Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Иранда дервиштердин ибадатканасы жок кылынды


Ирандын президенти Ахмединежад
Ирандын президенти Ахмединежад

Ирандын Исфахан шаарында Гонабади дервиштеринин сыйынуучу жайы бийликтер тарабынан буздурулганы кабарланууда. 18-февралга караган түнү орун алган буздуруунун себеби так белгилүү эмес, бирок кийинки кездери Иранда Ислам дининдеги Суфи же сопу салтын карманган дервиштерге кысым күч алганы маалым.

Дервиштердин бул сыйынуу жайы же Хусейни тарыхый Тахт-е Фулад көрүстөнүндө, улуу акын жана дервиш Насер Алининин сөөгү коюлган күмбөздүн жанында жайгашкан болчу.

Ушул жумада шейшембиде түн ортосунан оогон кезде бул жайга 200дөй коопсуздук кызматкери, тартип коргоочулар келди.

Буздурууга күбө болгон дервиштердин бири Абдол Сале Логмани "Азаттык" радиосуна буларды билдирди:

Алар үч булдозерди алып келишти, сууну, электр жарыгын кесип салышты. Күмбөздүн айланасындагы дубалды буздургандан башташты. Анан диний китептер сакталган китепкананы буздурушту. Биз дүйшөмбү, жума күнкү зыяпаттар, жекшембиде таңды тоскон жыйындарыбыз өткөн чоң бөлмөнү талкалатышты. Бардык килемдерди, башка мүлктү алып кетишти.

Күбөнүн айтымында, камакка алынган беш сопу буздуруу иши аяктагандан кийин бошотулду. Тартип коргоочулар ошондой эле хусейнинин бузулуп жатканын угуп келген дервиштердин тобун кууп таркатты.

Бул тууралуу угуп, Исфахандагы жана Ирандын башка шаарларындагы дервиштердин заманасы курулду:

Мустафа Азмаеш - суфизм боюнча бир нече китеп жазган, Ирандан сырткары жактардагы Гонабади дервиштеринин өкүлү. Ал биздин радиого хусейнилер дервиштер үчүн жаратканды эскере турган ыйык жер экендигин белгиледи.

2006-2008-жылдарда Ком, Боружерд, Киш шаарларында да сопулардын сыйынуу жайлары жок кылынган.

Азмаештин айтымында, дервиштерге ачык да, астыртадан да кысым күч алып жатат:

Бийликтер Гонабади дервиштеринин башкы көрүстөнү болгон Бейдохтко сөөк коюга болбойт деп жатат. Кээ бир дервиштер өлгөндөн кийин ушул жерде көмгүлө деген мурас калтырышкан, бирок Бейдохттун шаар бийликтери буга тыюу салды.

Дервиштер мамлекеттик кысымдын күч алышы менен катар өздөрүнүн таасири өсүп жаткандыгын айтышат. Алардын пикиринде, исламды азыркы бийликтердин өзү билгендей талдоосунан көңүлдөрү калган көптөгөн ирандыктар сабырдуураак мамилеге артыкчылык берип жатышат. Анын аралыгында, Иранда диний азчылыктардын абалы оорлоп барат:

"Мындай буздуруулар жана кысымга алуу Иранда диний азчылыктарга каршы кылмыштар орун алып жаткандыгын көрсөтөт", - дейт Азмейеш.

Укук коргоочулардын айтымында, Исламдык Иран жумуриятында диний эркиндиктер учурдагы президент Махмуд Ахмединежад мындан төр жылча мурда бийликке келгенден тартып айрыкча начарлап кетти.

XS
SM
MD
LG