Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

САДДАМ СОТ ЖАРАЯНЫН САЯСИЙ ӨНӨКТҮККӨ АЙЛАНТУУГА АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Кечээ (шаршембиде) Багдатта Ирактын мурдагы мамлекет башчысы Саддам Хусейн 1980-жылдары шийилердин козголоңун кандуу баскан, далайларын өлтүртүп, абакка салып, кыйноого алдырган деген доо боюнча айыпталуучу катары көрсөтмө берди. Ал сот залында мурдагы тактикасын колдонуп, өзүнө каршы сот жараянын айыптап, жалпы ирак улутуна кайрылуу жасоого аракеттенип жатты. Сот анын сөзүн бөлүп, жараянды сыналгы аркылуу түз берүүнү токтотууга аргасыз болду.

Саддам Хусейн сот жараяны маалында өзүн кас душманга каршы чабуулга өткөн саясатчынын турумунда тутууга далаалаттанды. Анын оюнча, бул сот – тек гана сахнадагы күлкү келтирчү оюнга тете. Мурдагы диктатор жалпы ирак элин “бардык баскынчыларды” өлкөдөн кууп чыгууга чакырды.

Ошондой эле, ал өткөн айда Самарра шаарында шийилердин ыйык жайына жасалган террордук чабуулду жана ирактыктардын диний тарыкаттар аралык кагылышууларын өзгөчө айыптап, бул кылмыштуу окуяга ирак элинин тийешеси жок деген оюн айтты:

- Менин акыл-эсим, менин сезимим мындай дейт: ирак эли – момун жана чынчыл эл, ынтымактуу жана чыгаан эл, ырайымдуу жана айкөл Алланын калканчы астында турган эл. (Самаррадагы) имам ал-Хади менен имам ал-Аскеринин касиеттүү жайларын жардырууда ирактыктардын эч күнөөсү жок.

Сот Рауф Абду-р-Рахман (Raouf Abdel-Rahman) болсо Ирактын мурдагы мамлекет башчысынын сөзүн улам токтотуп, кайра-кайра анын микрофонун өчүртүп, аны сот ишин саясий өнөктүккө айлантпоого чакырып жатты:

- Сиз азыр кылмыш ишине байланыштуу сотто отурасыз. Сиз жазыксыз кишилерди өлтүрткөн деген олуттуу кылмыш үчүн айыпталып жатасыз. Дал ушул сот иши боюнча жообуңузду бериңиз. Биз Сизди Америка менен болгон каяктагы бир эски күрөшүңүз тууралуу сүйлөсүн деп чакырган жокпуз, Сизге сотто көрсөтмө берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп отурабыз.

Саддам болсо эгерде бул сот иши Американын кызыкчылыгында болбосо, анда ушул залда айыпталуучу катары эч качан отурбас элем деп каяша жооп кайтарды.

Ал эми сот Абду-р-Рахман бул сот жараяны Ирактын ичиндеги эле кылмыш окуяларын тескеп жатканын, анын Америкага таптакыр тийешеси жоктугун айтты.

Саддам Хусейн улам-улам саясий чакырыктарды жасай берген соң, акыры соттун чыдамы түгөнүп, сот жараянын обого сыналгы аркылуу түз берүүнү токтотуп салды.

Саддамдын үстүнөн жүрүп жаткан сот эми 5-апрелде улантылмакчы. Саддам жана андан башка дагы жети киши 1982-жылкы Саддамдын өмүрүнө кол салуу аракетинен кийин шийилердин бир кыштагынын 148 тургунун кырдырып салышкан деп айыпталууда. Саддам да, анын каны бир тууганы Барзан Ибрагим ат-Тикрити да өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG