Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Чек арада кырдаал тынчпы?


Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы жагдай боюнча “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков жооп берди. Ал эки күндөн бери өлкөнүн түштүк аймагында чек арадагы кырдаал менен таанышып жүрөт.

- Чолпонбек мырза, чек арадагы азыркы жагдай кантип атат, адегенде ушуга токтолсоңуз?

- Мен азыр иш сапарым менен өзбек-кыргыз чек арасында жүрөм, биздин чек арачылардын кызматын өз көзүм менен көрүп, байкап жүрөм. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасында кырдаалды тынч деп бааласак болот. көзөмөл посттордун арасындагы абалга баа берсек, эки тараптуу постторубуз өз калыбында иштеп атат бүгүнкү күндө. Бирок бир тараптуу өткөрүүлөр дагы бар, чет элдик жарандар эл аралык көзөмөл постторубузда транзит менен өтүп атышса, аларга тоскоолдук жок.

- Сиз кыргыз-өзбек чек арасында болуп атам деп атасыз, Сох, Шаймардан, Чек аймактарында болдуңузбу. Мисалы Чекте кандай болуп атат, кыргызстандыктар өз айдоо аянттарына өтө албай калдык деп акыркы жолу билдиришти эле?

- Мен азыр Шамалдуу-Сай, Дерес, Лола, Кыпчак-Талаа деген жерлерде иштеп атам. Бир саатан кийин Ала-Бука жакка чыгып, ошол жактагы чек араны көрүп, карап кетиш керек болуп атат. Сох, Шаймардан боюнча абалды айта кетсек, азыркы күндө өз абалында өткөрүүлөр болуп жатат. Өтүкчү, Чечме, Кызыл-Кыяк, Боз-Адыр, Кызыл-Аска, Согмент деген жерлерде биздин да жарандар, өзбек жарандары дагы өз абалында өтүп атышат. Шаймарданда болсо Кадамжай бекетинен Өзбекстандын жарандары өзүнүн аймагынан өтүп кирип, чыгып атышат. Ал жерде биздин эки тараптуу өтүүчү постторубуз бар, эч кандай чечилбей турган маселе жок.

Дагы айта кетүүчү нерсе, мен бул жерге командирлер менен иштегенде жакшы нерсени көрүп атам, мисалы Жалал-Абат чек ара отрядынын командири, полковник Касмамбетов Өзбекстан тарабында Пахта-Абад чек ара отрядынын командири-майор Чекматов менен телефон аркылуу да сүйлөшүп бул маселелерди чечип атышат, ошондой кырдаалдуу маселелер пайда болуп атса, оперативдүү түрдө чечкенге атайын иштерди, жоболорду астыга коюп алышкан. Ошондой эле чаралар азыркы маалымат боюнча Ош, Анжиян чек ара бөлүктөрүнүн ортосунда бар, Айдаркен аймагынан карасак Фергана менен чектешкен чек арада Саркелең менен байланышы бар экен. Ошондуктан мен айткым келет, ар түрдүү чечилбей жаткан маселе болуп атса, жарандарды өткөрүүдө кандайдыр бир мыйзамсыз иштер болуп атса, же ошол жерде чек арада чечилбей турган маселелер болсо, оперативдүү түрдө бири-бири менен байланышып, өзүлөрүнүн деңгээлинде чечип атышат.

- Кара-Сууда кыргызстандык жарандын өзбекстандык чек арачылардын огунан мерт болушуна байланыштуу жергиликтүү чек арачылар менен Өзбекстандын чек арачылары байланыша албай койду, өзбек тарап макулдук бербей койду деген маалымат тарады. Сиз ошол жакта жүргөндө ушул багытта байланышканга аракет кылып атасызбы?

- Мен азыр Ош жергесине өтө элекмин, бүгүн кечинде Ош аймагына барып калам, барганда ал жерде ушундай иш сапарларды өткөрөйүн деген ниетим бар. Бирок Ош чек ара бөлүгүнөн, Түштүк аймактык башкармалыктын жетекчилери Өзбекстан тарап менен изилдөө иштерин өткөрүп жатышат азыркы күндө. Бул окуя эки күн мурда саат 5-30дарда чек арада болгон. Азыр толугу менен изилдөөлөрдү өткөрүп туруп, анан баа берсек болот.

- Кыргызстандын чек ара кызматы атайын багытта бир нече топту Алай аймагына жөнөткөндүгү маалымдалды эле. Алар эмне иштерди аткарышат?

- Бул кичине туура эмес маалымат деп айтсак болот. Биздин атайын даярдалган топторубуз баары ал жака чыккан жок. Биз жай башталып, чек ара ашуулары ачылганда өзүбүздүн кээ бир топторубузду атайын багыттарды текшерүү максатындагы иштерге жыл сайын колдонобуз. Бул чек араны кайтаруу боюнча биздин күн сайын аткарчу милдетибиз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG