Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан кирген Шанхай кызматташуу уюму мындан 10жыл илгери түзүлгөндөн бери ага кирген өлкөлөр ортосундагы мамилелер жана жалпы бирикменин мазмуну акырындап өзгөрүп отурганы талашсыз. Ал кезде мурдагы советтик аймактагы жаңы көз карандысыз мамлекеттер эң ириде чек араларын аныктап-бекемдөө аракетинде алпурушса, Кытай Тайван багытына башкы көңүл буруп, КМШ тарапты кайтарган күчтөрдүн бир бөлүгүн чыгышты көздөй жылдырууга куштар болгон. Андан аз жыл өткөн соң, Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр өз ара экономикалык алакаларды кеңейтүү багытына басым жасай башташты.
Эмнеси болсо да, Лондондогу Жэйнс тобунун аналитиги Алекс Ватанка айткандай, Шанхай биримдигине эң башында Кытай абдан кызыкдар эле.
- Кытайлыктарды ал тапта уйгур сепаратизми, исламчыл уюмдар, улуттар аралык араздашуу маселелери катуу тынчсыздандырып жаткан. Алар бул көйгөйлөрдү чечүү жаатында чек аранын ары жагындагы Кыргызстан, Казакстан жана башкалар эмне дейт деп изилдеп, өнөктөштөр издеп жаткан чак эле. Шанхай кызматташуу уюму дал ушул негизде түптөлгөн.
Кытайдын уйгур мусулмандары менен татаал мамилелери Орусиядагы чечен маселеси, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү исламчыл кыймылдар көрүнүшү менен үндөшүп, Шанхай кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттер өз ара оңой тил табышып кетти, дейт Лондондогу согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун өкүлү Жон Маклеод.
- 2001-жылы уюмга Өзбекстан кошулганда, Шанхай кызматташуу уюму болуп кайра түзүлүп, бирикме жаңы мазмунга ээ болду.
Кытай уйгур сепаратизмине басым жасаса, Өзбекстандын бийликтери Шанхай кызматташуу уюму Ташкенге куралдуу оппозицияга айланган бейрасмий Өзбекстан ислам кыймылын ооздуктоодо жардам берет деп ишенет. Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан үчүн да регионалдык коопсуздук маселеси күн тартибиндеги башкы көйгөйлөрдүн бири. Аңгыча былтыркы Анжыяндагы коогалаңдан көп узабай чогулган Шанхай кызматташуу уюмунун лидерлери АКШ Борбор Азиядагы аскердик базаларын качан чыгарып кетээрин так айтсын деп талап кылышты. Лондондук эксперт Маклеод аны менен уюм саясатташып баратканын көрсөттү деген пикирде.
- Андай билдирүү жасап, уюм Анжыяндагы окуялардан кийин Өзбекстанга байланыштуу Батышты сындап, Шанхай бирикмеси бекем бир саясий бирикмеге айланып бараткандай түр көрсөтө алды деп ойлойм. Андан бир ай мурдараак эле Өзбекстан АКШны эң башкы дос деп атагандай болду эле.
Эмнеси болсо да, былтыр жыл аягында АКШ аскерлери Өзбекстандан чыгып кетти, эми жакында Кыргызстандын бийликтери америкалык аскердик базанын ижара акысы чечилбесе, келишим бир тараптуу токтотулушу мүмкүн деп эскертти. 26-апрелде уюшулганына 10 жыл толгон Шанхай кызматташуу уюмун байкоочулар Евразиялык жаңы күчкө айланып баратат деп айтышууда. Ага кошулуу ниетин билдирген Монголия, Иран, Пакистан, Индия, Ооганстан азырынча байкоочу катары айрым жыйындарына гана катышып келатат.