Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

БЕКТЕМИР АКУНОВДУН СЫРДУУ ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ЖУРНАЛИСТТИК ИЛИКТӨӨ ЖҮРӨТ


Бириккен фронттун мүчөсү Бектемир Акуновдун сырдуу өлүмү боюнча тергөө ишинин жүрүшү менен таанышууга “Кыргызстан патриоттору” саясий партиясынын лидерлери Нарынга келишип, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бектемир Акунов ушул жылы жазда апрель акцияларынын учурунда Нарын шаарында милиция абагында белгисиз жагдайда каза болгон.

Аталган партиянын лидерлери 2-июлда Нарында болушуп, алгач маркум Бектемир Акуновдун айылы Ортонурага барышып, анын жакын туугандары, мекендештерине жолугушуп, көңүл айтышты. Андан соң окуя болор алдында Бектемир Акуновду милициялар ур-токмокко алганын көрдүк деген күбөлөр менен кездешип, пикир алышты. Алардын келген максатын “Кыргызстан патриоттор” саясий партиясынын лидери Алмаз Орозбаков мындайча билдирди:

- Укук коргоо органдары элдин укугун коргогондун, тынчылыгын сактагандын ордуна өз элин атып, мыкаачылык менен сабап өлтүрүп атат. Мындай терс көрүнүштөр Кыргызстанда такыр болош керек.

Ушул жылдын башында белгисиз бирөөлөрдөн таяк жеген журналист Кайрат Биримкулов өзүнүн окуясы боюнча кылмыш иши ачылганы менен өзүн бир дагы жолу укук коргоо органдары суракка албагандыгына токтолду. Ал укук коргоо органдары мындай окуяларда чабал иштеп калышат деген пикирин билдирип, Бектемир Акунов боюнча журналисттик иликтөө баштай турганын маалымдады:

- Жердештерине убада бердим, мен өзүм журналисттик иликтөө өткөрөм деп. Бул жерге келип берүү уюштурайын деп атам. Бектемир Акуновдун жердештери, туугандары съемка жасаптыр ал жүргөн жеринен. Ошол кадрларды колдонуп авгуттун ичинде берүү даяр болот.

Нарын шаарынын прокурорунун орунбасары Майрамбек Акматалиев комиссиялык экспертизанын чечими чыкмайынча бул иш боюнча эч нерсе айта албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG