Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

СИБИРЬ ЖАРАСЫ, “КҮЙӨӨ БАЛА” СЫРЫ, КУРАЛЫБЫЗ - СӨЗ...


1-ноябрдагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу премьер- министр Феликс Куловдун отставкасын талап кылган митингчилер жана Рысбек Акматбаевдин соту, маданият жана милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамдары тууралуу болду.

1-ноябрдагы “Агым” гезити өлкө түштүгүндө сибирь жарасы өөрчүп кеткенин, акыркы айларда эле сибирь жарасынын 14 очогу катталганын, Ошто буга чейин да бул коркунучтуу оорунун 236 очогу болуп, аны дезинфекциялап турганга сокур тыйын да каралбаганын маалымдайт. Ушул гезитке кабарчы Нурбек Табылганбеков экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев тууралуу "Вечерний Бишкек" гезитинин экс-куратору Олег Оснаковдун айткандарын жарыялады.

“Олегдин айтуусуна караганда, Адил күйөө баланын "мозговой центри" бар. Ал борборго О. Ситько, москвалык журналист Сергей Пономарев, кеңешчи Владимир Никитин жана кыргыз элине таанымал адвокат Максим Максимович кирет экен. Экс-куратордун айтымында, Максим Максимович менен Адил Тойгонбаевдин ортосунда мамиле түзүк эмес. Адил Акаевдин адвокатына көп ишене бербейт. Бүгүнкү күндө Адил «баш үй-бүлөнүн» башкы финансисти имиш. Бардык каражаттар Адилдин өзү же бир тууганы Алтайдын кароосунда. Бирок ага карабастан, үй-бүлөнүн күйөө балага болгон мамилеси бир топ сууп калыптыр. Экс-куратор "күйөө бала" эч кандай бизнес деле жасабайт деп сенсациялуу билдирүү жасады. "Консультанттын" маалыматына караганда, Адил Тойгонбаевдин байлыгы 60 миллион долларды чапчыйт. Кыскасы, А.Тойгонбаев алакандай кыргыз элинин байлыгын колунан келишинче чет жакка алып чыгып кетиптир», - деп жазат автор.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын президенти Эдил Байсалов менен өткөн жумадагы окуялар боюнча “Агымдын” кабарчысы Асланбек Сартбаев аңгемелешкен.

Анда Эдил Байсалов “мурдатан эле Акүйдүн 7-кабаты, үч тамганын жетекчилери уюшулган криминалдык топтор менен тыгыз байланышта иштешип келгенин угуп жүргөнбүз. Болор иш болду. Ушундан соң Курманбек Бакиев мамлекетке, караламан калкка болушуунун ордуна, "эмоция, ушак" деп атканы - өзүнө-өзү шек келтиргени. Эми калпыс саясатын мындан ары тазалап, чечкиндүү чараларды көрбөсө ишеничтен таза кетээри, калың элге айкын болуп турат. Эң негизгиси, элибиздин ички рухуна зыян келтирилди. Мамлекет башчысы унчукпаса, укук коргоо органдары Мурат Суталиновдой титиреп туруп беришсе, криминалдык уюшма топтордун үстөмдүгү күчөп баратса, анан кантип элдин көңүлү сынбасын? Дал ушундай кесепеттерден кийин келечеги кең жаштарыбыз Кыргызстандан түңүлүп, кете башташты» -деген пикирин билдирген.

“Агымдын” журналисти Жолдошбек Зарлыкбековдун макаласында Конституциялык кеңешмеде парламенттик жана президенттик башкаруу тууралуу талаш-тартыш болгону талдоого алынат.

1-ноябрдагы “Аалам” гезитинде маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өлкөнүн маданият министри Султан Раев менен болгон маек жарыяланды. Анда айыл маданиятын көтөрүү, китепкана көйгөйлөрү жана таланттуу жаштарга камкордук көрүүнүн зарылдыгы айтылган. Ошондой эле ушул гезитке Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев менен бирге жүрүп, 31-абактагы окуяда каза болгон жардамчысы Абдулхамид Алымкуловдун туугандарынын кайрылуусу да чыкты.

Шейшембидеги “Аалам” гезити баяндамачы Кенжебек Арыкбаевдин “Тургула, сот келатат!” деген макаласына да орун берди. Макаланын мазмуну тууралуу автор мындай дейт:

- Жума күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Рысбек Акматбаев баштаган тогуз адамдын үстүнөн сот башталды. Аларга үч адамды өлтүргөн жана бир адамдын өмүрүнө кол салган деген айыптар тагылууда. Дал ушул айыптардын ичинде полковник Чыныбек Алиевдин өлүмү дагы сот процессинин өзөктүү иштеринин бири. Алгачкы сот процессине ал күнү жабырлануучу тараптан маркум полковник Чыныбек Алиевдин үй-бүлөсү жана адвокаты катышкан жок. Бул чуулгандуу кылмыш иштери боюнча сот жараяны 9-ноябрда улантылат.

1- ноябрдагы “Эркинтоо” гезити Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоевдин ушул кызматка келгенден берки иш-аракеттерин баяндады. Аталган гезит өлкөнүн маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз эл артисти Керим Тураповдун бейнесин, өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Шайлообек Ниязовдун “Манас таалими” программасынын мааниси тууралуу маегин да жарыялады.

1-ноябрдагы “Кыргыз туусу” гезити мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун кытайлык кыргыздарда болушу, Кызылсуу аймагындагы “Манас күндөрү” фестивалы тууралуу кеңири маалымдады. Өкмөт башчысы Феликс Куловдун Москвадагы Шанхай кызматташтык уюмунун кеңешмесине катышып, анда каралган маселелер жөнүндөгү баяндама да бар. “Чукул арада чара көрүлбөсө Сары өзөн Чүй аймагы суу алдында калып, көп жери сазга айланышы мүмкүн” деп жазат географ Бекин Жумабаев “Кыргыз туусуна”.

31-октябрдагы “Вечерний Бишкек” гезити Пакистандагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга кыргызстандыктар гуманитардык жардам көрсөтүп жатканы, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин агасы Рысбектин жана анын катарында дагы 8 адамдын үстүнөн Биринчи май райондук соту иш карай баштаганын маалымдады. Ошондой эле кылмыштуу топторду айыптаган бейөкмөт уюмдарынын митинги кеңири чагылдырылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG