Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

“АТА МЕКЕНДИН” НАРЫНДАГЫ КЕҢСЕСИ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАБЫЛДЫ?


“Ата Мекен” партиясынын Нарын шаардык уюмунун кеңсеси кечээ милиция жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызмактерлери тарабынан текшерүүгө алынып, жабылганы кабарланууда. Партия жетекчилиги бул окуяны саясий кысым катары баалап жатышат. Облустук милиция болсо партия кеңсесинин текшерүүгө алынышын мамлекеттик түзүлүшкө, баш мыйзамга каршы чакырыктары бар баракчалардын табылышы менен байланыштырууда.

“Ата Мекен” партиясынын маалыматына караганда, кечээ түш ченде партиянын Нарын шаардык кеңсеси эч себепсиз эле текшерүүгө алынган жана бул тууралуу эч кандай түшүндүрмө берилген эмес. Бул тууралуу партиянын баш кеңсесинин жооптуу өкүлү Алманбет Шыкмаматов билдирди:

- Биздин партиялык уюмдун кеңсесине улуттук коопсуздук кызматы менен милициянын кызматкерлери келишип, компьютерлерди жана документтерди алып кетишиптир. Алар мындай аракетин эмне үчүн, кандай максатта жасап жатышканын айтышкан эмес.

Алманбет Шыкмаматов ошондой эле бул окуя болгон учурда кеңсенин башчысы Кенжекан Сатыбалдиева Бишкекте болгонун кошумчалады. Партия мүчөлөрүнүн бири Таалайкүл Жумабекова капыстан кеңсеге жумуштап кире калып, ушул окуянын үстүнөн чыкканын “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Мен түшкү саат экилерде кеңсеге жумуштап кире калсам милиция кийимчен бир топ бейтааныш кишилер жүрүптүр. Биздин партиядан бир гана Элдар деген бала бар бекен. Мен эмне кылып жүрөсүңөр деп сурасам, мени чыртка чыгып туруңуз деп, чыгарып коюшту. Мен кеңседен арыраак барып калганда алардын компьютерди алып кетип жатканын көрүп калдым...

Партиянын жооптуу өкүлү Алманбет Шыкмаматовдун айтымында, бул окуяны партия жетекчилиги саясий кысым катары баалоодо, анткени партияны текшерүүгө эч кандай негиз жок болчу.

Облус жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышканыбызда мындай окуядан кабары жок экенин билдиришти:

- Мен бул тууралуу билбейт экемин. Мага да бирөөлөр интернетке ушундай маалымат чыгыптыр деп айтышты... Эми бизде элдин баары эле саясатчы болуп кетпедиби. Эми ушул жергиликтүү кеңештерге шайлоодон да пиар жасайбыз деп жатабы, билбейм. Андай кысымдар жасалып жатат дегенге да кошулбайм, эч кимдин иши деле жок азыр. Жада калса “Ата Мекенден” бул шайлоого канча киши чыкканын деле билбейм, - деп билдирди “Азаттыкка” облус губернатору Өмүрбек Суваналиев.

Ошентип партия кенсесинин жабылышынын себептери белгисиз болуп жаткан учурда, кечээ кечинде облустук милиция жетекчилиги кеңседен мамлекеттик түзүлүшкө каршы үндөгөн баракчалардын табылганын айтып чыкты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурлан Темирбаевдин “Азаттыкка” билдришинче, мунун алдында шаардын базарынан революциялык комитетке таандык мындай баракчалардан 80 даана табылган. Андан ары алдын ала маалыматтарга таянган милиция кызматркелери партиянын кеңсесин текешерүүгө алышкан:

- “Ата Мекендин” шаардык кеңсесинен 147 ошондой баракча табылды. Биз анан компьютерди жана принтерди алдык, баракчалар ушул жерден чыгарылган-чыгарылбаганына экспертиза жүргүзгөнү.

Облустук милиция башчысынын айтымында, бул баракчаларга эми тергөө органдары өз баасын бериши керек.

Партиянын жооптуу өкүлү Алманбет Шыкмаматов болсо мурдагы баш прокурор, экс-депутат Азимбек Бекназаров баштаган революциялык комитетке тиешелүү баракчалар кеңседе болуп калышы мүмкүндүгүн, аны ошол комитеттин өкүлдөрү таштап коюшу ыктымалдыгын айтып, бирок партия андай баракчаларды таратуу тууралуу көрсөтмө бербегенин белгилейт. “Ата Мекендин” жооптуу өкүлүнүн айтымында, бул окуялар териштирилген соң, бул боюнча партия атайын билдирүүлөр менен чыкмакчы.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG