Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

МИТИНГ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ КАТУУЛАШЫ ЫКТЫМАЛ


Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети бүгүн тынч жыйындарды, митинг-пикеттерди өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун биринчи окулушунда жактырды. Бул долбоор мындай жыйындарды өткөрүүгө бир катар чектөөлөрдү коет. Ошол эле учурда жарандык коомдун өкүлдөрү, бир катар укук коргоочулар ал адам укуктарына --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/23EACEAD-46C4-4B26-82CD-316EDCAAFC10.asp каршы келээрин айтышып, долбоорду азыркыдай калыбында кабыл алууга болбостугун айтышууда.

Депутат Исхак Масалиев демилгечи болгон бул мыйзам долбоору жарандардын тынч жыйындарды, ар кандай пикет-митинг жана жүрүштөрдү өткөрүүсүнө бир катар чектөөлөрдү киргизет. Алсак мындай жыйындарды өткөрөбүз дегендер мурдагыдай билдирүү менен чектелбей, жергиликтүү бийликтин уруксатын алыш керек, жергиликтүү бийликке болсо шартка жараша уруксат берүү же бербөө мүмкүнчүлүгү берилет.

Долбоордун максаты жана өзгөчөлүгү боюнча депутат Исхак Масалиев буларга токтолду:

- Конституцияга жана башка мыйзамдарга ылайык, ар бир жаран чогулганга, жыйын өткөргөнгө укугу бар. Бирок ошол митинг-пикет же жүрүш өткөрүүдө башка жарандардын укуктары чектелбесин деген максатта ушундай өзгөртүү киргизип атабыз. Долбоордо бир топ чектөөлөр сунушталууда. Маселен, жергиликтүү администрацияга шартка жараша макулдук бербөө мүмкүнчүлүгү, андан тышкары президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жайгашкан имараттардын тегерегинде , борбордук жолдордо мындай акцияларды өткөрүү мүмкүн эмес.

Ошол эле учурда жарандык коомдун өкүлдөрү, бир катар укук коргоочулар долбоорго караманча каршы. Маселен “Кылым шамы” укук коргоо борборунун өкүлү Жаныбек Сопуевдин пикиринде, эгер бул долбоор ушул калыбында кабыл алынса анда өлкөдө тынч жыйындарды өткөрүү укугу таптакыр жок болот:

- Аябай чоң маселе чыгара турган долбоор болуп атат. Эгер ушул сунушталган өзгөрүүлөр кирсе, Кыргызстанда тынч жыйындарды өткөрүү эркиндиги жок болот десек болот. Эң кооптуусу – жергиликтүү бийликтердин сөзсүз уруксатын алуу. Алар эч канча уруксат бербейт, муну биз акыркы үч айда көрдүк.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова болсо эгер бийлик 24-марттагыдай окуя кайталанбасын десе, адамдардын тынч жыйындарга болгон эркиндиктерин чектебеш керек деп эсептейт:

- Элдин турмушу жакырданып, коррупция күндөн-күнгө күчөп атат. Советтик фундаментализм менен ооруган бийлик төбөлдөрү ушундай шартта ушинтип оппоненттерин басканга ынтызар. 24-март кайталанбашы үчүн конфронтация жасабаш керек жана жарандардын мындай эркиндиктерин чектебеш керек.

Долбоор бир топ сын пикирлерге кабылышынан депутат Исхак Масалиев да күмөн санабаганы менен бирок баары бир мындай акцияларды өткөрүү жол-жобосун мыйзамдаштырыш керек деген пикирде.

Бир катар укук коргоочулар болсо азыркыдай шартта бул маселе боюнча мурдагы мыйзамды өзгөртүүнүн кажети жоктугун айтышууда. Укук коргочу Азиза Абдрасулованын пикиринде, бул өтө кылдат маселе, Кыргызстан азыр эл аралык нормаларга жооп берген мыйзам долбоорун даярдап, аны кабыл алууга даяр эмес. Ошол эле учурда эптеп эле мыйзам аты бар бир нерсени кабыл алса коомчулукта чоң нааразычылыктарды пайда кылышы мүмкүн. Азиза Абдрасулова ошондой эле “Кылым шамы” укук коргоо бул маселе боюнча мыйзам долбоорун даярдап, мурдагы парламентке сунуштаганын кошумчалады.

Ошентип коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул долбоорду бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети карап, аны биринчи окууда кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле жыйында бул маселе боюнча талкуулар, парламенттик угуу уюштурулаары айтылды. Эми парламентте жарандык коомдун сунуштары канчалык эске алынып, бул долбоорго дагы кандай өзгөрүүлөр киргизилет, аны убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG