Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

АБАКТАРГА КООМДУК КӨЗӨМӨЛ КИРГИЗҮҮ ЗАРЫЛБЫ?


Соңку убакта Кыргызстандын айрым жаза өтөө мекмелеринде баш-аламандыктар чыгып, адам өлүмү менен коштолгону белгилүү. Кечээ (29-август) өткөрүлгөн “Жаза өтөө мекемелеринде көз карандысыз иликтөө жүргүзүү: мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташтыгы” деп аталган талкууда мындай баш-аламандыктардын чыгуу себептери, абактардагы абал жана жаза өтөө мекемелерине коомдук көзөмөлдү киргизүү зарылдыгы тууралуу сөз болду.

Бул жыйында негизинен жаза өтөө мекмелерине коомдук көзөмөл киргизүү боюнча жаза аткаруу кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизген мыйзам долбоору талкууга алынды. Юстиция министринин алдындагы Жаза аткаруу мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Эрнст Исаев абактардагы азыркы абал боюнча сөз кылып жатып, министр Марат Кайыповдун кадрдык саясатын сынга алып кетти:

-Кадрдык маселе боюнча менде азыр жетекчи катары эч кандай укугум жок. Бүт бойдон министр Марат Кайыпов дайындайт. Мындай дайындоолор 16-колонияда баш-аламандык чыгышына алып келди. Мен өз командам менен бул колониянын башчылыгына Жаныбековдун дайындалышына каршы болгонбуз. Себеби биз анын деңгээлин билгенбиз. Ал дайындалгандан эки айдан кийин 16-колонияда инцидент чыгып, мен эки кызматкеримден айрылдым...

Эрнcт Исаев министр Кайыповдун дарегине дагы бир катар сын-пикирлерди айткан соң залда отургандар бул ички маселени коомчулук алдында эмес өз алдынча чечип алуу зарылдыгын белгилешип, талкуунун негизги темасына кайрылып келүүгө чакырды.

Ошентип абактарга коомдук көзөмөл боюнча сөз уланып, укук коргоочулар анын зарылдыгын белгилешсе, айрымдар буга каршы экенин билдиришти. Юстиция министри Сергей Зубовдун пикиринде, азырынча коомдук көзөмөл киргизүү эрте:

- Коомдук уюмдар бизге дайыма келишип, абактардагы абалды иликтеп турушат. Биз ага каршы эмеспиз. Бирок алар жаза аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү менен каалаган убакта абактарга кирип көзөмөл жүргүзүү маселесин козгоп жатышат. Алар каалаган убакта, күндүзү же түндүн бир оокумунда келип алып эле абактарга көзөмөл жасайбыз десе кандай болот? Алардын коопсуздугун камсыздоо деген да маселе бар да. Менимче азырынча буга эрте, убактысы келгенде балким бул маселеге кайрылсак болот.

Ошол эле учурда укук оргоочулар коомдук көзөмөлгө азыр эрте дегенге кошулбайт. Укуктук эксперт Абдыкерим Аширов мындай көзөмөл сөзсүз зарыл деген ойдо.

-Коомдук көзөмөлдү сөзсүз киргизүү керек. Бизде азыр жаза өтөө мекмелери жабык болгондуктан анын ичинде эмне болуп жатканын эл, коомчулук билбейт. Эрте деген туура эмес, кошуна айрым өлкөлөр бул маселеде алдыга кетип калды. Анан калса бул эл аралык стандарт. Ачык-айкындуулук болсо кемчиликтер даана көрүнүп, аны оңдогонго аракет болот.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун башчсы Төлөйкан Исмалиова да коомдук көзөмөл киргизүү абактардагы абалды жакшырышына алып келээрин белгилейт:

- Абактардагы соңку окуялар ал жакта абалдын кандай экенин көрсөтүп койду. Аябай жакшы мендежмент аркылуу иш жасабаса азыркыдай абал элдин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени бул жактагы саясат, ички иштердин баары криминалдык лидерлердин колунда. Бизде саясат менен алек болуп атышып, түрмөлөрдө жаңыча структура, система түзүлгөн жок. Абактарды жазалоочу, коррупциялык жана криминалдык система башкарууда.

Ошентип жыйынга катышкан коомдук уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар абактарга коомдук көзөмөл киргизүүнү жакташты. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова болсо жаза өтөө мекмелеринин жетектечилеринин мындай көзөмөлдү каалабай жатышын алардын даяр эместиги байланыштырат:

- Себеби алар азыр даяр эмес, башкача иштей алышпайт. Абактарда дагы эле мыйзам бузуулар, уруп сабоолор колдонулуп келатат. Мына 16-колониядагы окуяда укук коргоочуларды да, журналисттерди да, Акыйкатчы өкүлдөрүн да киргизбей коюшту. Анткени алар бизден көп нерсени жашырышып , бир тараптуу маалымат беришти. Биз киргенибизде экинчи тарабын айтып чыкмакпыз. Эмне үчүн түрмөнүн ичинде арак ичип отурушат, ал каяктан кирген деген суроолорго жооп издемекпиз.

Азиза Абдрасулова ошондой эле коомдук көзөмөл боюнча факультативдик протокол ратификациядан өтүп, президент кол койгон соң эми кайсы бир тараптар аны кааласа-каалабаса да аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG