Александр Брагинди 29-декабрда Орусиянын ички иштер министрлигинин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү департаментинин кызматкерлери камакка алышты.
Анын күнөөсү – экономикалык кризис Ульяновскиге тийгизген таасири жөнүндө макала жазганы.
Ал макала дүйшөмбүдө Орусиянын Элдик Демократиялык Союзу аттуу оппозициячыл партиянын интернеттеги баракчасында басылган. Бул партияны Орусиянын мурдагы премьер-министри, азыркы оппозиционер Михаил Касьянов жетектейт. Макаланын автору Александр Брагин болсо - аталган партиянын Ульяновск облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы.
М.Касьяновдун кеңешчиси Елена Дикун «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, милиция Брагинди «облустун имиджине зыян келтиргени үчүн» кармаганын айтканын билдирди. «Брагин партиянын сайтында азыркы экономикалык кризис учурунда Ульяновскидеги социалдык-экономикалык абал тууралуу макаласын жарыялаган, - дейт Дикун. - Терроризм жана экстремизмге каршы бөлүмүнүн кызматкерлери ал облустун имиджине терс таасир этет деп, макаланын сайттан алынышын талап кылышууда».
Бирок Дикун милициянын талабын партия аткарбайт деп билдирди. «Бул макалада эч кандай ушак айтылган эмес. Жумушсуздуктун жогорулап жатканы, айлык акылар төлөнбөй, кымбатчылык болуп жатканы жөнүндө жалаң гана фактылар берилген. Аларды жокко чыгарган далилдер айтылбады. Ошондуктан, албетте, макала партиянын сайтынан алынбайт. Адам чындыкты жазганы үчүн аны камап жатышканына биз аябай ачууланып турабыз», - деди Элена Дикун.
Брагиндин камалышы ушул учурда орус жетекчилиги экономикалык кризис маалында айласы кетип жатканын көрсөткөндөй болду. Орус акчасы рубль августтан бери мунайдын арзандап кеткенинен жана глобалдык каржы кризисинен улам өз күчүн 20% жоготту. Дүйшөмбүдө рублдун еврого карата курсу алгачкы ирет эң төмөн деңгээлине түштү, ал эми АКШ долларына карата 2004-жылдан берки эң төмөн делген көрсөткүчүнө жетти.
Ушул айда Орусиянын бир катар шаарларында экономикалык кризистин айынан нааразылык акциялар өттү. Кремлде болсо антикризистик пландын үстүнөн кызуу талкуулар болуп, өкмөттө да ага карата бир жактуу позиция калыптана электигин көрсөттү.
Дүйшөмбүдө Москвада өкмөттүн быйылкы акыркы жыйынында сүйлөп жатып, өлкө президенти Дмитрий Медведев орус өкмөт мүчөлөрүн биримдүүлүккө чакырды. «Биз ар кайсыл маселеге карата түрдүү ойдо болушубуз мүмкүн, - деди ал. – Бирок бүгүнкүдөй глобалдык кризис учурунда өкмөттүн биримдиги зарыл».
Премьер-министр Владимир Путин да каржылык туңгуюктан чыгууда «командалык биримдик» болушу зарылдыгына басым жасады. «Татаал шаартта иш кылуу адамдын көңүлүн чөктүрбөстөн, кайрадан жигерди күчөтүшү керек, - деп билдирди ал. - Бул – чоң чакырык эле эмес, өзүбүздүн колдон эмне келээрин көрсөткөнгө, өзүбүздүн профессионалдык сапаттарыбызды иште колдонууга да жакшы мүмкүнчүлүк».
Жыйындын соңунда Путин журналисттерге «азыр мамлекет экономикалык оор абалда турганда коомдун кыйынчылыктары менен ойнобой, адамдардагы коркунучту андан бетер күчөтпөгөнгө» чакырды.
Орусиянын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Татьяна Голикованын айтымында, келерки жылы мамлекетте жумушсуздардын саны эки миллиондон ашышы мүмкүн. Быйыл ноябрда бир миллиондон ашуун адам жумушсуз деп айтылган.