Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

КЫРГЫЗСТАН-ТАЖИКСТАН: КЫЗМАТТАШУУНУН ЖАҢЫ ЧЕКТЕРИНЕ КАРАЙ


Бүгүн Тажикстандын Хожент шаарында кыргыз-тажик --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/294FEA45-B555-400B-84B3-A172DABCEEF9.ASP президенттери жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Анда эки президент кыргыз-тажик Тышкы иштер министрликтеринин координациялык кеңеши түзүлгөнүн жарыялап, чегара жана энергетика маселелерин чечүү жана бул боюнча кызматташууну жакташты. Ошондой эле тараптар чегара тактоо иштери бүтмөйүнчө чектеш аймактарда чабалык иштерди жүргүзүүнү токтото турууну белгилешти.

Бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар тажик президенти Эмомали Рахмондун былтыр сентябрда Кыргызстанга болгон расмий сапарынын учурунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле кошуна эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык, чегаралык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Анын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн мамлекет башчылары биргелешкен Билдирүүгө кол коюшканын кыргыз президентинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө тараптар “эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык Координациялык Кеңешин - тышкы иштер министрлеринин Кеңешин түзүштү”, - деп айтылат.

Ошондой эле эки тарап мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо ишин тездетүүнү, талаш маселелерди эки өлкөнүн достук мамилелеринин, эки тараптуу пайдалуу жана ишенүүчүлүктүн духунда чечүүнү, чегара тактоо иштери бүтмөйүнчө чектеш аймактарда чабалык иштерди жүргүзүүнү токтото турууну белгилешкен.

Эки өлкө президенттери Курманбек Бакиев менен Эмомали Рахмон бул жолугушуудан соң маалымат каражаттарын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты. Анда кыргыз президенти чегара маселеси аябагандай жоопкерчиликти талап кылган, кылдат маселе экенин, бул жерде элдин бейпилдигин бузган ар кандай чагымдарга орун жоктугун, тараптар чегарага жакын аймактарда ар кандай маселе пайда болсо тез арада чечүү үчүн топторду түзүү тууралуу келишишкенин айтып, жолугушууда жетишилген натыйжалар жакын арада эки элдин турмушуна таасирин тийгизе баштаарын белгиледи:

- Жалпы жонунан биз жолугушуунун жыйынтыктарына канааттандык, ал биздин эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы достук мамилелерди дагы да тереңдетүүгө багытталган кызматташтыктын бардык багыттары боюнча мындан аркы мамлелерибиздин сапатын жогорулатуу жаатындагы кийинки кадамдарды предметтүү жана ишкер мүнөздө белгилөөгө мүмкүндүк берди. Жолугушуу учурунда жетишилген натыйжалар жакын арадан тартып Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин турмушуна таасирин тийгизе баштайт.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы бул сыяктуу маселелер эзелтен келаткан достук мамилелердин негизинде чечилиши керек деген оюн билдирди:

- Биз чегара, ошондой эле суу-энергетикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, пайда болгон маселелерди чечүүнүн жолдорун чогуу издедик. Мунун баары, албетте, татаал маселелер, бирок биз аларды салтуу достук мамилелердин духунда карап жана чечүүгө тийишпиз. Биз ошондой эле суу-энергетика, транспорттук коммуникация тармагында тыгыз кызматташууга макулдаштык.


Чынында чегара маселеси азыр эки мамлекеттин тең башын ооруткан талылуу маселелердин бири. Эки өлкөнүн чектеш Баткен жана Согду облустарынын ортосунда бир топ талаштуу аймактар бар. Чегара тактоо иштери дал ушул талаштуу аймактарда такалып турат. Жер-суу талаштарынан кошуна эки элдин ортосунда анча-мынча чыр-чатактар да болуп келет.

“Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фондунун Баткендеги бөлүмү да бир канча жылдан бери ушул кыргыз-тажик чегиндеги чыр-чатактардын алдын алуу үстүндө иш жүргүзүп келүүдө. Аталган бөлүмдүн башчысы Роберт Абазбеков да эки президенттин чегара маселеси боюнча сүйлөшүүсүн кубаттап, кеп эми анын ишке ашуусунда дейт:

- Чегара маселеси эки президенттин деңгээлинде каралып жатышы албетте кубандырат. Эми чегарадагы талаштуу маселелер бир канча жылдан бери чечилбей келе жатпайбы. Ушул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кагазда калбай, ишке ашса абдан жакшы болот эле. Бул маселе эми жергиликтүү бийликтегилерге да көз каранды. Эгерде эки тараптын тең жергиликтүү бийликтери президенттердин тапшырмасын так аткара турган болсо, жанагы чегара тактоо аяктаганча бул аймактарда чарбалык иштерди токтотуу, эки элдин ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо деген сыяктуу маселелерди иш жүзүнө ашырса болот.

Эки өлкө президентери ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстан суу-энергетикалык саясатты макулдашып жүргүзүүнү, Нарын-Сырдарыянын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча төрт тараптуу келишимге жетишүүнү жакташты. Билдирүүдө ошондой эки өлкөнүн соодасынын көлөмү тийиштүү мүмкүнчүлүктөн аз болуп жатканы аталып, темир жана автомобиль жолдорун туташтыруу менен потенциалдарды толук пайдалануу керектиги белгиленген.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG