Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

НУРБЕК ЭГЕН КЫРГЫЗДЫ НАМЫСКА ЧАКЫРГАН ТАСМА ТАРТКАН ЖАТАТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Учурда Москвада жашаган белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген бул күндөрү Кыргызстан аймактарын кыдырып, “Манастын төрөлүшүн утурлай” деп аталган даректүү-публицистикалык жаңы тасмасына каармандарды издөөдө. Режиссер ошол тасманын тартылышы тууралуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна жооп берди.

-Нурбек мырза, алгач ушул Кыргызстан аймактарын кыдыруу максаты тууралуу айтсаңыз. Сапарыңыз азыр кайсы жерде уланууда?

-Азыр биз Ош облусунда жүрөбүз. Бул кыдыруунун максаты – сиз айтып өткөн тасмага каармандарды издөө, анан жаштар менен жолугушуп, алардын билим алуу шартына жардам берүү. Ошондой эле ошол элдердин шартын, абалын, ойлорун көрөлү деген максатта барып, мурдагы күну Баткен облусунда, кечээ күнү Жалалабат облусунда болуп, бүгүн Ош облусун кыдырып жатабыз.

-Ошол жолугушуулардын натыйжасы кандай болуп жатат?

-Азырынча натыйжасы тууралуу айтуу эртерээк. Ошондуктан менин оюмча, бүткөндөн кийин сүйлөшөбүз. Эгерде процессти айта турган болсок, аябай кызыктуу өтүп жатат. Жер-жерлерде сүйлөшүп, өздөрү менен таанышуу мен үчүн аябай чоң күтүүсүз нерселерди алып келип жатат деп айтсам болот. Буюрса, анын жыйынтыгы боюнча “Азаттык” үналгысына маек куруп берем.

-Жаңы тасмаңызга канча каарман тартылат, жана алардын канчасы табылды?

-Жаңы тасмага он каарман, алардын ичинде дагы жардамчы каармандары болот. Негизги он каарман бар. Алардын ичинен үчөө табылды. Бул тууралуу азырынча айтуу эртерээк деп ойлойм.

-Жаңы тасманын маазмуну тууралуу айтып берсеңиз.

-Маазмунун үч жагынан алып карасак болот. Негизгиси, ошол убакыттагы, 21-кылымдын башындагы Кыргызстандагы абал, кыргыз элинин оюн, пикирин, жашоо шартын, ал гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү кыргыздардын турмушун көрсөтүү. Экинчиси - негизгиси деп айтсам болот, бул жерде кыргыздарды бири-бири менен тааныштыруу. Алардын арасынан дагы чыгаан кишилерди жаштарга тааныштыруу. Мындайча айтканда, кыргыздардын духуну көтөрүү. Үчүнчүсү, тасманын таасири күчтүү эмеспи, ошондуктан жаштарды билимге тартуу. Кийинки кезде ошол жаштар менен сыймыктануу. Ошол максатта жүрөт.

-Тасманын тартылышы качан башталат?

-Азыр даярданып жатабыз. Буюрса, июлдун ортолорунан баштайбыз го. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, “Азаттыктын” угармандарына колдоо көрсөткөнүңөргө ыраазычылык билдирем.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG