Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

ЛИВАНДАГЫ КӨП УЛУТТУУ КҮЧТӨРДҮ ИТАЛИЯ БАШТАП БАРАТ


Дүйшөмбүдө Италия Ливандын түштүгүндө жайгаштырыла турган көп улуттуу күчтөрдү башкарууга даяр экенин билдирди. Бирок ырасмий Рим Ливанга 2 миңден 3 миңге чейин аскерин жөнөтөөр алдында Израил ал жердеги согуштук аракеттерин толугу менен токтотушун каалайт.

Италиянын тышкы иштер министри Массимо Д’Алема Римдик “Республика” гезити жарыялаган интервьюсунда аскерлер Ливандагы ок атышуу биротоло тыйылганда гана жөнөтүлөт деп белгилейт. Ошентсе да, Италиянын бул чечими кандай максаттарды көздөйт? “Азаттыктын” ушундай суроосуна Италия парламентиндеги тышкы иштер комитетинин кеңешчиси Рафаэлле Матарацо төмөнкүдөй жооп узатат.

- Бул жерде бир нече себеп бар. Эң башкысы – Италия өзү үчүн өтө маанилүү Жер ортолук деңиз алабындагы, же Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндөгү таасири менен ролун бекемдегиси келет. Соңку жылдары, мурунку өкмөт тушунда Италия көбүнэсе АКШ, Израил тарапты колдогон тышкы саясат жүргүзүп келди. Эми жаңы солчул өкмөттүн келиши менен Рим Европага басым жасап, Жакынкы Чыгыштагы тарыхый ролун бекемдеп, арап өлкөлөрү менен мамилесин оңдогусу келет. Ошондой эле Италия Ливандагы күчтөрдү башкарса, Улуттар уюмунун алкагында да аброю жогорулайт деп ишенет.

Өткөн дүйшөмбүдө Израил менен “Хезболла” ок атууну токтотууга келишкени менен, Ливандын түштүк жана чыгыш тарабында улам бир жерде тынчтык бузулууда. Дүйшөмбүдө Израил армиясы “Хезболланын” согушкерлерине ок ачып, экөөнү өлтүргөнүн айтса, Ливандык бул радикал уюм атышуу болгон жок деп четке кагат. Тель-Авив – өз ара элдешүү жарыялангандан бери 12 хезболлачы жана бир жөөт аскери курман болгонун маалымдады.

Адегенде Франция Ливандагы көп улуттуу күчтөрдү башкаруу ниетин билдирип, кийинчерээк эл аралык аскерлердин максат-милдети так, даана аныкталмайынча бул чечимин кайра чакыртып ала турганын айткан. Италиянын премьер-министри Романо Проди да Улуттар уюмунун Ливандагы кырдаалга тийиштүү резолюциясын кайра карап чыгып, көп улуттуу күчтөрдүн укук-милдетин так жазууга үндөдү. Азырынча көп улуттуу күчтөргө кайсыл өлкөлөр өз аскерин кошоору да белгисиз, Индонезия, Малайзия, Бангладеш өз жоокерлерин сунуш кылды эле, Израил өзү менен дипломатиялык алака-катышы жок бул өлкөлөрдүн аскерлерин жайгаштырууга каршы чыкты.

Евробиримдиктин чабармандары шаршембиде Брюсселде чогулуп, Ливанга жөнөтүлө турган 15 миңдей аскерден курала турган эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн мандатын жана курамын талкуулашат. Аны утурлай көп улуттуу күчтөрдү башкарууга даяр экенин жарыялаган Италиянын тышкы иштер министри “Хезболладан” куралсызданууну талап кылуунун өзү адилеттүү, бирок Израил аскерлери ок атып жаткан чакта Ливанга бир да чет өлкөлүк аскер барбайт деп басым жасады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG