Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:43

Молдова: Бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө аргасыз болду


Молдова, Кишиневдун борбору, 7-апрель, 2009
Молдова, Кишиневдун борбору, 7-апрель, 2009

Молдованын президенти Владимир Воронин кечээ түнү сыналгыдан чыгып сүйлөп, Кишиневдогу нааразылык чараларын “мамлекеттик төңкөрүш” аракети катары айыптады. Өлкөдөгү негизги оппозициялык 3 партиянын өкүлдөрү кечээ нааразылык чаралары өтүп жаткан маалда бийликтеги коммунисттик жетекчилик менен сүйлөшүү өткөрүштү. Түн ичинде да башкалаада 20 миңдей демонстрант чогулуп турду.

Дүйшөмбүдө жана шейшембиде баш калаа Кишиневдо 5-апрелдеги шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон он миңдеген калайык ири нааразылык чараларына чыгышты.

Алар шейшембиде президенттик жана парламенттик имаратка чабуул коюшуп, полиция менен кагылышууда 40тай адам жаракат алган.

“Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысынын маалымдашынча, Кишиневдо алтүндө да 20 миңдей киши шаардын борборунда котолоп чогулуп турду.

Молдованын улуттук сыналгы каналы болсо айрым мас адамдардын тобу башкалаада башаламандык уюштурду деген маалыматты таркатты.

Демонстранттар шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп санап, бийликтен аларды жараксыз деп табууну талап кылышууда.

Либералдар партиясы, Либерал-демократиялык партия жана “Биздин Молдова” альянсынын лидерлери өкмөттөн жекшемби күнкү (5-апрелдеги) шайлоонун бюллетендерин кайра санап чыгууну талап кылышты.

Бирок Либералдар партиясынын жетекчиси, Кишиневдун мэри Дорин Киртоака румыниялык сыналгы каналга маалымдагандай, президент Владимир Воронин өкмөт мыйзам боюнча кайра санап чыгууга макулдугун бере албастыгын айтты.

Бийликтер ошол эле маалда бийлик өкүлдөрү бюллетендерди кайра саноого жолтоо болбой турушканын да билдиришти, деди Киртоака.

Мэрдин айтымында, президент Воронин оппозициялык лидерлерди нааразылык акцияларын уюштургандыгы үчүн айыптады. Киртоака өкмөт нааразылык чараларын тынч өткөрүүгө уруксат берерин убада кылды деп да кошумчалады.

Ал эми президент Владимир Воронин болсо шейшемби күнү кечинде сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, нааразылык чараларынын уюштуруучуларын “төңкөрүш далаалатын жасады” деп айыптады.

Шайлоодогу жеңиш – президенттин ким болоорунун ачкычы

Шайлоо бийлигинин маалыматына ылайык, жекшемби күнкү парламенттик шайлоодо президент Владимир Ворониндин Коммунисттик партиясы добуштардын 50 пайыздан ашуунун жеңген, тактап айтканда, 101 орундун 61ин ээлеген.

Муну менен коммунисттер парламентте көпчүлүккө ээ болуп, жаңы президент катары өз өкүлүн шайлоо мүмкүнчүлүгүн алаары күтүлөт.

Конституция Воронин мырзага үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышууга жол бербейт.

Шайлоо бийлигинин алдын-ала жарыялаган жыйынтыгына нааразы калайыктын ири демонстрациясы дүйшөмбү күнү (6-апрелде) башталган.

Шейшембиде болсо отуз миңден ашуун адамдын катышуусундагы нааразылык чаралары зомбулук аракеттери менен коштолуп, демонстранттар полициячыларга таш ыргытып, парламенттик имаратка жана президенттик сарайга чабуул коюшту.

Ушул эле күнү президент Воронин өкмөттүн чукул жыйынын өткөрдү.

Президент нааразылык аракеттерин белгисиз күчтөр башкарып, багыттап жатат деп айыптады:

- Бул иш-чара алдын ала жакшылап даярдалган, жакшылап пландалган, жана жакшылап каржыланган көрүнөт.

Совет доорунда жумурияттын ички иштер министри болуп иштеген президент Воронин нааразылык чараларын уюштуруучуларды "полицияны провокацияга түрттү" деп да айыптады.

«Азаттыктын» Кишиневдогу кабарчысы Юлиан Чиокан парламенттин алдына миңдеген адамдар чогулганын, полиция менен кагылышуулардан кийин президенттик имаратты ээлөө аракети көрүлгөнүн саал мурдараак маалымдаган:

- Менимче, демонстранттар имаратты ээлеп алышты, себеби алардын кээ бирлерин чатырда желектерди кармап турушканын көрдүм. Парламент имаратынын аркы канатында болсо калкан көтөргөн полициячыларды көргөм.

Жогоруда айтылгандай, коммунисттер добуштардын 50 пайыздан алда канча көбүн алышты, бирок элдин пикирин сурамжылоо көргөзгөндөй, аларды шайлоочулардын 30 пайызы гана колдоп келген.

Эгерде БШКнын алдын-ала жарыялаган маалыматы биротоло тастыкталчу болсо, анда оппозициядагы батышчыл 3 партия парламентте бир катар орундарга ээ болушканы менен, тийешелүү мыйзамдарды кабыл алууда коммунисттер чечүүчү ролду ойномокчу.
Дүйнө коомчулугу Кишиневдогу окуяларга астейдил көңүл бурууда.

Европа Биримдиги жана ЕККУ демонстранттарды зомбулук аракеттерге барбоого, ал эми бийликти - калайыктын тынч коомдук иш-чара өткөрүшүнө жол берүүгө үндөштү.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев кесиптеши Воронинге шейшембиде телефон чалып, кырдаалды тынч жолдор менен жайгарууга үндөгөнү маалымдалды.

Коңшу Румыниянын жетекчилиги да Молдовадагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

Демонстранттар Кишиневдогу өкмөт үйүнүн маңдайында кала берүүдө.

Шаршембиге (8-апрелге) караган түнү Кишиневдун чордонунда таркабай чогулуп турган миңдеген демонстранттар оппозиция жетекчилерин бийликтер “төңкөрүш аракетин уюштурду” деген жалаа менен кармап кетпесе экен ден чочулап жатышканы да кабардалды.

Айтмакчы, Кишиневдо Бишкектеги 2005-жылдын 24-мартында борбордук аянтка топтолгон тынч демонстранттарга кол салып, алардын нааразылыгын күчөткөн айтылуу "ак шапкечен" провокаторлорго окшогон айрым өкмөтчүл топтор да болгону тууралуу жоромолдор айтылууда.

Бул окуялардын бири-биринен айырмасы - Бишкекте "ак шапкечендер" тынч демонстранттарга кол салса, Кишиневдогу "провокаторлор" демонстранттардын арасында жүрүшкөн имиш.

Ал түгүл оппозиция лидерлеринин президент Воронин менен шейшембидеги жолугушуусу маалында алардын бири парламенттик жана президенттик имараттарга таш жаадырган, калайыкты зомбулук аракеттерге козуткан кишилер "атайын кызматтардын буйругу менен провокацияга барышкан" деп өздөрү жоромолдоп жатышканын президентке айткан.

Кандай болгон күндө да, коомдук тартипти бузгандарды мыйзам чегинде жазага тартуу аракеттери болоору да күтүлүүдө.

Ал эми бийликчил партиянын пайдасына добуш бурмалоого баргандар аныкталабы, аныкталса, жазага тартылабы?

Молдова коомчулугу аптанын алдыдагы күндөрү дал ушул суроолордун жандырмагын чечүү менен алек болмокчу.




Молдовандар бурмаланган шайлоого нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00



Тасма: Молдовандар бурмаланган шайлоого нааразы

Бийликтеги коммунисттик партиянын 5-апрелдеги парламенттик шайлоодо кайрадан жеңип чыкканы тууралуу жарыяга нааразы калайык Кишиневдо өкмөткө каршы ири жыйын өткөрүп, полиция менен кагылышты. Молдова бийлиги оппозиция менен сүйлөшүүлөргө барууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG