Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Иманкулов УКМК кайрадан саясий куралга айланганын айтып чыкты


УКМК төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев атайын кызматты бийликтеги бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатат деп айыптап чыкты.

Ошондой эле ал өлкөдө президент алмашканда бийликти байуунун каражатына айландырган жетекчилердин чыныгы жүзү ачыла тургандыгын белгиледи. Буга коопсуздук органынын жетекчилиги азырынча комментарий бере элек.


Атайын кызматтагы айныксыз абалбы?


Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов өзүнүн кызматтан чегинүүсүн атайын кызматтын башчысынын жана өлкөнүн саясий жетекчилигинин туура эмес жүргүзгөн саясаты менен келише албагандыгы менен байланыштырды. Марат Иманкулов атайын кызмат кайрадан саясий кызыкчылыктарды ишке ашыруунун ашынган куралына айланып, чекисттик кесипке тиешеси жок адамдар тармакка тартыла баштады деп айыптады:

- Кеңешбек Дүйшөбаев биздин Улуттук коопсуздук комитетин бийликтеги бир ууч саясатчылардын пайдасы үчүн пайдалануучу куралга айлантып алды. Саясатка аралаштырып, бир жактуу иш алып барып жатат. Бул биздин улуттук коопсуздукка терс таасирин тийгизеби? Кадрдык саясатта өтө чоң катачылыктар кетип жатат. Чекисттик ишке тиешеси жок адамдар кызматка тартылып, кандайдыр бир белгисиз иштер менен алек болуп жатышат. Коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп туруп, керек болсо алар эмне менен шугулданып жаткандыгын мен дагы билбейм. Жамааттын ичинде нааразычылык күчөп кетти. Арыздар толтура. “Тоноп жатышат, кызмат абалынан кыянат пайдаланышууда” деген арыздар күндө келип түшөт. Мына ошонун бардыгына кийлигише албагандан кийин мен эмнеге ал жерде жетекчилик кызматта олтурушум керек.

Өлкөдөгү коопсуздукка жооп бере турган атайын кызмат азыр ар кайсы коорупциялык иштерге аралашып калгандыгын айткан мурдагы чекист бийлик башындагылар мурдагыларынан сабак албагандыгын мисал келтирди. Марат Иманкулов анын кескин саясий билдирүү менен чыгышына бийлик башындагылардын абийирсиз аракеттери себеп болгондугуна токтолду:

- Мени билдирүүмдү бул бийлик пиар катары колдонуп жатат деп коомчулукка түшүндүрүшү мүмкүн. Бирок мени ушундай билдирүү менен чыгууга алардын жоопкерчиликсиз аракеттери мажбурлады. Карасаңар, былтыркы ажылык сапардагы чыр-чатак, бөлүшө албаган миллиондор туурасында чекит койулбаган канча фактылар жатат. Бийлик алмашкандан кийин мына ошол казынадан миллиондоп акча уурдашкан мурдагы жана азыркы тиешелүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылышат. Кимдер эмненин эсебинен чөнтөгүн акчага толтургандыгы бизге белгилүү. Алар сөзсүз жооп беришет.


Билдирүү далилдерди талап кылат


Серепчилер Марат Иманкуловду кызматтан кете электе өзү иштеп келген атайын кызматтын башчысын жана өлкөнүн саясий жетекчилигин сынга алган бийлик өкүлдөрүнүн алгачкыларынан болгондугун белгилешүүдө. Ошол эле учурда алар чекисттин айткандары конкреттүү далилдер менен бышыкталбаса ал өзү кайра жооп берип калышы мүмкүн экендигин айтып өтүштү.

Коопсуздук боюнча эксперт Талант Раззаков Марат Иманкуловдун билдирүүсүн иликтөөгө алып, бир ыктай баа бере турган жагдай катары баалады:

- Бул өтө олуттуу айыптоо. Демек ал кишиде кандайдыр бир фактылар болгон үчүн ушундай билдирүү менен чыгып жатса керек. Эгерде жөн эле ушундай экен деген негизи жок билдирүү болсо айрыкча аскер адамдары аны айтып чыгышпайт. Бул айрыкча чекисттерге тиешелүү нерсе. Мына ошондуктан бул маселеде “А” дегенден кийин “Б” дей тургандай жагдайлар бар экен. Ошондуктан бул маселе кылдат иликтенип, коомчулукка анын чын бышыгы жарыяланышы керек.

Ошол эле учурда саясий чөйрөлөрдө Марат Иманкуловдун саясий өнөктүк алдындагы аталган билдирүүсү кандайдыр бир саясий максаттар менен же болбосо кадимки жеке таарынычтары менен байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдор үстөмдүк кылууда. Ал арада бийликке жакын саясий күчтөр дагы бул билдирүүнү тынчсыздануу менен кабыл алышты.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков чындыгында эле абал ошондой болсо анда ар бир айткан айыптоосун Марат Иманкулов далилдеп бериши керек деген пикирде:

- Бул адам атайын кызматтын жогорку тепкичинде жүргөндүктөн көп маалыматты билет. Ошондуктан аныкы жалган же туура эмес деп айта албайм. Бирок Иманкулов ар бир айткан айыптоосу боюнча далилдерди келтирсе жакшы болмок. Мына ошондо ким эмнени жана качан уурдагандыгын билет элек. Ошондой эле атайын кызматты кимдин пайдасына пайдалануу аракеттери болуп жаткандыгы боюнча тастыкталган фактылар айтылган болсо ошого жараша баа берилмек. Бул билдирүү боюнча Марат Иманкулов жөн эле жалпысынан айта бербей ар бир факты боюнча далилдерин кошуп жарыялаш керек.

Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Марат Иманкуловдун билдирүүсү боюнча жетекчиликтин комментарийи 25-августта жарыялана тургандыгын аталган мекеменин маалымат борборунан билдиришти.

XS
SM
MD
LG