Cүрөттө: Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин 1952-жылы төрөлгөн. 1975-жылы Ленинград Мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн юридикалык факультетин аяктаган. Ошол эле жылы СССРдин Улуттук коопсуздук кызматына кирген. 1999-жылы 31-декабрда Орусиянын президенти Борис Ельцин калкка жаңы жылдык кайрылуусунда кызматынан чегингенин жана өз ордуна Владимир Путинди дайындаганын билдирген. 2000-жылы 26-мартта Путин элүү үч пайыз добуш менен президент болуп шайланган. В. Путин немис тилинде эркин сүйлөйт. Орусиянын президенти спорттун дзю-до, самбо, каратэ түрлөрү менен машыгат.
Сүрөттө: Өзбекстандын президенти Ислам Каримов.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 1938-жылы Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азиялык политехникалык институтту аяктаган. 1991-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Каримов 2002-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүүгө жетишкен. Анын натыйжасында президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылган. Мындайча айтканда, президенттик бийлик ыйгарымы мурдагыдан башка мүнөздө болуп калды. Дал ушул жүйөгө таянып, Ислам Каримов жети жылдык президенттик бийликке алгачкы жолу шайланган адам катары өзүн экинчи жети жылдык мөөнөткө да шайланууга акылуу деп эсептеши мүмкүн. Демек, быйыл декабрь айынын этегинде ал президенттик шайлоого өз талапкердигин койо алат. Үйбүлөлүү, эки кызы бар.
Cүрөттө: Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев 1940-жылы, 6-июлда Алмата облусуна караштуу Чемолган айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Иш жолун 1960-жылы “Казметаллургстрой” ишканасында баштаган. 1990-жылы февралда Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. 1991-жылы Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган. 1995-жылы шайлоо өтүп, Назарбаевдин президенттик мөөнөтү беш жылга узартылган. 1999-жылы бир нече талапкерлер катышкан шайлоодо, Нурсултан Назарбаев 80% добуш менен жети жылга өлкө башчысы болуп шайланган. Үйбүлөлүү, үч кызы бар. Аялы Сара Назарбаева “Бөбөк” балдар фондун жетектейт.
Cүрөттө: Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао.
Кытай төрагасы Ху Цзиньтао 1942-жылы Анхой провинциясында төрөлгөн. 1964-жылы Бээжиндеги политехникалык институтту аяктаган. 2003-жылы Кытайдын төрагасы болуп дайындалган Ху Цзиньтаонун саясий туруму - “Бийликти элиң үчүн колдон, элиңе кам көр жана ага пайда алып кел”.
Cүрөттө: Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажик президенти Эмомали Рахмон 1952-жылы төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң, Коргонтөбөдөгү май куйуучу заводдо электрик болуп иштеген. Кесиби боюнча экономист. 1990-жылы Тажикстан ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 1994-жылы Тажикстандын президенти болуп шайланган. 2006-жылы болгон шайлоодо калктын 73 пайыз добушуна ээ болуп төртүнчү жолу президенттик орунду ээлеген. Эмомали Рахмон 2007-жылы тажик элин фамилиядан “ов” уңгусун алып таштоого чакырган жана өзү биринчилерден болуп бул кадамга барган. Президенттик кызматка келгенде “Тажикстанда дин саясаттын тышында болот” деп билдирген.
Сүрөттө: Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов элүү жашта. 1979-жылы Түркмөнстандын Мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Бердимухаммедов медицина илимдеринин доктору, кесиби боюнча тиш доктур. 1997-жылы Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. 2001-жылы Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, 2006-жылы ноябрда Минскте өткөн ШКУнун саммитине Түркмөнстандын атынан барган. Ошол эле жылы декабрда түркмөн президенти Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайткан соң, Бердимухаммедов президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган. Ушул жылы 11-февралда президенттик шайлоодо сексен үч пайыз добуш менен жеңишке жетип, Түркмөнстандын экинчи президенти болуп калды. Президент болгондон кийин эң биринчи жарлыгы менен орто мектептерде он жылдык билим берүүнү калыбына келтирген. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Г. Бердымухаммедов Түркмөнстандын Илимдер академиясын кайра ачуу тууралуу буйрукка кол койду.
Cүрөттө: Моноголиянын президенти Намбарын Энхбаяр. (саммитке байкоочу катары катышат)
Монголиянын президенти Намбарын Энхбаяр 49 жашта. 1980-жылы Москванын адабият институтун аяктаган. Н. Энхбаяр 1992-жылы Маданият министри болуп дайындалган. 1997-жылы ошол кездеги бийликке каршы турган оппозициялык кыймылдын лидери болуп, 2000-жылы жалпы шайлоодо жеңишке жетишкен. 2004-жылы өлкөнүн Парламентинин төрагасы болуп дайындалган. Бир жылдан кийин Монгол Элдик революциялык партиядан талапкер катары шайлоого катышып, 53% добуш менен президент болуп шайланган.
Сүрөттө: Ирандын президенти Мухмуд Ахмадинежад. (саммитке байкоочу катары катышат)
Иран президенти Махмуд Ахмадинежад элүү бир жашта. Кесиби боюнча инженер. 1970-жылы Ахмадинежад АКШнын элчилигин басып алган студенттердин бири болгон. 2003-жылы Тегерандын мэри болуп дайындалып, 2005-жылы Ирандын президенти болуп шайланган. Махмуд Ахмадинежад Ирандын өзүнүн өзөктүк программасына ээ болуу укугун талашып келет. Анын айтымында, бул программа тынчтык максатын көздөйт. Президенттик шайлоодогу жеңиштен кийин Ахмадинежад “үлгү боло ала турган ислам коомчулугун куруу” тууралуу сөз берген.
Cүрөттө: Ооганстандын президенти Хамид Карзай. (саммитке байкоочу катары катышат)
Ооганстандын президенти Хамид Карзай 1957-жылы Кандагар шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Ооганстандагы террорчулукка каршы операция башталганда, талибдерге каршы күрөштү Урузган шаарында баштаган. Ошол эле жылы Бонн конференциясында Х. Карзай Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. 2004-жылы президенттик шайлоодо көпчүлүк добуш менен өлкө башчысы болуп шайланган. Хамид Карзай үйбүлөлүү, аялы кесиби боюнча дарыгер.
ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда «Азаттыктын» сүрөт кампасынан жана ар кыл интернет булактарынан тандалып алынган сүрөттөр пайдаланылды.