Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Дипломаттар Обама менен Медведевдин тапшырмасын мөөнтүндө бүткөрөбү?


19-майда Москвада ядролук куралдарды кыскартуу боюнча россиялык-америкалык сүйлөшүүлөр башталды. Эски 1991-жылы түзүлгөн Стратегиялык куралдарды кыскартуу жөнүндөгү келишимдин мөөнөтү 5-декабрда аяктайт. Жаңы келишимди иштеп чыгууга багытталган үч күндүк сүйлөшүү, дипломаттардын сөзүнчө, ядролук куралды кыскартуу боюнча тараптардын позицияларын жакындатууга тийиш.

Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча Москвадагы сүйлөшүүгө америкалык ырасмий делегацияны АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Роуз Гостемюллер айым баштап келди. Россиялык делегацияны ТИМдин коопсуздук жана куралсыздандыруу департаментинин башчысы Анатолий Антонов жетектейт.

"Биз президент Медведев менен президент Обаманын Лондондо берген атайын тапшырмасын аткарууга аракеттенебиз. "
Сергей Лавров, 18-май 2009.

Президент Барак Обама ядролук куралдарды кыскартууга Россияны ынандыра алабы?

АКШнын азыркы президенти Барак Обама ядролук куралдарды кыскартууну өз администрациянын негизги милдеттеринин бири деп санагандыктан, Москва сүйлөшүүсү үзүрлүү болору айтылууда. Себеби президент Обама 6-июлда Москвада президент Медведев менен кездешкенде эки лидер жаңы келишим боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү жүрүп жатканын шардана кылышат деп күтүлүүдө.

Буга Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров 18-майда журналистердин да көңүлүн бурду:

-Биз президент Медведев менен президент Обаманын Лондондо берген атайын тапшырмасын аткарууга аракеттенебиз. Алар делегацияларга бүгүнгө чейин жетишилгенге кошумча дагы куралдарыбызды кыскартууну тапшырган.

1991-жылы кол коюлган келишим Россия менен АКШны ядролук дүрмөттөрдүн санын 6 миңге чейин кыскартууга, ал эми ракета ташуучу системаларды эки жактан 1600гө чейин түшүрүүгө милдеттендирет.

2002-жылкы кошумча келишимге ылайык тараптар 2012-жылга оперативдүү ядролук дүрмөттөрүнүн санын 1700- 2200 даанага чейин азайтууга тийиш. АКШ жана Россия ядролук дүрмөттү кошумча келишимде каралгандан да көпкө кыскартууга дилгир болушууда.

Бирок жаңы келишимди түзүүгө АКШнын Польшада жана Чехияда ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планы тоскоол болушу этимал. Вашингтон эки өлкөдө орнотулчу система Иран менен Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарынан коргонуу үчүн зарыл дейт. Ага Москва каршы. Лавров да жаңы келишимде сөзсүз Россиянын талабы эске алыныш керек экенин баса эскертти:


-Арийне, келишимди даярдоодо сөзсүз глобалдык коопсуздук, анын ичинде Россиянын коопсуздугу эске алынууга тийиш. Бул деген биз ракетадан коргонууга байланыштуу кырдаалды сөзсүз жөндөп алышыбыз керек экенин билдирет.

Серепчилер ядролук куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимди иштеп чыгууга Россиянын Түштүк Осетиянын Грузия менен сүйлөшүүдөн баш тартуусу да жолтоо кылышы ыктымал дешет.

Бирок да дипломаттар президент Обаманын ядролук куралдарды кыскартуудагы дилгирлиги, плутоний жана байытылган уранды өндүрүүнү контролдоого жол ачат деп үмүттөнүшөт. Мурда Вашингтон мындай келишимге каршы чыгып келсе, Обама апрелде Прагада болгондо плунтий менен уран өндүрүшүн көзөмөлгө койуу боюнча өз ойлорун ортого салган.

XS
SM
MD
LG