Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

ПАНСИОНАТТАРДЫ КАЗАКТАРГА БЕРСЕҢ ДА БЕЙМАЗА, БЕРБЕСЕҢ ДА БЕЙМАЗА


Жогорку Кеңештин «Ак жол» фракциясы бүгүн Ысыккөлдүн жээгиндеги Казакстандын төрт пансионатынын тагдырына байланышкан маселени карады. 2003-жылдагы өкмөттөр аралык келишимге ылайык Казакстанга өткөрүп берүү каралган. Бирок маселени талкуу учурунда өкмөт тараптын жүйөөлөрү көпчүлүк депутаттарды канааттандырбай, бир топ каршы пикирлер айтылды. Натыйжада фракция өкмөт бул маселе боюнча толукталган документтерди сунуштаганча аны карабай турууну чечти.

Советтер Союзунун тушунда көл жээгине курулган Казакстандын төрт пансионаты боюнча маселе бир топтон бери талашка түшүп келүүдө. Аларды Казакстанга өткөрүп берүү боюнча 2003-жылы өкмөттөр аралык келишим түзүлгөн. Бирок ага мурдагы парламент макулдук берген эмес. Эми бул маселе азыркы парламенттин кароосуна коюлууда.

Талкуу учурунда бул 4 пансионаттын тагдырын союз тарагандан кийин эле кыргыз өкмөтү дароо чечип, кыргыз тарапка алып койсо болмоктугу, бирок ошол кезде чечилбей, эми маселе кыйындап кеткени айтылды.

Мүлк боюнча мамлекеттик комитет төрагасы Турсун Турдумамбетовдун айтымында, Кыргызстан жерин ижарага берүү менен бул пансионаттарды Казакстанга өткөрүп берсе, бербей койгонго караганда пайда көбүрөөк түшөт:

- Бул маселени комплекстүү карашыбыз керек. Эгер келишимди ратификация кылбай, төрт пансионатты өзүбүз алып алсак көп нерсени жоготобуз. Жанагынча туристтер келбей калышы мүмкүн. Эми күнөө учурунда бизден да кеткенден кийин соттук талашка барбай, цивилдүү чечели деген аракет болуп атат. Жерди болсо ижарага беришибиз керек. Депутаттар келишимди колдоп берсе, бербей койгонго караганда бизге пайда көбүрөөк түшөт.

Бирок өкмөт тараптын мындай жүйөөлөрү депутаттардын бир тобун көп канааттандыра бербеди. Эгер бул келишим колдоо тапса «Ак жол» партиясы жаманатты болоорун айткан депутат Ибрагим Жунуов кесиптештерин аны колдобоого чакырды:

- 49 жылга ижарага берсек кийин бизде калат деп атасыңар. 9 жылга берсек да бизге калбайт. Мына Өзбекстанга учурунда Советабадды 25 жылга бердик эле, бул мөөнөт бүткөнүнө 20 жыл болду, азыр эми ал жердин бир метрин да ала албайбыз. Эгерде кол коюп койдук эле деп бере берсек Көл Эне бизди кечирбейт. Көл Эненин кусурунан өткөн кусур жок. Төрт пансионатты казактарга бербей койдуңар деп эле бизге туристтер келбей калабы? Акаевдин тушунда өткөрүп берүүгө уруксат берилген эмес, эмне үчүн азыр берилиш керек?

Ошол эле учурда төрт пансионаттын Казакстанга берилишин колдогон депутаттар да болушту. Депутат Зайнидин Курманов мындай эл аралык маселелерди кароодо кесиптештерин этият болууга, маселени Кыргызстан мындан эмне алат деген көз карашта кароого чакырды.

Депутат Бегалы Наргозуев болсо Казакстан менен достук мамилени бул жерде аралаштырбоону эскертти:

- Анан достукту бузбайлы эле дейбиз. Достукту биздин менчиктин, же биздин жердин эсебинен сакташыбыз керекпи? Казакстан өз кызыкчылыгын коргогондо биз менен «тууган» деп эсептешпейт. Ар кимге эле доспуз, мамилени бузбайбыз деп бере берсек эмнебиз калат?...

Талкуу учурунда эгер бүгүн Казакстанга макулдук берилсе, эртең Өзбекстан да көл жээгиндеги төрт пансионатын сурап баштаары айтылып, ошол эле учурда бул маселе боюнча Өзбекстан нота жолдогону белгилүү болду. Муну «Азаттыкка» тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов да тастыктады:

- Өзбекстандан нота келген бизге сураныч менен. Келишимдин долбоору келди, ушуну карап бергиле, биздин да пансионаттар боюнча сүйлөшөлү деген.

Ошентип бир топко талашып-тартышкан соң «Ак жол» фракциясы бул маселени кароону артка жылдырып, ага өкмөт толукталган документтерди сунуштаган соң кайра кайрылуу чечимине келди.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG