Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:23

САДДАМ КҮРТТӨРГӨ КАРШЫ ГЕНОЦИД БОЮНЧА СУРАК БЕРЕТ


Дүйшөмбүдө Багдадда Саддам Хусейндин үстүнөн жаңы сот иши башталды. Бул ирет Ирактын экс-президенти жана анын тушунда жетекчи кызматта иштеген 6 киши 1980-жылдардын аягында күрттөргө каршы химиялык курал колдонуп, кыргын уюштурган деп айыпталууда. Саддам мурдагыдай эле өзүн эч күнөөсүз деп жарыялаган билдирүү жасады.

Бул ирет Саддамга жана анын 6 шакиртине тагылган айыптар өтө олуттуу. Аларга 1980-жылдардын аягында Ирактык күрттөргө каршы геноцид уюштуруп, химиялык курал колдонуп, 50 миңдей күрттү өлтүрткөн деген кине тагылууда. “Анфал” аттуу ал операция маалында Ирак өкмөтүнүн аскерлери күрттөр байырлаган аймактарда элге каршы ок ачып, айрым айыл-кыштактар уулуу газга чөмүлүп калган. Саддам жана анын шериктери бул операция – Ирандын колдоосу астында көтөрүлүшкө чыккан козголоңчуларга каршы уюшулган мыйзамдуу аракет болгон деп кайталап келатышат. Буга чейинки сотто Ирактын экс-лидери 1982-жылы 148 шийини өлтүрүүгө буйрук берген деп күнөөлөнгөн, андыктан бүгүн карала баштаган 2-иш андан кыйла татаал болуп, узак убакыт талап кылышы мүмкүн.

Багдаддагы сотто көрсөтмө бергени келген күрттөр үндөрү мукактанып, абдан кейиштүү окуяларды баяндап жатышты. Алардын бири “Анфал” операциясынын айынан аялын, алты баласын жоготконун айтса, дагы бир аял ал жашаган кыштакты химиялык газ каптап, дээрлик бардык жашоочулар кырылганын баяндады. “Мага окшоп, качып кутулгандарды да тирүү калды деп айтуу кыйын, анткени бардык тууган-жакындарын жоготкон кишинин жашоосу курусун”, - деп жыйынтыктады ал кайгылуу баянын.

Лондондогу согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун аналитиги Аммар аш-Шахбандер “Анфал” операциясы аеосуз кампания болгонун жана ал документтерде дыкат жазылып калганын айтат.

- Мен Ирактын коопсуздук кызматына, коргонуу министрлигине тийиштүү бир катар ырасмий документ-тизмелерди карап чыккам. Аларда аскерлердин ар бир кыймылы, кайсыл айыл жок кылынганы, канча киши өлтүрүлгөнү так көрсөтүлгөн.

Бул ирет Саддам менен кошо “геноцид, адамдарга каршы аскердик кылмыш жасаган” деп күнөөлөнүп жаткан 2-маанилүү адам – анын аталаш иниси Али Хасан ал-Мажид. Калк арасында “химиялык Али” деген атка конгон ал-Мажид сот алдында эч нерсе айтпай турганын иш каралып баштаар замат билдирди.

Ирактык күрттөр алардын тарыхына кара барак катары кирип калган бул окуялар сотто каралып жатканына ыраазы экенин билдирүүдө. Байкоочулардын баамында, Саддамга каршы ачылган кылмыш иштеринин тизмеси узак болгондуктан, алар боюнча тыянак чыгаруу иши дагы бир нече жылга созулчудай.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG