Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Зеленский Украина бир түндө 370 дрон жана 21 ракета менен аткыланганын айтты


Киев. 2026-жылдын 24-январы.
Киев. 2026-жылдын 24-январы.

24-январга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 370 согуштук дрон жана 21 ракета менен чабуул койгонун өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, бул жолу да жапырт аткылоонун бутасы борбор калаанын энергетика тармагы болду.

"Киев шаары жана облусу, Сумщина, Харьковщина, Черниговщина сокку алдында калышты. Харьковдо турак үйлөр жабыркады, убактылуу көчүп барган адамдар жашап жаткан жатакана, медицина коллежи зыянга учурады. Азыркы тапка карата ондогон адам жараат алганы тууралуу маалымат бар, алардын арасында балдар да бар экени кабарланууда. Борбор калаада орусиялыктар энергетика объектилерин бутага алышты", - деди ал.

Киев шаардык аскердик администрация башчысы Тимур Ткаченко бир кишинин өмүрү кыйылганын, төрт киши түрдүү жараат алганын кабарлады.

Киевдин мэри Виталий Кличко билдиргендей, орус аскерлеринин аткылоосунан жайкын тургундар үчүн эң маанилүү болгон инфраструктура зыянга учурады.

"Борбор калаада кайрадан дээрлик 6 миңдей үй жылуулуксуз калды. Алардын көбү буга чейин эки жолу, 9-январда жана 20-январда жылуулук энергиясына кайрадан кошулган же кошулуу аракеттери жүрүп жаткандар", — деди Кличко.

Анын айтымында, суу менен камсыздоодо да көйгөй жаралууда.

Харьков шаарында чабуул ишембиге караган түнү 2,5 саат бою уланганын, жалпысынан Орусия бул аймакка "Шахед" согуштук дрондорунан 25ти учурганын мэр Игорь Терехов кабарлады. Соңку маалымат боюнча, бул калаада кеминде 19 киши жараат алды, айрым жерлерде үйлөр талкаланды, зыян тарткан имараттар арасында төрөт үйү жана оорукана бар. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG