Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

ӨЗБЕКСТАНДЫК МУРДАГЫ ТЫҢЧЫ БИЛГЕН СЫРЛАРЫН АЧЫКТАДЫ


Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Анжиян окуясы учурунда адамдарды кырууга жеке өзү буйрук бергени үчүн президент Ислам Каримовду айыптоодо. Кезинде мамлекет башчысына тикелей отчет жазып турган мурдагы майор Икром Якубов бир нече ай бою четте жашырынып жүргөн соң саясий башпаанек суроо үчүн эми Британияга келди. Ал Ташкент менен Бухарада 2004-жылдын жазында болгон бомба жардыруулардын артында өзбек өкмөтү өзү турган, Өзбекстан Ислам кыймылы деген уюм да президент Ислам Каримовдун көрсөтмөсү боюнча түзүлгөн деп эсептейт. Икром Якубов көргөн-билгендери тууралуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчыларына да айтып берген.

Икром Якубов он жылга жакын убакыт Өзбекстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын офицери, эки жылча Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин мүчөсү болгон. Бул мекеме менен кызматташтыгы Ташкент Мамлекеттик университетинин студенти кезинде эле башталган.

2002–жылдын башында коопсуздук кызматынын эл аралык уюмдарга, диссиденттерге, басма сөзгө байкоо жүргүзгөн "маалымат коопсуздугу" боюнча атайын бөлүмүн жетектөөгө көтөрүлүп, тикелей президент Ислам Каримовдун өзүнө отчет жазып турган.

2004-жылы ушундай эле вазийпаны аркалоо үчүн Басма сөз жана маалымат боюнча агенттикке которулган. Акыр аягында Стратегиялык жана регионалдык изилдөөлөр боюнча өкмөттүк институттагы кызматынан кол жууп, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушуна Икром Якубовдун айтымында, ал отчетторун сынчыл маанайда жазууну токтотпогону түрткү берди.

Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген офицерден өлкөдөн качып кетүү керектиги, болбосо камалары жөнүндө эскертүүнү алгач былтыр февраль айында алган. Ошол жылы жазда адам укугун коргоочу уюмга котормочу катары кошулуп, Лондонго жеткен. Андан соң башка өлкөгө кетип, кайра Британияга быйыл 1-сентябрда гана кайтып келди:

- Мен Ислам Каримовдун өкмөтүндө иштеген кезимде көптөгөн мыйзамсыз иштерге, төө чачты тик турдурган көрүнүштөргө күбө болдум, алар адамдарга каршы кылмыш иштерин кантип ойлоп табышканын, адамдарды, жөнөкөй адамдарды, исламдын жолдоочуларын кантип өлтүрүшкөнүн, эл арасында коркунуч сезимин кантип жаратышканын өз көзүм менен көрдүм. Мен да ошол үрөй учурган саясаттын бир аспабы болдум.

Икром Якубов "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчыларынын көңүлүн алгач быйыл июль айында бурду. Өзүн коопсуздук кызматынын мурдагы офицери деп ырастаган макаласын эмигранттардын интернет сайтына жашыруун ат менен жарыялаган.

Адегенде Якубов телефондон гана анонимдүү жагдайда интервью берүүгө макул болуп, нукура ысымын июль айынын орто ченинде, жакын тууганы белгисиз жагдайда автокырсыктан каза тапкандан кийин гана ачыктады. Кийинчерээк бекинип жаткан өлкөсүнөн "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчыларына жолукту:

- Балким менин үй-бүлөмө, үй-бүлө мүчөлөрүнө, мени окуткан, Каримовго иштөөгө сунуш кылган мугалимдериме өтө кыйын болот. Мен билем, алар үчүн өтө оор болот. Бирок бул - менин тагдырым, бул - менин чечимим. Мен Каримовдун мыйзамсыз бийлиги жөнүндө чындыкты айтууну чечтим. Эч ким мени токтото албайт.

