Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Россия менен АКШ атомдук куралды кыскартуу келишимин талкуулап жатышат


Россия менен АКШнын расмий өкүлдөрү Москвада ядролук куралды кыскартуу келишимин алмаштыра турган макулдашууну талкуулай башташты. 1991-жылы кол коюлган СТАРТ келишиминде тараптардын атомдук арсеналын азайтуу каралган. Стратегиялык курал-жаракты көзмөлдөө чөйрөсүндөгү негизги документ ушул жылдын этегинде соңуна чыгууда. Апрелде орус президенти Дмитрий Медведев жана АКШ мамлекет башчысы Барак Обама СТАРТты алмаштыра турган документтин үстүнөн иштөө тууралуу макулдашышкан. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, сүйлөшүүлөрдө иштелип чыккан конкреттүү сунуштар июль айында Обаманын Москвадагы визити учурунда каралмакчы. Россия жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушун АКШнын ракетадан коргонуу системасынын бөлүктөрүн Чыгыш Европада жайгаштыруу пландарына байланыштырып келатат.

XS
SM
MD
LG