Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

БИШКЕКТЕ “КОҢУР КҮЗ” СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛАТ


Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи менен биргеликте уюштурулуп жаткан бул көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн живопись, графика жанрындагы сүрөттөрү, бедисчилердин эмгектери жана чеберлердин колунан жаралган буюмдар көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

Сүрөтчүлөр биримдигинин төрагасы Таалай Курмановдун билдиргенине караганда бул иш-чарада түрдүү темадагы жана баардык жанрдагы эмгектери коюлмакчы. Бул көргөзмөгө сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү, сүрөтчү Сабитжан Бабанов Ысыката эс алуу жайынан тарткан эмгектерин коет. Ал эми кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Нурдамир Коңурбаев бул көргөзмөдө Болгария, Түркиядан тарткан сүрөттөрүн коет.

“Көргөзмөдөгү сүрөттөр каалоочулар үчүн сатыкка да коюлат. Учурда кайсы гана көргөзмө болбосун буюмдар сөзсүз сатыкка чыгарылат. Себеби ошол сүрөттөрүн сатып оокат кылып жатышат. Сүрөтчүлөргө мамлекет тарабынан көңүл деле бурулбайт. Биздин сүрөтчүлөр чет мамлекеттерде да көргөзмөлөрүн уюштуруп турушат. Бирок ага кеткен чыгымдардын баарын өздөрү табышат же демөөрчү издешет,”- деди сүрөтчүлөр биримдигинин төрагасы Таалай Курманов.


Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өз эмгектерин көрсөтүшүп келген кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн бул көргөзмөсү улуттук көркөм сүрөт музейинин колдоосу менен өткөрүлүүдө. Көргөзмө бүгүн саат үчтө аталган музейде ачылат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG