Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Олигархтарды кризистен куткаруу мамлекеттин иши эмес


Борис Немцов
Борис Немцов

Айдын да бир жагы ак, бир жагы кара болгон сыңарында, экономикалык кризис иштин көзүн билбеген жетекчилерден арылып, экономикадагы эрежелерди жакшыртып, жаңыланууну киргизүүгө мүмкүндүк түзөт. Ушуга байланыштуу Орусиядагы кырдаалга белгилүү оппозиция өкүлү, өкмөт башчысынын мурдагы орун басары Борис Немцовдун комментарийин сунуш этебиз.

Жакында "Азаттыктын" орус кызматындагы тегерек стөл талкуусунда Борис Немцов Орусияда экономикалык кризис өзгөчө оор болуп жаткандыгы боюнча буларга токтолгон эле:

- Орус өкмөтү алгач рублды колдомокчу болгон эле, рубл 50 пайызга нарксызданды, натыйжада бардык баалар өсүп жатат. Экинчиден, монополияларды салык төлөөгө мажбурлоонун ордуна, алардын пайдасына тарифтерди көтөрүштү. Тарифтерди 27 жарым пайызга көтөрсө, коммуналдык кызматтар да ошончо кымбаттады. Эми социалдык салыкты 26дан 34 пайызга көтөргөнү жатышат.

Борис Немцов ошондой эле Путиндин өкмөтү жумушсуздарга же жардыларга эмес, капчыгы калың байларга жан тартып жатат деп ырастаган:

- Пенсия корун колдоп, бюжеттин тартыштыгын жабуунун ордуна, өкмөт олигархтарга жардам берүүнү чечти. Конкреттүү адамдарды атасам, Абдамович, Дерипаска, Богданчиков, Сечин, тизмеде банктар да бар. Өнөр-жайга карыз берсин деп банктарга 50 миллион бөлүндү эле, аны бүт долларга алмаштырып алышты.

Бийликтерге мына ушундай кине койгон оппозиция өкүлү өзү мүчө болгон "Солидарность" тобу азыркы өкмөттү таркатууну, анын ордуна техникалык кабинет куроону, ошондон кийин чынчыл шайлоо өткөрүүнү талап кылаарын, болбосо 2 жарым жылдын ичинде бүт өлкө кризистин сазына белчесинен батып калаарын билдирген.

Мына эми алгач "Ежедневный журнал" басылмасында жарык көргөн комментарийинде Борис Немцов бийликтердин олихархтардын көмөчүнө күл тартып жаткандыгын, өздөрү да кур калбаганын талдайт."Орусиянын олигархтарына социалдык жыргалчылык болбошу керек" деген аталыштагы макаласында ал Олег Дерипасканы мисалга тартат. Ага ылайык, аталган олигарх ВнешЭкономбанктан 4 жарым миллиард доллар карыз алган.

"Орусиянын Улуттук социалдык корунан бөлүнгөн бул каражат Дерипасканын РусАл же Норилск Никел ишканаларында өндүрүштү өстүрүүгө жумшалган жок, бул акча бүт бойдон анын Шотландиянын Роял Банкындагы карызын жабууга жумшалды. Ал эми мындай берешен жардамы үчүн Внешэкономбанк премьер-министр Путин өзү директорлор кеңешин жетектеген Норилск Никелдин акцияларынын 25 пайызын алды",- деп жазат Немцов.

Мындай операцияларды катардагы көз боемочулук жана кылмыш деп баалаган Немцов олихархтарга берилген жардамдан жумушчуларга эч кандай пайда жок экендигин, анткени өндүрүш өспөй тургандыгын, экономикада жаңылануу жоктугун белгилейт. Ал ошондой эле олигархтардан айырмаланып, орто жана чакан ишканаларга эч ким жардам көрсөтпөгөнүн сынга алат.

Анын пикиринде, эгер өкмөт олигархтардын ишканаларын сактабастан, алардын банкрот болушуна жол бергенде, ал ишканалардын башында турган ишке жарамсыз, бирок Путинге окшоп, мурда КГБда иштегендер кетип, жаңы иш билги жетекчилер келмек.

"Банкроттуктан коркпош керек, ликвидация болгондо ишканалар токтоп, жумуш орундары кыскарат. Банкроттук тескерисинче жумуш орундарын коргоонун цивилизациялуу жолу, ошондуктан биз иштин көзүн билбеген олигархтардын банкрот болушуна жол берүүнү жактайбыз" деп жазат оппозиция өкүлү.

XS
SM
MD
LG