Батыштык маалымат каражаттары Буш менен Путиндин айткандарын салыштырып көрүп, Вашингтон коммунисттик идеологияны ооздуктап, Москва аны ар тараптан жайылтууга умтулган “кансыз согуш” жылдарын аргасыз эске салышат. Айрыкча тышкы саясатка келгенде, эки лидердин көз карашы караманча каршы болуп чыкты. Алсак, Орусия президенти “ыңкылаптын ордуна өнүгүү” деген ойго басым жасаса, АКШ жетекчиси “революциялык өзгөрүүлөрдүн” маанисин белгилеп жатты.
“Өзбекстандын бийликтери Анжыяндагы козголоңду куралдын күчү менен басканынан улам Москва Ташкен менен мамилелерин өзгөртүшү мүмкүнбү”? – деген суроого Путин ачуулана мындай деп жооп берди.
- Бизге Орто Азияда дагы бир Ооганстандын кереги жок, ошондуктан абдан сак болушубуз керек. Бизге ыңкылаптын да кереги жок, андан көрө Анжыяндагыдай жарылууларды токтото турган өнүгүү болушун каалайбыз.
Орусия президенти өткөн жылкы башкы жетишкендик катары Чеченстанда туруктуулук орноп, өткөн ноябрда ал жерде кошпалаталуу парламент шайланганын атады.
Өзбек лидеринен башка Батыштын сынына кабылып келаткан дагы бир постсоветтик жетекчи Александр Лукашенкону да калкалап, Путин Орусия-Беларус алакалары жүздөгөн жылдар мурда калыптанган деп басым жасады.
АКШ президенти Жорж Буш эл аралык деңгээлде Вашингтондун саясий активдүүлүгү арта берээрин белгилеп, андагы башкы багыттар катары терроризмге каршы күрөш, Ирак, дүйнөдө демократияны жайылтуу максаттарын атады.
- Азыркыдай татаал, сыноолорго жык заманда башкалардан обочолонуп, бири-бирин калкалоо саясаты кооптуу натыйжалар алып келүүдө. Биздин элди, бейпилдикти, көздөгөн максатыбызды коргоодо бир гана дүйнөдөгү алдыңкы ролубуз жардам бере алат. Ошондуктан Кошмо Штаттар лидерлигин уланта берет.
Ооганстан менен Иракка өзүнчө токтолуп, президент Буш: - Биз террористтик уюмдарга каршы чечкиндүү күрөш жолунан тайбайбыз. Буга чейин алардын далай жетекчилерин жок кылып, же колго түшүрдүк – калгандары үчүн да андай күн алыс эмес. Президент Карзай жана парламент террорчулукка каршы күрөшүп, демократия орнотууга күч жумшап жаткан Ооганстанда активдүү аракеттене беребиз жана Иракта толук жеңишке алып бара турган жолдон кайтпайбыз, - деп белгиледи.
Ички саясатка келсек, Орусия менен АКШнын лидерлери экөө бирдей энергетика тармагына басым жасашты. Буш Америка кара май жагынан Жакынкы Чыгышты карап отурган адатынан арылышы керектигин айтып, 2025-жылга дейре бул жаатта жаңы технологияларды иштеп чыгуу зарыл деп билдирди. Путин болсо Орусиянын жаратылыш газынын баасын көтөрүү саясатын коргоп, бул маселени дүйнөлүк деңгээлге шайкеш чечүү керек деген оюн ортого салды. Жорж Буш экономикалык жактан да АКШ дүйнөдө баарынан күчтүү мамлекет катары кала берет десе, Путин Вашингтон Орусияны арт жакта кармап турууну каалайт деп сындады.
Байкоочулар АКШ менен Орусия президенттеринин удаама-удаа айтылган билдирүүлөрү эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык тирешүүнү ачыкка чыгарды деп белгилеп жатышат.