Ушул жылдын 24-январында “Де-Факто” гезити “Алиби” басылмасында жарыяланган маалыматка таянып, “Жаныш Бакиевдин баласы жоопкерчиликке тартылабы?” деген аталышта макала жарыялаган. Макалада 2007-жылдын 21-мартынан кийинкисине караган түнү Бишкектин Жибекжолу көчөсүнүн 100-үйүнүн тушунда болгон автокырсык тууралуу баяндалган.
Бир эмес үч машиненин тебелендисинде калган Акбар Молдакуновдун өлүмү 8 айдан бери жакшы иликтенбей, кырсыктуу окуянын басты-басты болуп жатканы кабарланган.
Гезит Акбарды тебелеп кеткен машиненин ичинде чөнтөк телефон акысы төлөнүшүн ырастаган дүмүрчөк Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевге жазылганын кабарлаган.
Алдагыдай кабар чындыкка коошпостугун белгилеп, эки гезитте чыккан маалымат адамдык беделине шек келтирерин ырастап Асылбек Салиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө “Де-Факто” гезитинде жарыяланган макалада президенттин инисинин уулун апачык күнөөлөгөн маалымат жоктугу, тек эмнеликтен кырсыктуу иштин тергелиши создугуп кеткендиги жайында кеп болгондугу ырасталды.
“Де-Факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова кандай болгон күндө да макала алдына койгон максатына жеткенин, кыйла убакыт илең-салаң келаткан кылмыштуу иштин тергөөсү аяктаганын билдирди.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мадина Давлетбаева Асылбек Салиевдин доо-арызын жарым-жартылай канааттандырып, “Де-Факто” менен “Алиби” гезиттеринин экөөнө 1 миллион сомдон айыппул төлөп берүү тууралуу чечимин чыгарды. Буга кошумча “Алиби” гезитинин талаштуу макаланы даярдаган кабарчысына 3000 сом айыппул төлөө милдеттендирилди.
А.Салиевдин адвокаты Сергей Котишевский сот чечими колго тийгенден кийин жакшылап таанышып чыкмайын эч кандай түшүндүрмө бере албастыгын айтуу менен чектелди.
- Бизди түшүнүңүздөр, эң алгач сот чечимин алып, аны жакшылап кунт коюп окуп чыгышыбыз керек. Ошондон кийин гана биз мүмкүн өзүбүздүн түшүндүрмө, тактоолорубузду берербиз.
Ал эми “Де-Факто” гезитинин жактоочусу Кыргызстандын Медиаөкүлү Шамарал Майчиев сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрыла тургандыктарын билдирди.
- Чечим чыкты. Эми чечимдин толук негиздемесин көрөбүз да. Эмне үчүн миллион сом? Кайдан алынды ал миллион сом? Кийинки дүйшөмбүдө чечимин берет. Анан көрөбүз. Аппеляция жазабыз. Сөзсүз.
“Де-Факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова сот чечими саясий өңүттөн чыкканын жашырган жок.
- Бул доо президенттин жөн кишилери эмес, президенттин туугандары тарабынан болуп жатат. Бул президенттин кадамдарын, анын жакындарын, командасын сындап жаткан оппозициялык маанайдагы гезитти жоготуу деп түшүнөм. Сот жүрүшүнүн эң негизги максаты ушул болчу. Бул саясий заказ. Мындан башка комментарийди мен айта албайм. Себеби 1 миллион сом деген гезит үчүн өтөле чоң акча. Демек, ушул акчаны төлөй албай гезит жабылып калсын деген эле максат.
Ири өлчөмдөгү айыппулду төлөй албай учурунда “Асаба” гезити банкротко учураган. Ошондой эле кысымга “Республика”, “МСН” сындуу мурдагы бийлик тушундагы эркин гезиттер учурап келсе, айрым байкоочулардын ырасташынча, кыйын кезең минтип бу мезгилде “Алиби” менен "Де-Факто” гезиттерине туш келип отурат.