Армян өкмөтү шейшембиде парламентке жөнөткөн мыйзам долбоор оппозициячыл саясатчылар жана укук коргоо уюмдары тарабынан катуу сынга кабылды. Алар жаңы мыйзам долбоор кабыл алынып калса, президент Роберт Кочаряндын командасына баш ийбеген акыркы маалымат каражаттары жабылат деген тынчсыздануусун билдиришти.
Армениядагы көз карандысыз прессаны колдогон Интерньюс уюмунун өкүлү Давид Сандухчян: “Өкмөттүн бул демилгеси “Азаттык” радиосуна каршы уюшулганында шек жок. Алар жаап салбаса да, жок дегенде радионун ишин кыйындатууну көздөп жатышат”,- деп билдирди.
Парламенттин оппозициячыл депутаты Армен Мартиросян өкмөткө мындай собол салды:
- Биз 2003-жылкы президенттик шайлоо алдында жалгыз көз карандысыз телеканал “А+1”ди жаптык эле. Эми минтип эмдиги жылы боло турган шайлоо алдында “Азаттык” радиосун токтотушубуз керек. 2013-жылкы шайлоодо дагы кимди курмандыкка чалабыз? Элдин оозун жаап салбайлыбы?
Өкмөт сунуш кылган мыйзамга өзгөртүүлөргө ылайык, Армениянын Коомдук телерадио компаниясына чет элдик берүүлөрдү таратууга тыюу салынат. “Азаттык” радиосунун армян тилиндеги берүүлөрү дал ушул компаниянын толкундарында обого чыгат. Дагы бир өзгөртүү боюнча, чет элдик берүүлөрдү тараткан жергиликтүү көз карандысыз телерадиокомпаниялар мамлекетке абдан чоң өлчөмдөгү акча төлөөгө милдеттендирилет. Өкмөт мындай сунуштарын парламент алдында кандай аргументтер менен коргоп атканы азырынча белгисиз, түн бир оокумга чейин уланып аткан парламент отуруму эки күндөн бери жабык эшик артында өтүп жатат.
“Азаттык” радиосунун армян кызматынын орто толкундагы берүүлөрү буга чейин 1994-жылы Армениянын мурдагы президенти Левон Тер-Петросяндын тушунда да токтотулуп, 4 жыл бою жалаң кыска толкунда таркатылып келген. 1998-жылы президент Роберт Кочаряндын өкмөтү “Азаттыктын” берүүлөрүн орто толкунда жайылтууга уруксат берген. Өкмөт бирок, “Эркин Европа/Азаттык” радиосу быйыл жазда Арменияда өткөн парламенттик шайлоону кандай чагылдырганын сынга алып, оппозицияга ырасмий тарап менен бирдей сөз берди деп катуу камтамачылыгын билдирген.