Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:58

АДАБИЯТ ЖАНА КӨРКӨМ ӨНӨР ЧЫГААНДАРЫНА ПРЕЗИДЕНТТИН СЫЙЛЫГЫ БЕРИЛЕТ


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын деректири Надырбек Турганбаев Женевада жайгашкан интеллектуалдык менчик боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун баш деректири Фрэнсисэ Гари менен жүргүзгөн сүйлөшүүсү, Кыргызстандын Президентинин көркөм өнөр жана адабият боюнча атайын сыйлыгын уюштуруп жатышкандыгы жөнүндө айтып берди.

- Надырбек Турганбаевич, сиз жакында Женевага – интеллектуалдык менчик боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмуна атайын иш сапар менен барып келдиңиз. Оболу ошол иш сапарыңыз жөнүндө кеп кылсаңыз?

- Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунда чоң жаңылык болду – анын жаңы башкы деректири шайланды. Ал кызматка азыр Австралия өкмөтү көрсөткөн Франсисэ Гари деген адам келди.

- Мурда кайда иштеген экен а киши?

- Мурунку баш деректирдин орунбасары болчу. Ушул тармакта болсо 23 жылдан бери иштеп келатыптыр.

- Надырбек Турганбаевич, ошол интеллектуалдык менчик боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун жаңы баш деректири Фрэнсисэ Гари мырза сизди жеке кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүпсүздөр. Негизги сөз эмне жөнүндө болду?

- 2002-жылдан бери Кыргыз өкмөтү менен ВОИС (интеллектуалдык менчик боюнча бүткүл дүйнөлүк уюм) эки тараптуу кабыл алган келишимдин негизинде иштешип келет. Ошол келишимдин алкагында июнь айында мурунку баш деректир келип кеткен эле. Өкмөт башчыбыз менен жолугушканда Кыргызстандын интеллектуалдык менчигин өнүктүрүү боюнча техникалык жардам берүүгө убада кылган. Жаңы башкы деректир Фрэнсисэ Гари мырза менен да ошол техникалык жардам жөнүндө сөз кылдык. А киши тездеттирип берем деди.

- Ошол техникалык жардам туурасында түшүндүрмөлөп айтып берсеңиз?

- Ал эки бөлүктөн турат. Биринчиси, электрондук китепканаларды түзүү. Кыргызстан боюнча 65 китепканабыз бар. Келе турган техникалык жабдуулардын жардамы менен ошол базада баарысы интернетке кошулган электрондук китепканалар түзүлмөкчү. Ошондо патентке байланыштуу маалыматтардын баарысын Кыргызстандын көп жеринен алууга мүмкүндүк ачылат. Ойлоп табуучулар Бишкекке же облустук борборлорго келип олтурбай эле, жер-жерден биз менен иштеше алышат. Техникалык жардамдын экинчи бөлүгү Кыргызстандын интеллектуалдык менчигинин системасын автоматташтырууну камсыздайт.

- Бул техникалык жардам канча мөөнөттө келиши мүмкүн?

- Келерки жылдын экинчи жарымында алып калабыз деген үмүт бар.

- Надырбек Турганбаевич, ал эми кошуна мамлекеттерде, маселен, Казакстанда, Өзбекстанда интеллектуалдык менчик иштеринин деңгээли кандай Кыргызстанга салыштырганда?

- Интеллектуалдык менчик боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун мурдагы деректири да Кыргызстанга эки ирет келген. Азыркысы дагы келе турган болууда. Борбор Азия регионунда заманбап иш жүргүзгөн, ыкчамыраак өнүгүү үстүндө бараткан силер болуудасыңар деп дайым айтышат. Ошондон эле боолголосок болот ко. Мен болсо кечеки сүйлөшүүдө дагы бир маселени алардын алдына койдум – ВОИСтин академиясынын филиалын ачалы Кыргызстанда деп. Жалпы Борбор Азия региону үчүн.

- Надырбек Турганбаевич, билинбеген менен Кыргызпатентте кыйла басылмалар чыгат. Быйылкы жаңылыгыңыздар кайсылар бул багыттагы?

- Жазуучулар жөнүндө өзүнчө, художниктер жөнүндө өзүнчө, композиторлор жөнүндө өзүнчө, ойлоп табуучулар жөнүндө өзүнчө маалымдама китептерди чыгарып жатабыз. Чоң китептер. Соңку муундар рухий дөөлөт ээлерин билбей баратышат. Ошон үчүн өтө керек.

Сөз кыябы келгенде айта кетейин. Президент Курманбек Салиевичтин тапшырмасы боюнча, адабият менен көркөм өнөрдүн эң мыкты жаратуучулары үчүн Президенттин сыйлыгын уюштуруп жатабыз. Президенттин сыйлыгы эки жылда бир жолу экиден кишиге берилет. Диплому, төш белгиси, анан 50 000 сом акчасы бар! Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык деле ушундай суммада да. Теңеп койдук.

- Ошол Президенттин сыйлыгына кимдер татыктуу экендиги кандай аныкталат?

- Бизде – Кыргызпатентте өзүнчө комиссия, Президент администрациясында өзүнчө комиссия карап, анан сунушту Президентке киргизишет.

- А ошол Президенттин сыйлыгын уюштуруу иши азыр кайсы этапта турат? Качан жарыя болот дегеним?

- Азыр өкмөттө. Министрликтердин макулдугу алынып жатат. 27-октябрда төрт китептин жүз ачарын өткөрөбүз дебедимби, тездеп кетсе, ошондо деле алгачкы сыйлыктар берилип калышы мүмкүн.

- Ырахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG