Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

КҮБӨЛӨР: ЗИЛЗАЛА ЖАМАН ТҮШТӨЙ БИР ЗАМАТТА БАСЫП КАЛДЫ


Жанарбек Акаев, Ош 5-октябрда түнүндө саат 11ге жакын Кыргызстандын түштүгүндө катуу жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Алай районунун Нура айылына жакын жерде болуп, күчү 8 баллга жеткен. Алдын-ала маалыматтарга караганда, бул табият кырсыгынан аталган айылдын 72 тургуну мерт кеткен. “Азаттык” үналгысынын Ош дубаны боюнча кабарчысы Жанарбек Акаев зилзала орун алган айылда болду. Ж.Акаев кабарчыбыз Төрөкул Дооров менен дүйшөмбүдө кечки саат 8де байланышып, акыркы маалымат менен бөлүшкөн.

Жанарбек Акаев: -Нура айылына кирип келгенибизге бир саат убакыт болду. Бул жерде чындыгында абал өтө оор. Ош облусунун губернатору Аалы Карашевдин бизге берген маалыматы боюнча жалпысынан 74 адам каза таап, Нура айылында 124 үй толугу менен кыйраган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда 20га жакын чатыр тиккен, бирок көңүл бурулбай калган тургундар аз эмес. Аман калгандар жылуу кийимдерин кийип, от жагып, сыртта чогулуп отурушат. Азыр эле биздин алдыбызда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эки адамды урандылардан таап чыгышты. Облустан жана райондордон келген казы-молдолор каза тапкандарды эртең акыркы сапарга узатууга даярданып жатышат. Эртең президент Бакиевдин дагы келери күтүлүүдө. Нурага келчү кан жолу бузулган, тоодон чоң таштар кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Төрөкул Дооров: -Жанарбек, гуманитардык жардам тууралуу эмне белгилүү болду? Ал жерге жардамдар барып жатабы?

Жанарбек Акаев: -Азыр бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев жана облус губернатору Аалы Карашев жүрүшөт. Азык-түлүк жана чатырларды алып келдик дешти, 50гө жакын чатыр келген экен. Бирок Нура айылынын тургундары бул жардамдарга көп деле көңүл бурушкан жок.

Мен азыр урап түшкөн үйлөрдү көрүп турам, менимче, андан аман калуу деле мүмкүн эмес болчу. 74 адам каза тапса, анын 34ү жети жашка чейинки балдар экен. Дагы он бир окуучу мерт кеткен деп айтып жатышат. Каза болгондордун көпчүлүгү кары-картаңдар жана жашы жете элек балдар экен. Кечээ өткөн шайлоонун жыйынтыктарын эсептеп, мектеп жана жаңыдан эле курулуп бүткөн ооруканада болгондор аман калган экен. Эми, келген жардамдардын бардыгы ошол жерге түшүрүлүп жатат. Калган үйлөр айыл боюнча кулап калган.

Нура айылында жаракат алгандардын айырм бир тобу жакын жердеги Сары-Таш айылындагы ооруканага жеткирилип жатат. Ал жерге өзүнүн жарадар кызын алып келген Бурулкан эже “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мен Сары-Таш айыл өкмөтүнө Замирбек кызы Наргиза аттуу кызымды алып келип, ушул жерде дарылантып атам. Биз Нура айылында жашайт элек. Кызымдын абалы оор. Сары-Ташка түнкү саат 2лерде келдик.

Төрөкул Дооров: - Кырсыктын күбөсү катары бул тууралуу бизге айтып берсеңиз?

- Биз эми уйкуга кирдик эле. Түш көргөн сыяктуу эле келип, мындай термелтпей эле келип, качырып келип эле басып калды бизди. Нура айылында түм бүтүн үйлөр жок. Айылда эки жүздөн ашык адам жашайт элек.

Төрөкул Дооров: Азыр кызыңыздын абалы кандай?

- Жакшы эле, дарыгерлердин кароосунда.

Төрөкул Дооров: Бардыгы жакшы болот деп үмүттөнөбүз.

- Рахмат силерге.

Төрөкул Дооров: - Ал эми Сары-Таш ооруканасынын дарыгери Бактыгүл эже ал жерге түшүп жаткандар тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Биз Алай райондук борбордук ооруканадан жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан келип, дарыгерлер топ-топко бөлүнүп алып, жаракат алгандарды карап жатабыз. Аларга керектүү медициналык жардамды көрсөтүүдөбүз.

Төрөкул Дооров: - Силердин ооруканаңарга канча адам келип түштү?

- 12 адам келди. Негизинен Сары-Таштагы ооруканага жеткирилип жатат. Калгандарын тик учак менен облустук ооруканага алып кетишкен экен. Бизге келгендердин экөө оор абалда экен. Аларга зарыл болгон жардам берилип, азыр абалдары дурус.

Төрөкул Дооров: - Силерге эртеден бери медициналык колдоолор келип түштүбү?

- Негизинен жардамды Нура айылына алып кетишүүдө. Биздин райондук-борбордук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна дары-дармектер жетиштүү. Азырынча биз эч нерсеге зар болгон жокпуз. Тамак-аш азырынча келе элек. Нура айылына алып кетсе керек, менде бул тууралуу азырынча маалымат жок.

Төрөкул Дооров: -Силер зилзала орун алган айылга жакын жерде жайгашкан экенсиздер, өзүңүздөр сездиңиздерби?

- Бизде үч жолу катуу силкинди. Биринчиси бардыгынан катуу болду. Күбөлөрдүн айтымында, жер биринчи жолу силкингенде эле Нура айылы жер менен жексен болгон. Беш гана үй аман калган экен. Ал эми жардамды шайлоо штабында отургандар көрсөткөн. Алар өздөрүнө жакын жайгашкан үйлөрдөн адамдарды алып чыкканга үлгүрүшкөн. Ал эми алыс аралыкта жайгашкандарга жардам кеч жетип, аман алып чыга алышпай калган. Жаракат алгандарга карганда каза тапкандар көбүрөк.

Жанарбек Акаев: Азыр Сары-Таш айыл өкмөтүнүн ооруканасына дагы бир тез жардам келди. Ичинде Нура айылынын тургундары оор абалда жеткирилип, аларга дарыгерлер жардам көрсөтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG