2009: Жылдын көз ирмемдери (ZMa)

21
Чуваш республикасынын Булгар шаарында имамдар куран окушууда. 17-август.

22
17-августта Ингушетиянын Назран шаарында полиция бекетине кол салуу болду.

23
19-августта Сибирдеги Саяно-Шушенск ГЭСинде ири кырсык болду. ГЭСтеги кырсык бери дегенде 75 кишинин өмүрүн алып кетти.

24
Сүрөттө: 20-августта Кабулда өткөн президенттик шайлоодо добуш берип чыккан оогандык келин.

25
Польшанын ардагерлери 1-сентябрда Гданск шаарында Улуу Ата мекендик согуштун башталышынын 70 жылдыгын белгилешти.

26
Дүйнөлүк экономикалык кризистин кесепетинен эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири – Украина болду.

27
1-октябрда Кытайдын ордо калаасы Бээжинде Коммунисттик бийликтин 60 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү.

28
12-октябрда АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун айкели Косовонун ордо калаасы Приштинадан алынды.

29
АКШнын деңиз аскер күчтөрү Ооганстандын түштүгүндөгү Фарах вилайетинде тик учакты күтүшүүдө. 12-октябрь.

30
Америкалык актер Энди Гарсиа 2008-жылкы орус-груз согушу тууралуу тасмада Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин ролун ойноодо.

31
25-октябрда Ирактын ордо калаасы Багдадда Адилет жана эмгек министрлигинин алдында унааларга орнотулган бомбалардын жарылуусунан бери дегенде 90 киши набыт болду.

32
28-октябрда Пакистандын Пешавар шаарындагы базарда террордук кол салуудан бир нече дүкөндөр өрттөнүп кетти. Сүрөттө: Ошол дүкөндөрдүн биринин ээси.

33
Дүйнөлүк коомчулукту сестендирген чочко ылаңы Орусиянын Чита шаарына да жетти.

35
5-ноябрда Техастагы Форт-Худ аскер базасында армиянын майору Малик Хасан Иракка баргысы келбей, он үч кишини атып, отуздай адамды жарадар кылды. Техастагы Форт-Худ базасында 40 миңдей аскер жайгаштырылган жана дүйнөдөгү эң ири базалардын бири эсептелинет.

36
8-ноябрда Германияда Браденбург дарбазасынын алдында Берлин дубалынын урашынын 20 жылдыгы белгиленди.

37
15-ноябрда Белградда Сербиянын патриархы Павел менен коштошуу зияраты өттү.

38
17-ноябрда Чехиянын ордо калаасы Прагада Жибек ыңкылабынын 20 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

39
26-ноябрда мусулман зияратчылар Арафат тоосунда чогулушту. Жыл сайын өтчү ажылыкка 2 жарым миллион зияратчы катышты.

40
28-ноябрда Орусиянын Новгород облусунда поезд жолго коюлган бомбага кабылып, бери дегенде 30 жүргүнчү набыт болду.

41
Норвегиянын борбору Ослодо АКШ президенти Барак Обамага Нобел тынчтык сыйлыгы тапшырылды. 10-декабрда өткөн салтанаттагы сөзүндө Обама Нобел комитетинин чечимин жогору баалап, дүйнөлүк куралсыздануу ишин улантканга убада берди.