Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

«АЗАТТЫК» Ч.АЙТМАТОВДУН ҮЙБҮЛӨСҮНӨ КӨҢҮЛ АЙТТЫ


Бүгүн эртең менен «Азаттык» үналгысынын эмгек жамааты залкар жазуучу, Кыргыз Республикасынын баатыры Чыңгыз Айтматовдун Аларчадагы үйүнө барып, маркумдун жакындарына көңүл айтып, көз көргөзүп келди. Мындан тышкары бүгүн «Агым», «Кыргыз туусу» гезиттерине «Азаттыктын» Чыңгыз Төрөкуловичтин жакындарына көңүл айтуусу басылды. Төмөндө ошол текст менен таанышыңыздар.

Гүлсарат чылбырын сүйрөп, жайдак келди…

Гүлсарат чылбырын үзүп, адабият ааламына Толгонай, Дүйшөн, Жамийла, Эдигей сындуу кайталангыс көркөм образдарды алып келген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганы жаамы кыргыз журту жана алдыңкы адамзат өкүлдөрү сындуу эле «Азаттык» үналгысынын Прага менен Бишкекте эмгектенген чыгармачыл жамаатынын да кабыргасы кайышып турат. Айкөл инсан, көркөм сөздүн алпы, кара сөздүн кудайы, чыгармачылык менен коомдук ишти эриш-аркак ала жүргөн улуу сүрөткер калың журтту катуу кайгыга салды.

Жаамы дүйнө Айтматов десе кыргызды, кыргыз десе Айтматовду билчү эле. Ал кыргыз үчүн Чыңгыз болгону менен аалам үчүн Айтматов эле. Улуу жазуучунун кыргызга кылган кымбат кызматы ушунда. Ал өзү да көрүнгөн эле элдин шыбагасына бүтө бербеген, ар кандай эле калкка жазмыш атаа кыла бербеген, жаза тайып кылымда бир жаралып калчу улуу адамдардын уркунан эле.

Өз өмүрүндө Ч.Айтматов Манасты, кыргыз тарыхын кыйчалыш кырдаалдарда далай коргогон. Акыркы интервьюларынын бирин «Азаттыкка» берип жатып, ал эгемендиктин баа-баркын терең билүүгө баарыбызды чакырган.

Көзү тирүүсүндө көп элдин бийик баасына, үлкөн сый-урматына татыган кыргыздын азамат уулу эми жок. Кайран киши көк теңирде балбылдап күйүп туруп, капыстан кайып болуп учкан жылдыздай бу ааламдан өтүп кетти. Ылайым атпай кыргызга Айтматовдун аты бир кезде өндүрүндө өзү төрөлүп, торолуп өскөн Манас-Атанын ак кар, көк музундай болуп түбөлүк турсун!

Бул кара кийгизип, кайгы жуттурган оор сааттарда «Азаттык» үналгысы Чыңгыз Төрөкуловичтин үйбүлөсүнө, жакын туугандарына жана жаамы кыргызстандыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтат. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
XS
SM
MD
LG