Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Турдуназир Бекбоев: Чек ара такталмайынча, Өзбекстандын аң казууга укугу жок болчу


Өзбекстандын чек ара бекеттери толук ачыла элек. Ал өлкө чек ара тилкелерин каза баштагандан бери Жалал-Aбат облусунун Сузак районундагы 100 гектарга жерге суу тартыш болуп жатат. Бул тууралуy губернатордун 1-орунбасары жана мамлекеттик чек араларды аныктоочу өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Турдуназир Бекбоев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Ноокен районундагы Чек айлынын тургундарынын айыл Кыргызстанга кайтарылбаса, жөө жүрүшкө чыгабыз дешкенине негиз жок.

-Турдуназир мырза, Кыргызстандын чек ара кызматы Жалал-Абат облусундагы Аксы районунун Дейрес, Ноокен районундагы Жаштык, Сузак районундагы Бекабат кыштактарынын чек жакасында Өзбекстан өз чек арасын казууларды жүргүзгөнү тууралуу маалымат таркатты. Чек араларды казуу маалында Жалал-Абат облусу менен Өзбекстандын ортосунда аныктоону талап кылган талаштуу жайлар казылып кеткен жокпу?

- Сиз айткан маалыматтар туура. Азыр Өзбекстан өз чек ара тилкелерин казып жатат. Ага бир мисал: Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн сыртынан аң казуунун натыйжасында кыргыз тарапка жүз гектар жерге суу тартыш болуп калды. Ал маселе боюнча эки тараптуу сугат тармактарынын жергиликтүү башчылары сүйлөшүү жүргүзүшүп, бир макулдашууга келишти. Бирок ага Өзбекстандын чек ара кызматы уруксат бербей атат.

Аң казуу учурунда биз тарапка кирип кетти деген факты аныкталган жок. Алар бир тараптуу казууда. Бирок эки мамлекеттин ортосундагы чек аралар аныктоочу комиссиялардын келишимдерине ылайык чек аралар ратификация болмоюнча, алардын аң казууга укугу жок эле.

Аң казууларды 25-майда Кан-Абат шаарында болгон окуялардан кийин коопсуздук маселдесин күчөтүү максатында көрүлүп жаткан чаралар деп түшүндүрүшүүдө. Бирок ортодо түшүнбөстүктөр болгон жок. Райондордун жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн башчылары Өзбекстандын тиешелүү коңшу жергиликтүү башчылары менен сүйлөшүүдө.

- Чек араларды казууда сиз айткан эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөндөй, мыйзамбузууларды болтурбоо максатында облустун жетекчилиги өзбек тарап менен жакын арада сүйлөшө алдыбы?

- Облустун губернатору Кошбай Масиров үч жума мурун Өзбекстандын Анжиян облусунун акими менен жолугушканда ушул маселелер көтөрүлгөн. Бирок 3-4 күндүн аралыгында мындай иштер бир эле Жалал-Абат облусунда эмес, Баткен, Ош облустарында да аң казуулар болуп атыптыр. Чек ара маселесин, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан коңшу жашап, куда-сөөк, илгертен келаткан карым-катыш, алака, кызматташуубуз болгондон кийин достук мамиледе чечишибиз керек.

-Ушу тапта кыргыз-өзбек чек арасындагы абал кандай? Өзбек чек ара бекеттери толук ачылдыбы?


-Өзбек тараптан чек аралар толук ачылды деп айтуу кыйын. Өзбек чек ара бекеттери жабык.

- Өзбекстан чек ара тилкелерин казып жаткандыктан облустун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн маңдайында турган Өзбекстандын Коргон-Төбө районундагы Кыдырша айылында кыргыздар жашайт экен. Кыдырша айлындагы кыргыздардын 38 үйү чек ара тилкесинде тургандыктан бузууга туш келиптир. Биз менен баарлашкан ошол Кыдырша айылынын тургундары «бизди Кыргызстан көчүрүп алса» деген тилектерин айтышты. Буга эмне дээр элеңиз?

- Бул – мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Мыйзам боюнча Өзбекстандын жарандары Өзбекстанда, кыргыз жарандары Кыргызстанда жашоосу керек.

- Облустун Ноокен районундагы Чек айлынын тагдыры эмне болду?

- Чек айылы ошол эле калыбында турат. Ал жерде тосмо коюлганы менен элдин ары-бери каттоосуна тоскоолдук жок, абал тынч. Чек айылында Кыргызстандын жарандары болгон 24 үй бүлө жашайт.

- Алар президентке экинчи жолу кайрылышканда, Чек айылын Кыргызстанга кайтаруу маселесин эгер антүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, турак-жайга жер берип, кыргыз аймагына өткөрүп алууну өтүнүшкөн. Ал талаптар аткарылбаса, жакын арада жөө жүрүшкө чыгаарын кайрылуусунда билдиришкен. Чектиктердин ушул талабына көз карашыңыз кандай?

- Ар бир адамга өз укугун коргоого мыйзам жол берет. Бирок ал кишилердин мындай талап коюуга акысы жана аталган айылда ага негиз да жок. Себеби айылда абал тынч, эч ким аларды ары жыл, көч деп коркутуп-үркүткөн жери жок. Жөө жүрүшкө чыгабыз, антебиз-минтебиз дегендери аша чапкандык дээр элем.

-Жообуңузга чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG