Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Ж.БӨКӨШОВ: КЕРКИСИНДЕ ДАГЫ, КЕМТИГИНДЕ ДАГЫ БАР БОЛУП ЖАТПАЙБЫ...


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Кыргызстандын коомдук саясий турмушу саратан жайдын аптабынын кайтышы менен жандана баштагандай сезилет. Кечээ “Акыйкат үчүн!” кыймылы кеңешме-отурум өткөрсө, бүгүн “Ак шумкар” партиясы дагы жыйынга камынып жатат. “Азаттыктын” таңкы обосунун кезектеги маектеши саясат таануучу, философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшов өлкөдөгү саясий-социалдык абал, коомдук пикир тууралуу кеп курду.

“Азаттык”: - Алдыдагы радио баянда айтылгандай, оппозициялык күчтөрдүн “Акыйкат үчүн!” кыймылы кечээки жыйынында өлкөдөгү коомдук-саясий жана экономикалык абалга канааттандырарлык эмес деген баасын берди. Сиздин оюңузча, мындай баа канчалык негиздүү?

Ж. Бөкөшов: - Менимче азыр бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, күзгө карата саясий турмуш күчөп, активдешип баратат. “Акыйкат үчүн!” кыймылы берген баасынын жүйөөсү бар. Себеби жалпы өлкөдөгү социалдык-саясий абалды алганда, биз системалык кризистин тилкесинен чыгалбай баш-аягы аралашып, ак-караны ажыратканга коомдук аң сезимде дагы, саясий көз карашта дагы баардык жагынан бүдөмүк болуп атат. Бул абалдан чыгуунун көп жолдору, себептери бар. Муну таразалап жакшылап караш керек. Ал эми бийлик тарабынан эң негизгиси ачыктык, чыңчылдык жетпей атат деп ойлойм. Бийлик эки маселеде, өзгөчө менчиктештирүү маселесинде, айрыкча стратегиялык объектилерди менчиктештирүү маселесине байланышкан суроолорго өтө жоопкерчиликтүү мамиле жазоосу керек. Ошондой эле кадр, коррупция маселесинде чыңчыл, ачык саясат жүргүзсө менимче, оңлууга, түзөлүүгө өбөлгө болот эле деп ойлойм.

Ал эми оппозицияда дагы жеке кызыкчылыгына байланыштуу кызматка таарынгандар, андай-мындайлар аралашып, бул дагы тунук булакты калың мал келип каптап кеткендей ылайланып калгандай болуп атат. Бул жагынан дагы бир жаңсыл айтыш кыйын болуп атат, кыргыздар айтат “керкисинде дагы, кемтигинде дагы бар” деп. Эми кудай кааласа, күздө бир жаңсыл болот деп ар дайым жашап келат пайбызбы. Азыр коомдук аң сезимде менимче ушундай маанай үстөмдүк кылып турат.

“Азаттык”: - Сиздин оюңузча,
оппозициялык кыймылдардын билдирүү, кайрылуулары коомдук пикирге канчалык таасир тийгизүүдө?


Ж. Бөкөшов: - Албетте, коом, эл деген баардык маселени биле бербейт. Ал эми оппозициянын лидерлери, оппозициялык кыймылдын башында тургандар ошол маселени билет, көрүп турат деп коом аларды угат. Канчалык деңгээлде таасирдүү экенин айтыш кыйын. Себеби оппозициянын дагы кемчиликтери бар. Классикалык үлгүдөгү бизде оппозиция жок болуп атпайбы, баш-аягы аралашкан. Бизде баардык тараптан туруктуу, ыраттуу өнүгүүнүн, өсүштүн жолуна түшө албай атабыз, анын ичинде оппозициялык кыймыл дагы.

“Азаттык”: - Айрым талдоочулар Кыргызстан башкасын айтпаганда да отун-энергетикалык кризиске батып баратканын, мындай шартта алдыдагы кыш бир топ эле кыйын болушу ыктымалдыгын боолголошууда. Мындай абал коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетишине алып келиши мүмкүнбү?

Ж. Бөкөшов: - Толук мүмкүн. Анткени азыр элдин баары келээрки кыштын кыйынчылыгы жөнүндө тынчсызданып, ошондон сарсанаа чегип атат. Ушул эле маселени башка жол менен элди ушунчалык кыйнабай чечип коюга мүмкүнчүлүк бар беле эле деген пикир дагы үстөмдүк кылып атат. Демек, ар кандай нерсе болушу мүмкүн.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG