Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:14

Талашка түшкөн тышкы саясат багыты


Кыргызстандын тышкы саясаты көп багыттуу же бир багыттуу болуусу керектиги тууралуу кыйладан бери талаш-тартыш жүрүп келатат.

Айрым Орусиячыл саясат талдоочулар, Кыргызстан үчүн көп багыттуу саясат жарабай турганын, Кыргызстан ким менен экенин тандоосу керектигин айтып келишсе, башкалары мындай саясаттын таптакыр туура эмес экендигин, Кыргызстан батыш өлкөлөрү, Орусия, АКШ менен да бирдей мамиле курушу зарылдыгын эскертишет. Бул маселе айрыкча АКШнын Кыргызстандагы аба базасы тууралуу сөз болгондо көбүрөөк козголууда.

Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу кеп болгондо ар качан террорчулукка каршы күрөшүү коалициясынын “Манас” аба базасы тууралуу да кеп козголо калат. Орусиячыл айрым саясат талдоочулардын айтымында, Кыргызстандын көп багыттуу саясат жүргүзөм дегени жаңылыштык жана өлкө тез арада ким тарапта экендигин тандоосу керек. Айрым талдоочулар мындай көрүнүштү Орусиянын империялык дымагынын күчөй баштаганы, мурда кол алдында болуп келген Борбор Азияда АКШнын аба базасы турушун каалабагандыктары жана аймакта кайрадан өз көзөмөлүн орнотууну каалап жатышы менен түшүндүрүшөт.

КМШ өлкөлөрү институтунун аймактык директору, саясий илимдердин доктору Александр Князевдин баамында, дегеле Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясатында көп багыттуулук деген болгон эмес жана бул өлкөлөргө мындай түшүнүк АКШ сыяктуу өлкөлөр тарабынан таңууланып келген. Ошондой эле анын айтымында, Борбор Азиядагы өлкөлөр Орусия менен 70 жыл СССР маалында чогуу болуп, андан мурда Орус падышачылыгы маалынан бери чогуу келгендиктен, ортодо жалпылыктар көп болгондуктан Орусияга ыктоосу керек.

Ал эми Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун айтымында, Кыргызстан тышкы саясатында болушунча ийкемдүү мамиле түзүп, көп багытуу саясат түзүүсү абзел:

- Биринчиден Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын жүргүзгөндө сөзсүз түрдө улуттук кызыкчылыкка таянышы керек. Анан ошону багытташ керек, бүгүн өлкөнүн улуттук кызыкчылыгынын түпкү маңызы кайсы жана анын келечеги кандай болот деген сыяктуу. Ошондуктан бизге биринчи кезекте эгемендүү өлкөбүздүн бекемделиши, өнүгүшү үчүн бизге коопсуздук керек. Аймактык коопсуздук жана өлкөбүздүн коопсуздугу. Ошондуктан биз АКШ, Кытай, Орусия сыяктуу ири державалар менен абдан акылдуу, ийкемдүү саясат жүргүзүшүбүз керек. Экинчиден коңшулар менен ушундай эле саясат жүргүзүшүбүз абзел.

Ошондой эле Бакыт Бешимовдун пикиринде, тышкы саясат тууралуу кеп болгондо АКШнын аба базасын өлкөдөн чыгаруу керектигин айтуу туура эмес. Анткени бул база Кыргызстандын эл аралык байланышын бекемдеп, ири мамлекеттер менен тең салмактуу жана бирдей мамиле куруусун шарттап, коопсуздукту да бекемдеп турат.

Ошентсе да бир катар саясатчылар АКШ базасынын Кыргызстанда турбаганы эле жакшы болорун айтышат.

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, кандай болгон күндө да Кыргызстандын тышкы саясаты көп багыттуу болгону оң, бирок АКШнын аба базасы сыяктуу чет өлкөлүк согуштук базалардын Кыргызстанда турушу өлкө коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн:

- Биз дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен өзүбүздүн тышкы саясатыбызды тең укукта жүргүзүшүбүз керек. Бир эле жакка багыт алуу, Азия мамлекеттери же Европа өлкөлөрү, АКШ же Орусия менен гана тыгыз ымалада болобуз дегенди ташташыбыз керек дагы көп багыттуу тышкы саясатты жүргүзүүбүз керек. Мына, азыр АКШнын бир генералы келип алардын аба базасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрөт окшойт. Менин пикиримде, Кыргызстандын аймагында башка өлкөлөрдүн согуштук базалары дегеле болбошу керек. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берет. Анткени биз ошол базалардын айынан барымтада калып калышыбыз мүмкүн. Мен согуштук базаларга каршымын.

Ошондой эле байкоочулар, Кыргызстанда Орусиянын да аскердик базасы болгону өлкөнүн тышкы саясатта абдан аяр, ийкемдүү болушун талап кыларын, андыктан эки базанын бирин дароо эле кет деп чыгуу олуттуу ката болорун айтышат. Өлкө ирденип, тыңып алгандан кийин бул эки базаны тең Кыргызстандан чыгаруу маселеси өзү эле көтөрүлөрүн, бирок азыр ага эртелик кыларын айтышат.

XS
SM
MD
LG