Ал Анжиян кыргыны жөнүндө эмне дейт?

"Азаттык жана Эркин Европа радиосунун кабарчылары менен сүйлөшүүлөрүндө Икром Якубов президент Каримодун дарегине башка олуттуу айыптоолорду да айтты жана маалыматтары ошол окуяларга түздөн-түз тартылган расмий өкүлдөрдөн алынганын билдирди.

Маселен Якубовдун ырастоосунда, анын Анжиян кыргыны жөнүндөгү малыматы СНБнын 2005-жылдын 13-майындагы ошол окуяга түздөн-түз катышы бар офицеринен алынган. Ал маалыматка караганда, Анжиянда бир жарым миңден ашуун адам мерт болгон. Бул укук коргоочулардын эсебинен эки эсеге көптүк кылат. Ал эми элге президент Каримовдун жеке көрсөтмөсү боюнча ок ачкандар - мурдагы тажик полковниги Махмуд Худайбердиевдин карамагындагы күчтөр. Махмуд Худайбердиев жана анын күчтөрү Ислам Каримовду жана анын кыздарын коргоочу элиталык топко кирет.

Өзбек бийлигинин дарегине Икрам Якубовдукуна окшогон айыптоолор буга чейин активисттер, диссиденттер, Британиянын Ташкенттеги мурдагы элчиси Крейг Мюррей (Сraig Murray) өңдүү режимдин чет элдик сынчылары тарабынан айтылып келинген эле. Бирок Якубов режимдин ичинде иштегени анын маалыматына чоң ишеним жаратууда.

Британиялык экс дипломат Крейг Мюррей өзбекстандык экс тыңчынын айткандары буга чейин эле белгилүү болгон нерселерге кошумча далил деп эсептейт бирок анын айыптоолорун баалоодо этият болууну сунуш кылат:

- Өзбекстан өтө ириген коом. Бул жерде бир эле эмес кош катар иштеген тыңчылар, эки жак үчүн тең ойноп, маалымат берген адамдар бар. Андыктан Якубовдун малыматы канчалык нукура, кызыктуу көрүнгөнү менен биз ар убак бир аз этият болушубуз керек.

Өзбек, орус тилдерине гана эмес англис тилинде да эркин сүйлөгөн Якубов эки жакка иштеген тыңчы, атайы киргизилген адам экенин жоко чыгарат. Анын айтымында, болгону режим туураалуу чындыкты ачыкка чыгарууну көздөөдө.

Ташкент, Бухарадагы жардыруулар артында өзбек өкмөтү өзү турганбы?

Якубовдун сөзүнө караганда, ал Улуттук коопсуздук кызматынын "маалымат коопсуздугу" менен алектенген атайын бөлүмүн башкарып турган кезинде жазган акыркы отчету 2004-жылдын жазында Ташкент менен Бухарада орун алган жардырууларга байланыштуу эле. Анда расмий эсеп боюнча 47 киши каза тапкан эле. Өзбек өкмөтү бул жардыруулар үчүн Өзбекстан Ислам кыймылын жана "Хизб-ут-Тахрир" уюмун айыптаган болчу. Бирок мурдагы тыңчы Якубовдун ырастоосунда ал ошол окуяга түздөн-түз тартылган офицер менен сүйлөшкөндөн кийин ал жардырууларды өкмөт өзү даярдаган деген тыянакка келген.

Мындай тыянак менен Британиянын Өзбекстандагы ошол кездеги элчиси Крейг Мюррей да макул. Экс дипломат учурунда Ташкенттин бомба жардыруулар орун алган жерлерине барып, иликтөө жүргүзгөн. Кийинчерээк алар тууралуу өзүнүн "Самарканддагы өлтүрүү" аттуу китебинде жазган:

- Мен Лондонго бул жерде оппозицияны басуу жана куугунтуктоону актоо үчүн өзбек өкмөт тарабынан "жалган желек" алдындагы жардыруулар ишке ашырылды деп шек санап жаткандыгым тууралуу жазгам. Бул биздин тыянактар тууралуу британ элчилигинин расмий отчету болгон. Якубовдун айткандары мен жеке өзүм жеринен күбө болгон буюмдук далилдерди ырастап жаткандай.

Өзбекстан Ислам кыймылы жана Акрамия жөнүндө

Экс тыңчы Икром Якубов экстремистчил делген уюмдарды жана алардын лидерлери, анын ичинде Өзбектан Ислам кыймылынын жолбашчысы делген Тахир Юлдаш, "Акрамия" кыймылынын диний жолбашчысы делген Акрам Юлдаш сыяктуу адамдарды өзбек режими өзү чыгарганын белгилейт:

- Акрам Юлдаш, Тахир Юлдаш атайы СНБ тарабынан атайы өстүрүлгөн адамдар. Анткени минтип ойлоого менде жетиштүү далилдер бар. Өзбекстан Ислам кыймылы да Каримовдун көрсөтмөсүнө ылайык СНБ тарабынан түзүлгөн. Тахир Юлдаштын Каримов менен тыгыз байланышы бар жана Тахир Юлдаш Каримовдун буюруктарын аткарат.

Икрам Якубов кошумчалагандай, ал кезинде Өзбекстан Ислам кыймылына жеке көзөмөл орнотуу үчүн Тахир Юлдаш Жума Наманганини өлтүргөнү жөнүндө баяндалган жана президент Каримовго даректелген жашыруун кагаздарды көргөн.

Жума Намангани, кабарларга караганда, Ооганстанда 2001-жылы АКШнын талибдерди бийликтен кулатууга багытталган аскерий операциясы учурунда мерт болгон, бирок анын сөөгү табыла элек.

Тахир Юлдаш, маалыматтар боюнча, азыр Пакистандын уруулар жашаган аймактарында жана талибанчыл күчтөрдү колдогон, бирок саны белгисиз топту жетектейт. Өзбек бийлиги уюму Андижандагы тополоңдун артында турат деп эсептеген Акрам Юлдаш 1999-жылы террорчулукта айыпталып, түрмөгө түшкөн.

Ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамов мурдагы тыңчы Икром Якубовдун айыптоолорун "Азаттыктын" өзбек кызматындагы маегинде мындайча комментарийледи:

- Ал мамлекет сырларын билиши мүмкүн, бирок өтө жашыруун сырлардан кабардар болгонунан шегим бар. Айткандарына 100 пайыз ишениш кыйын, анткени адам ыза тартканда бир аз көбүртүп-жабыртып жиберет. Бирок ошол чөйрөдө иштеген бала, атасы да, чоң атасы мамлекеттик коопсуздук кызматында иштеген, ошол системаны жакшы билет.

Икром Якубовдун өзбек бийлигинин дарегине башка айыптоолору да бар

Маселен ал 2004-жылдын январь айында БУУнун өнүтүрүү програмасы - ПРООНдун ошол кездеги өкүлү Ричард Конрой авиакырсыктан мерт болушунун артында да өзбек өкмөтү турган деп эсептейт. Анда Ташкент аэроптортунда кадимки каттамды аткарып жаткан ЯК-40 учагы кыйраган эле.

Ушундай эле шек саноосун өз китебинде Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Крейг Мюррей да билдирген болчу. Икром Якубовдун айтымында, ал ошол кырсыктын башкы тергөөчүсү менен сүйлөшкөндө, ал БУУнун өкүлүндө өзбек бийликтеринин баңги соодага тартылганы тууралуу маалымат болгондугун билдирген.

Икром Якубов ошондой эле анда өзбек өкмөтү аялдарды чет өлкөлөргө сойкулукка сатуу иштерине аралашканынын күбөлөндүргөн документтер бар экенин да айтат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG