Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

ТУРСУНБЕК АКУН “СЫНГАН КЫЛЫЧ” ФОНДУН ТҮЗДҮ


Бишкекте Төлөгөн Касымбеков атындагы “Сынган кылыч” фонду түзүлдү. Фондуну белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун негиздеди. Анын айтымында бул фонд жазуучунун чыгармаларын элге жайылтуу, даңазалоо, китептерин басып чыгаруу иштери менен алектенмекчи.

Белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы калктын калың катмарына кеңири жайылып, бир канча тилдерге да которулган. Так ушул романы үчүн жазуучу тотолитардык СССР доорунда далай куугунтуктоолорго туш болуп, чыгармасындагы айрым жерлерди өзгөртүүгө мажбур болгон. Учурунда айрым замандаштары ага «улутчул», «шовинист» деген түрдүү жарнактарды тагып келишкендиктен, Төлөгөн Касымбековдун эмгектери эгемендик келгенден кийин гана толук өз баасын алды. Ошентип, залкар жазуучу, тирүү классик катары жогору бааланып келаткан кыргыз жазуучусунун фонду да түзүлдү. «Сынган кылыч» деп аталган бул фондунун негиздөөчүсү Турсунбек Акун, мындай фонду түзүүнү көп жылдардан бери эңсеп келаткан:

- Көп жылдардан бери ушундай тилегим бар эле, Төлөгөн Касымбеков атындагы фонд түзсөк деген. Атайын негиздөөчүсү мен болуп атам. Тирүү кезинде классик болгон, тарыхый чоң романдарды жазган, жалпы журтубузга гана эмес, түрк дүйнөсүнө, бүткүл дүйнөгө белгилүү жазуучубуз азыр көзү тирүү. Бул кишинин улут үчүн сиңирген эмгеги зор. Биз адамды тирүү кезинде сыйлашыбыз керек. Эгер биз тирүү кезинде сыйлап албасак, ал кишинин көзү өтүп кеткенден кийин сыйлаганыбыздын зарылчылыгы жок болуп калат.

Учурда Төлөгөн Касымбеков 75 жашка чыкты. Анын өмүрлүк жубайы Элмира Касымбекованын айтымында, азыркы тапта бираз сыркоолоп турган жазуучу, “Өткөн өмүр көргөн күн” аттуу мемуарын жазып бүтүп калды:

- Бүгүнкү күндө “Өткөн өмүр көргөн күн” аттуу мемуарын бүтүп атат. Ал киши менен мен жашаганыма мына быйыл жети жыл болуп атат. Ортобузда Асылбек деген балабыз бар. Беш жашка келди. Жети жыл жашасам да мен ал киши менен жетимиш жыл өмүр сүргөндөй болдум. Себеби, бүт жан дүйнөсүн түшүндүм. Мен бул кишинин кичинекей кезинен баштап, ушул күнгө чейинкисин бир китеп кылып коеюн деп, ошого эмгек кылып атам, - дейт Элмира Касымбекова.

Ошондой эле ал мындай фондуну түзүү идеясы жеке Турсунбек Акунга таандык экендигин да айтты:

- Бул кишини эч ким түрткөн жок, эч ким эчтеке кылган жок. Мына негиздөөчүсү өзү болуп, ушуну өзү бала күнүнөн эңсеген экен. Жеке ушул кишинин идеясы бул.

Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы азыркы Аксы районуна караштуу Жаңыжол айылында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1960-70-жылдары “Алатоо” журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, редакторлук кызматтарды аркалаган. Советтик тотолитардык режим жумшарып калган 1986-жылы Кыргыз эл жазуучусу деген наам алган. Эгемендиктин алгачкы жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп турган. Ушул жылдары анын “Сынган кылыч” романы кайрадан оңдолуп, түп нускасынын негизинде жарыкка чыкты. Азыр 75 жаштагы залкар жазуучубузду “Сынган кылыч” фондусу менен куттуктап, ага чың денсоолук, амандык тилейли.
XS
SM
MD
LG