Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

СУЛАЙМАН ТОО БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАСТАР ТИЗМЕСИНЕ КИРЕТ


29-июндан 9-июлга чейин Канадада ЮНЕСКОнун 32-жыйыны болуп өттү. Бул иш-чара тууралуу жыйынга Кыргызстандын атынан катышып келген маданият жана маалымат министри Султан Раев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда маек курган.

"Азаттык": -Султан мырза, Канадада өткөн ЮНЕСКОнун 32-сессиясына катышып, кечээ келдиңиз, ал сессиядагы каралган маселелерге токтоло кетсеңиз?

С. Раев: -Бул сессияда негизги маселе дүйнөлүк деңгээлдеги ЮНЕСКОнун тизмесине кирүүчү жайлардын тегерегинде болду. Жалпы дүйнө боюнча үч жүзгө жакын мындай жайлар он күндүн аралыгында каралды. 32-сессиянын ишине 1400 адам катышты. Мен биринчи жолу Сулайман тоону бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү маселесин кароого катышып келдим. Бул биз үчүн өтө кубанычтуу нерсе.

Былтыр Австралияда, Жаңы Зеландияда өткөн бул уюмдун 31-сессиясында Сулайман тоо күтүү барагында болсо, быйыл бир секиге жылып, акыркы сынактын кароосуна өттүк. Жалпысынан айтканда 32-сессиянын комитетиндеги мүчөлөр 21 мамлекеттен экен. Анын көпчүлүгү Кыргызстандагы Сулайман тоону колдоду. Экинчи добуш берүү эми Испанияда болот.

Биздин оюбузча Сулайман тоо Кыргызстандын тарыхында, эгемендүү тарыхыбызда биринчи болуп бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет. Бул биздин мамлекетибиз үчүн маданий гана эмес саясий да мааниси бар окуя болот.

"Азаттык": -Султан мырза, буга чейин Сулайман тоосуна асма жол курабыз деп, айрым бир адамдар кызыгып, андан пайда табабыз деп чыгышты эле. Бул маселе кандай чечилди?

С. Раев: -Бул маселеге чекит коюлган. Биздин президент Курманбек Бакиев өзүнүн указы менен Сулайман тоого асма жол куруунун маселесин токтоткон. Ошондой эле президентибиз ЮНЕСКОнун талабына жараша иш жүргүзүлүш керек деген маанилүү указга кол койгон.

32-сессиянын талкуусунда акыркы сынак-кароого өтүүчү айрым тарыхый жайлар 6-7 жылдап жүрөөрүн комитетке кирген мамлекеттердин өкүлдөрү айтышты. Биз үчүн өтө чоң бурулуш болду. Себеби былтыр Жаңы Зеландияда биринчи тандоодон өткөнбүз. Эми Канададагы бул тандоо эң маанилүү иш-чара болду. Мындан өттүк.


"Азаттык": -Таластагы Манас күмбөзүнүн жанында Кароол чокуну казуу токтотулдубу же ал улантылабы?

С. Раев: -Ал маселеге чекит коюлган.

"Азаттык": -Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG