Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

МАКСИМ КУЛЕШОВ КАМАКТАН БОШОТУЛДУ


Жазгул Жамангулова 24-сентябрь күнү Токмок шаар башчысынын жыйында сүйлөгөн сөзүн диктофонго жазып, аны сүрөткө тарткандыгы үчүн он күнгө камалган укук коргоочу Максим Кулешов убактылуу бошотулду. Буга байланыштуу бүгүн укук коргоочулар маалымат жыйын уюштуруп, анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан укук коргоочуларга карата кысым болуп жаткандыгын айтышты.

Маалымат жыйынында айтылганга караганда укук коргоочу Максим Кулешов кармалганга чейин шаар бийлигинин айрым иштерине каршы бир топ арыздарды жазып, сотто жеңип да келген. Соңку эле бир мисалга токтолсок, укук коргоочу мэриянын алдында түзүлгөн штаб туурасында арыз менен кайрылып, шаар прокурору аны 19-сентябрь күнү жоюп салган. Аталган штаб 7-октябрда өтө турган шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого байланыштуу түзүлгөн. Бирок жергиликтүү бийликтин мындай аракети шайлоо жөнүндөгү кодекске каршы келет, деп билдиришти укук коргоочулар.

Ал эми укук коргоочу Максим Кулешов камакка алынууну өзүнүн ишмердиги менен байланыштыраарын айтат :

- 24- сентябрь күнү мен мэрияга кечигип келдим. Мени менен башка бирөө да кечигип келген. Эшик алдындагы милиция мени киргизбегендиктен бир аз айтыша кеттик. Баары бир жыйын залына кирдим. Ал жерде Президент тарабынан сунушталган Конституциянын жаңы редакциясы талкууланып, кыскасы шаар бийлиги ага толугу менен макул болуу кыязында сүйлөп жатышкан. Ал эми мен киргенден бир аз убакыт өткөндөн кийин диктофонго үн жазып, сүрөт тарта баштадым. Бир гана сүрөт тартканга үлгүрдүм, ошол замат мэр Арзымат Сулайманкулов өзү токтотуу үчүн буйрук берди. Анан мени залдан күчкө салып чыгарып кетишти.

Ал эми ал күнү жыйында катышып олтурган Токмок шаар башкармалыгынын аппарат жетекчиси Нурдин Сыдыкалиев укук коргоочунун коомдук чөйрөдө өзүн-өзү алып жүрө албагандыгы буга себеп болду деп түшүндүрдү.

- Биз анын киргенине макул болдук, бирок ал кечигип келгени аз келгенсип баарынын көңүлүн буруп тоготпогондой мамилелерди кыла баштады. Каалагандай туруп, сүрөткө тартып дегендей. Ал жер көчөдөгү жыйын эмес да. Биз аны кайдан билебиз, мүмкүн тарткан сүрөттөрү менен карикатура жасайт.

Соңку учурлардагы мындай жергиликтүү бийлик тарабынан болгон кысымдарды негедир жогорку бийлик көрмөксөнгө салып жаткан шекилдүү деди, Улукбек Бабакулов.

- Акаевдин учурунда бийлик түздөн-түз укук коргоочуларды, журналистерди куугунтукка алчу. Азыр жогорку жак билмексен болуп, райондук облустук бийлик баарын өзү билгендей кылып жатат.

Ал эми учурда он күнгө камалган укук коргоочу адвокатынын жана кесиптештеринин жардамы менен убактылуу бошотулду. Башта билдиргендей адвокат Айсулуу Шаршева 26- сентябрь күнү Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Бул туурасында «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова төмөнкүлөрдү билдирди.

- М.Кулешов учурда убактылуу бошотулду, эми аны облустук сот чечет. Облустук соттун чечими чыккандан кийин дагы көрө жатабыз. Бирок укук коргоочулардын үн жазып, сүрөт тартышына каршылык көрсөтүү туура эмес. Бул түздөн- түз кысым болуп эсептелет.

Ошондой эле укук коргоочулар, М. Кулешовдун камалышын Президенттин Чүй облусуна болгон иш сапары менен да байланыштырып жатышат. Ал эми укук коргоочу өзү 21-октябрдагы референдумдун өтүшүнө каршы акцияларды уюштурууга даяр экендигин бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында белгиледи.

XS
SM
MD
LG