2009: Жылдын көз ирмемдери (ZMa)

1
19-январда орусиялык адвокат Станислав Маркеловду Москвада белгисиз адамдар атып кетишти. Маркелов сотто чечен үй-бүлөсүнүн укугун коргоп келген.

2
20-январда АКШ президенти Барак Обаманын ант берүү салтанаты өттү. Сүрөттө: Барак Обама жубайы Мишел менен.

3
Смоленск жана Калининград митрополити Кирилл расмий түрдө Орусиянын ортодокс чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси болуп калды. Москванын Ыйык Ыйса чиркөөсүндөгү иш-чарада ал орус православ чиркөөсүнүн 16-патриархы деп аталды.

4
10-февралда Тегеранда Ислам революциясынын 30 жылдыгы белгиленди.

5
15-февралда Косово Сербиядан көз карандысыздыгынын бир жылдыгын белгиледи. Сүрөттө: Приштинанын түштүк-чыгышындагы Качаник шаарында косоволук албандардын улуттук байрактары.

6
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Москвада жолугушуу маалында эки өлкөнүн ортосунда мамилелер оңоло баштаганын билдирди.

7
Ирактык полиция айымдар Багдаддын түштүгүндөгү Кербала шаарында АК-47 үлгүсүндөгү куралдарды колдонууну үйрөнүшүүдө. 26-март.

8
Кремлчил “Наши” жаштар уюмунун мүчөлөрү Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин сүрөтүнө бут кийимдерин ыргытышты. Москва, 1-апрель

9
5-апрелде АКШ лидери Барак Обама Чехиянын ордо калаасы Прагада болуп, Чехословакиянын алгачкы президенти Томаш Гаррик Масариктин айкелининин алдында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Обама дүйнөлүк өзөктүк куралдануу тууралуу көз карашын билдирди.

10
8-апрелде Молдованын ордо калаасы Кишиневдо массалык нааразылык акциясы башталды. Демонстранттар шайлоодо Коммунисттик партиянын жеңип чыгышына карата нааразылыгын билдиришип, шаарда башаламандыктар орун алды.

11
18-апрелде Тегеранда Армия күнүнө карата парад өтүп, ага ирандык көзгө атаарлар да катышты.

12
Иранда оппозициядан президенттикке талапкер Мир Хосейин Мусавинин жактоочулары менен полиция ортосунда кагылышуулар орун алды. Сүрөттө: ирандык полиция кызматкери демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонууда. 13-июнь, Тегеран.

13
Видео тасмадан көз ирмем: Неда Ага-Солтан аттуу кыз 20-июнда Тегерандагы нааразылык акциясы маалында ок жеп, ошол жерден көз жумган. Анын образы Ирандын азыркы бийлигине каршы баш ийбөөчүлүктүн символу болуп калды.

14
Сүрөттө: поп-музыка падышасы Майкл Жексондун ирандык күйөрмандары даярдаган плакаттар. Майкл Жексон 25-июнда 50 жаш курагында жүрөк оорусунан дүйнө салды.

15
7-июлда Үрүмчүдө жергиликтүү уйгур азчылыгы менен ханзу кытайлыктар ортосунда кагылышуулар орун алды.

16
Москвада тартип коргоо кызматкерлери оппозициянын митингин күч менен таратты.

17
Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Түштүк Сибирдеги Кызыл шаарында эс алуу маалында. 3-август.

18
Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиде 2008-жыл, 8-августтагы орус-грузин согушунун курмандыктары эскерилди.

19
8-августта Иран оппозициясынын тарапкерлери шайлоодон кийинки массалык башаламандыктарга катышты деген кине менен соттолушту.

20
Ооганстанда президенттикке талапкер Абдулла Абдулланын миңдеген колдоочулары 14-августта шайлоо алдындагы митингге чогулушту. Абдулла Абдулла шайлоодо ооган президенти Хамид Карзайга утулуп калган. Бир катар эл аралык байкоочулар шайлоо бурмалоолор менен өткөнүн билдиришкен.