Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:40

БЕЛАРУС МИЛИЦИЯСЫ ДЕМОНСТРАНТТАРДЫ КҮЧ МЕНЕН ТАРКАТТЫ


Минск шаарындагы кечээки ири демонстрациянын уюштуруучуларынын бири, президенттик үчүн ат салышкан оппозициячыл талапкер Александр Козулин убактылуу абакта кармалууда. Беларус ички иштер министри Владимир Наумов милиция кармап кеткен демонстранттардын иш аракетинде “кылмыштык мүнөз бар” деп журналисттерге билдирди. Батыш өлкөлөрү оппозициянын нааразылык иш-чарасын айоосуз баскан расмий Минскти кескин сынга алды. Герман тышкы иштер министрлиги камакка алынган демонстранттарды токтоосуз эркиндикке чыгарууну Минсктен талап кылды.

Кечээ Беларустун ордо шаары Минскте оппозициячыл күчтөр нааразылык демонстрация өткөрдү. Оппозиция 19-марттагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, анда жеңди деп расмий жарыяланган азыркы президент Александр Лукашенканын бийлигин тааныбоону талап кылууда.

Оболу оппозиция ишемби таңда (25-мартта) борбордук “Октябрь” аянтында митинг өткөрүүгө далаалаттанды. Милиция аларды борбордук аянтка өткөрбөй койгон соң, алар Янка Купала аянтына келип, тынч демонстрация өткөрүштү.

Андан соң алардын бир бөлүгү жума күнү кечинде нааразылык чарасы маалында милиция тарабынан кармалган кишилер жаткан убактылуу абакты көздөй жүрүш жасады. Дал ошол маалда милиция демонстранттарга кол салды.

Бул кагылышуунун алдында оппозициячыл лидер А.Козулин милициянын атайын күчтөрү менен сүйлөшүү жүргүзүүгө, аларга гүл тапшырууга аракеттенген.

Демонстранттарды таркатуу үчүн милиция желим таяктарын ырайымсыздык менен колдонгону кабардалууда. Топтолгондорду коркутуп-үркүтүү максатында тарсылдаган үн чыгарчу гранаталар да жардырылган.

Окуяга күбө болгон бир беларус атуулу милициянын ишемби күнкү зомбулугу үчүн ызаланганын “Азаттыкка” айтып берди:

- Алар аялдарды да тепкилеп жатышты. Бул таптакыр ээнбаштык! Алар тим эле фашисттердей болду!

Көргөн көзүнө ишенбей, сүйлөй албай демиккен бир беларус айым да “Азаттыктын” кабарчысына буларды кошумчалады:

- Биз полковник Дмитрий Павлюченко жетектеген атайын машыккан жоокерлердин чабуулу астында калдык. Алар кишилерди желим таяк менен сабап киришти. Алтоолоп бир кишиге асылып киришти. Балдарды да сабап жатышат.

Ал эми ички иштер министри Владимир Наумовдун расмий “Белта” кабар агенттигине билдиришинче, демонстранттар биринчи болуп милицияга кол салып, бөтөлкөлөрдү жана башка заттарды ыргытышкан. Наумовдун айыпташынча, Александр Козулин демонстранттарга өкмөттүк кеңселерди ээлеп алуу чакырыгы менен да кайрылган. Бирок азырынча бул доого карата камактагы А.Козулиндин жообун алууга мүмкүндүк болгон жок.

Демонстрация күчтөп таркатылаар алдында президенттикке талапкерлердин бири, оппозициячыл лидер Александр Милинкевич “Беларусту боштондукка чыгаруу үчүн элдик кыймыл” түзүлөөрүн жарыя кылды:

- Менимче, партиялар менен бейөкмөт уюмдарды баш коштурган биздин коалиция бул кыймылдын өзөгүн түзүүгө тийиш.

Милинкевичтин айтымында, шайлоодо оппозициялык талапкерлер үчүн добуш берген миллиондон ашуун киши бул кеңири коомдук кыймылды колдоого алмакчы. Милинкевич жакынкы сааттарда беларус оппозициялык кыймылы нааразылык иш-аракетин жандантпайт, бирок болочокто жүз миңдеген кишини көчөгө алып чыгышы мүмкүн деп айтты.

“Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 82 пайыздан ашууну президент А.Лукашенканы колдоду” деген расмий бүтүмдү жергиликтүү оппозиция да, Кошмо Штаттар да тааныбай турганын билдирди.

Европа Биримдиги Беларустагы президенттик шайлоону эл аралык стандартка ылайык өткөрүүгө бөгөт болгон беларус төбөлдөрүнө карата кескин чаралар көрүлөөрүн маалымдады.

Ал эми АКШнын Ак Үйү болсо Беларуска карата каржылык жаза киргизилээрин, өлкөнүн айрым расмий жетекчилеринин АКШга келүүсүнө чектөө коюлаарын билдирди.

Орусиянын БУУдагы элчиси Андрей Денисов болсо Евробиримдик менен АКШнын Беларуска каршы киргизилчү болжолдуу чектөөлөрү бул өлкөдөгү демократиялык жараянга жардам бербестен, тескерисинче, тоскоол болоору тууралуу эскертти.

XS
SM
MD
LG