Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Мамасалиева: Өзбек мектептерин кыргызчалоо эрте


Ошто өзбек мектептерин кыргыз тилинде окутуу демилгеси боюнча “Интербилим” борборунун аймактагы өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева ой бөлүшөт.

- Гүлгаакы айым, Ош мэри Мелис Мырзакматов өткөн жумада Оштогу өзбек мектептерин кыргыз тилинде окутуу жана латын арибинде билим берилишине шарт түзүү демилгесин көтөрүп чыкты. Азыркы шартта мындай демилге канчалык жөндүү?

- Менимче, бул бир четинен жакшы нерсе. Маселен, өзбек тили менен адабиятын өз тилинде үйрөнүү бул жакшы демилге. Эмнеге дегенде, мисалы Өзбекстан латын арибине өткөн да, туурабы? Ошол мамлекеттин тилин жана адабиятын үйрөнүү үчүн латын ариби менен окутулушу керек.

Бирок бир четинен биздин өзбек тектүү жарандарыбыз өздөрүнүн келечегин Кыргызстан менен байланыштырабыз деп, жогорку билим алып, Кыргызстанда иштей турган болушса, анда кириллицаны көбүрөөк окутушубуз керек. Анан эгерде бул жерде жашап калса дагы, мамлекеттик тармакта иштеп калганда деле кыргыз тили, кириллица көбүрөөк керек болот.

Ал эми азыркы жагдайды эске алсак, бул демилгени ишке ашыруу, мектептерге киргизилиши азыр эрте. Эмнеге дегенде, азыр өзүңөр көрүп жатасыздар негизги Кыргызстандагы китептерден да кыйынчылык болуп жатат. Бул демилгени ишке ашыра турган болсок, өзбек тили жана адабиятынан бериле турган китептерди латын арибине которушубуз керек болот.

- Бул демилгени жергиликтүү тургундар кандай кабыл алышы мүмкүн? Сиз Ошто болгондон кийин маанайды билесиз да?

- Жергиликтүү өзбек тектүүлөрдүн көпчүлүгү бийлик айткан нерселердин баарын, жаңылоолордун бардыгын басмырлоо катары кабыл алышы мүмкүн. Эмнеге дегенде, бардыгы эле түшүнө беришпейт да, карапайым эл туура түшүнбөй калышы мүмкүн. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Аларда бизге басмырлоо кылып, өзбек тилиндеги мектептердин баарын кыргыз тилине өткөрөбүз деп жатат деген түшүнүк, ой-пикирлер пайда болушу мүмкүн. Азыркы шайлоонун алдында бул маселе көтөрүлбөй эле турганы жакшы. Анан элдин арасында талкуулар жүргүзүлүп, элдин оюн билип, коомдук пикирди түзүү үчүн биз алгач алардын оюн угуп, түшүндүрмө беришибиз керек.

- Бул демилге азырынча эрте экендигин айтып жатасыз. Ошондо канча убакыттан кийин аны ишке ашырууга болот?

- Кыргызстанда этникалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча концепция жазылган. Өкмөт сунуштаган этникалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча концепция жана Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясы сунуштаган концепция бар. Эки концепция азыр тирешип турат. Кайсынысы кабыл алынаары белгисиз. Курултайда президент өкмөттүн концепциясын өткөрүүгө аракет кылган. Бирок аны Жогорку Кеңеш бекиткен эмес. Анан этникалык маселелерге байланышкан жаңылыктардын баары ошол концепциянын негизинде иштелиши керек. Ошол мектептердин кыргыз тилине өтүш-өтпөшүнө байланышкан маселелердин баары концепцияда жазылышы керек. Ошол концепция кабыл алынгандан кийин биз маселени мыйзамдуу түрдө ишке ашырсак болот. Бул бир-эки жылдын аралыгында аткарыла турган иш.
XS
SM
MD
LG