Орусиянын Наркокөзөмөл кызматынын башчысы Виктор Черкесовдун айтымында, өлкө аймагында кармалган баңги заттарынын көлөмү акыркы эки жыл ичинде эки эсеге көбөйдү жана ал заттар негизинен Ооганстандан ташылып келет. 2004-жылы Орусияда 129 тонна наркозат кармалган. Үстүбүздөгү жылы ооган-тажик чек арасын Тажикстандын өзүнүн чек арачылары көзөмөлдөй баштады, Черкесовдун пикиринде, чек араны орус аскерлери кайтарганда, мынчалык баш аламандык болгон эмес.
Черкесовдун айткандары Бириккен Улуттардын докладында жасалган корутундуга каршы келбейт, ал көтөргөн маселе - Ооганстанда апийим өндүрүшү азайганы менен, Орусияга баңги заттарынын ташылып келиши көбөйүүдө дегенди гана билдирет жана анын көптөгөн себеби, алардын ичинде - чындап эле ооган-тажик чек арасындагы көзөмөл начарлаганы болушу мүмкүн.
Бирок Биргелешкен коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа 30-ноябрда атайын билдирүү жасап, баңги заттарынын Орусияга көп өтө башталганы үчүн Ооганстанда жайгаштырылган батыштык аскерлерди күнөөлөдү. Анын айтымында, өлкөдөгү америкалык аскерлер өз милдеттерин толук аткара албай жатат, бирок Бордюжа так жана орчундуу далил келтирген жок.
Бириккен Улуттардын докладында келтирилген маалыматтарга караганда болсо, апийим эгилген жерлердин аянты Ооганстанда 2005-жылы 131 гектардан 104 гектарга чейин кыскарды жана апийимден түшкөн киреше үч жарым пайызга азайды. Уюмдун Кылмыштуулук жана баңзи заттар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Антонио Мариа Костанын айтымында, бир жылдын көрсөткүчтөрү боюнча алыска кеткен жыйынтык чыгаруу эрте, бирок Башкармалыктын аракеттери - наркоөндүрүш менен күрөшүү мүмкүн экенин көрсөтөт. Анын билдиргенине караганда, Шериктештик ичиндеги наркоабал боюнча Бириккен Улуттар атайын регионалдык борбор түзүү маселесин караштырууда жана ал Алматы, Бишкек же Ташкен шаарларынын биринде жайгашат.
Азыр дүйнөдө 200 миллионго жакын баңги бар, алардын басымдуу көпчүлүгү - 160 миллион адам - кара куурай чегет, апийимден жасалган героинди болсо 10 миллионго жакын киши, ал эми кока өсүмдүгүнөн өндүрүлгөн кокаинди 14 миллион адам пайдаланат.
2005-жылы дүйнөдө 565 тонна героин өндүрүлгөн, анын 500 тоннасы, же 90 пайызга жакыны - Ооганстанда өскөн апийимден жасалган. Ооган бийлиги апийим өндүрүшүн 2009-жылга карата 70 пайызга кыскартып, 2013-жылы аны толук жок кылуу максатын койгон. Экинчи орунда турган Мианмада апийим өскөн аянттар 2004-жылы 30 пайызга кыскарган жана ал жылы кургакчылык да болгондуктан, өндүрүш эки эсеге азайган. Кошуна Лаостун бийлиги андай аянттарды 2004-жылы 45 пайызга кыскартууга жетишти жана бул өлкөнүн дагы бийлиги апийим себүүнү такыр жок кылууну көздөөдө. 2000-жылы апийимден Виетнам жана 2003-жылы кошуна Таиланд толук арылган.
Кокаин болсо негизинен үч түштүк америкалык мамлекет - Колумбия, Боливия жана Перуда өндүрүлөт. Анткен менен баңгилер акыркы мезгилде героин жана жасалма синтетикалык маң заттарына өтө баштагандыктан, 2001-жыл менен салыштырганда, кокаин өндүрүшү азыр үч эсеге азайды.
Баасын алып караганда болсо, маң заттарынын бир жылдык өндүрүшү азыр дүйнө жүзү боюнча 322 миллиард долларга жетти, бул көрсөткүч эт өндүрүшүнөн үч эсе көп жана эгин өндүрүшүнөн төрт эсе жогору.