Кыргызстандын аба мейкиндиги мындан үч жыл илгери кайра түзүлгөн асман чабуулунан коргонуу күчтөрү тарабынан көзөмөлгө алынат. Мында жайгаштырылган советтик үлгүдөгү зениттик-ракеталык түзүлүштөр бир топ эскилигине карабастан, өлкөнүн аскер аба тармагындагы кенемтени толуктап келет.