлоочулардын 15% жеткен эмес.

Көз карандысыз “Голос” уюмунун байкоочулары шайлоо күнү миңден ашуун мыйзам бузууларды каттаган. (UE)

XS
SM
MD
LG