Жогорку Кеңештин экс-спикери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Алмазбек Текебаев, тентектик кылып милициянын погонун жулган, кызматтык милдетин аткарып жүргөн адамдарга тоскоол эткен деп айыпталып, 4-сентябрдан бери Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында олтурган.
Анын иши тергелип бүткөндүгүн билдирген Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин тергөө боюнча орун басары Кемербек Бердибаев буларды кошумчалады:
- Биринчи күндөн бери эле бардык жабырлануучулардын арызы кылмыштарды каттоо китебине катталган. Соттук медициналык эспертизадан өтүшкөн. Азыркы күндө Алмазбек Текебаевге айыбы угузулуп, бүгүнкү күнү соттун кароосуна жөнөтүлүп жатат. Анын канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин сот аныктайт. Эми Өмүрбек Текебаевдин иниси болсо эле бардык жагынан күнөөсү жок деп айтыш болбойт да. Мыйзам бардык адамга бирдей болуш керек,- деди Кемербек Бердибаев.
Айтмакчы, Алмазбек Текебаев абакта жатып мени милиция кызматкерлери сабады деп Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясына жана Ош шаардык прокуратурасына даттанган. Анын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы угузулду. Ош шаардык соттук-медициналык экспертиза бюросунун эксперти Кеңеш Эркаев:
- Тергөөчү менен барып Алмазбек Текебаевге кароо жүргүздүк. Сол колунун ички тарабында, желкесинде, көкүрөгүндө көгөргөн жерлери бар экен. Ошонун негизинде чечим бердик. Бул жараттар жеңил жараттын составына кирет,- дейт Кеңеш Эркаев.
Ал эми өздөрүн жабырлануучу катары эсептеген Ош шаарынын башкы ветеринардык доктуру Кумарбек Исаков, ЭлТР телекомпаниясынын оператору Сьездбек Жолдошбаев да тергөөчү Өмүрбек Абдуллабековдун токтомунун негизинде текшерилген. Ал туурасында жогоруда аталган мекеменин эксперти Кылыч Насыров:
- Жабырлануучу Исаков ветеринардык доктур экен. Анын денесинде көгөргөн жери бар. Ал эң жеңил жарат . Экинчиси Сьездбек Жолдошбаев мунун сол бутунда сыйрылган жери бар,- деди Кылыч Насыров.
Милициянын майору Азамат Мырзалиев да текшерилген экен, жыйынтыгын эксперт Мамытжан Кабылов мындайча билдирди:
- Мага Азамат Мырзалиев деген милициянын майору кайрылды. Денесинде сыйрылган гана жерлери бар экен. Жеңилдин эң азы да,- дейт Мамытжан Кабылов.
Белгилүү адистер жогорудагы корутундулардын негизинде кылмыш ишин токтоосуз түрдө кыскартып ийсе болот деп эсептешет. Анын үстүнө жабырлануучулар Кумарбек Исаков жана Сьездбек Жолдошбаев тергөөчүгө жана сотко тосмо арыз жазып беришкен. Ал эми Алмазбек Текебаев милиционер Азамат Мырзалиевдин погонун жулганын көрбөгөндүгүн ЭлТР оператору Сьездбек Жолдошбаев сотто деле айткан.
- Биз кафеден чатакташып, урушуп чыккандан кийин жарым сааттан кийин милициялар келген. Колун кайрып алып кеткен. Мен аны пагонун жулуп алып, аны уруп-соккулаганын көргөн эмесмин. Эми мен бул жерден катуу жаракат алган эмесмин. Ошон үчүн доо арызым жок деп жазгам,- дейт Сьездбек Жолдошбаев.
«Атуулдук коом коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун Оштогу башчысы Алийма Шарипова Алмазбек Текебаевди абакта кармоо аркылуу оппозиционер депутат Өмүрбек Текебаевди бийлик чүнчүтүү жана сындыруу аракетинде деген пикирде.
- Кыргызстандын жарандары өзүнүн укугуна өзү ээ эмес. Ал көп деңгээлге, бийик деңгээлге жетиле элекпиз. Агасы Өмүрбек Текебаевге да байланыштуу болушу керек деген ойдон да качпайбыз. Анткени бул азыркы күндө Кыргызстан боюнча өтө күчтүү оппозиционер болуп турат. Ошого да байланыштуу болуш керек. Бул кандайдыр бир моралдык-психологиялык жактан жа кысым болуш керек деп ойлойбуз,- дейт Алийма Шарипова.