Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

АСКАР АКАЕВДИН КАНАТЫНА КАЛКАЛАНГАНДАР, ТҮЙШҮКТҮҮ ТҮШТҮК, “АКЫЛМАН КҮЙӨӨ БАЛА”


Парламенттеги кайым- айтышуулар, Аскар Акаевге тиешелүү делген мүлктөрдүн, ишканалардын тизмеси кыргыз маалымат каражаттарында негизги тема болууда.

28- июнда жарык көргөн “Агым” гезитинде кабарчы Эркин Пиримовдун “ Күйөө баланын “күйүп- бышканы” эмне? Адил акыл үйрөтүп, Бермет беттегенин бербей” деген макаласы жарык көрдү. Мында Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев бизнестин гана эмес, макаланын да майын чыгара жазып, мекендештери казактарга акыл үйрөткөнү, Кыргызстанда дагы башаламандыктар улана берээри тууралуу айткан. “Кечээ эле шиферин, цементтин, кумшекерин сатып, каалаганындай тайраңдаган кайын журтун күйөө бала батька Махнонун тушундагы “явочная демократия” орногон, саясат парламентте, Конституциялык процедуралар аркылуу эмес, атаандаштарын атып өлтүрүу, бийлик органдарына кысым көрсөтүү ыкмалары менен жасалган, эларалык рейтинги гана түшпөстөн, тегерек четиндеги мамлекеттердин стабилдүүлүгүнө да коркунуч келтире баштаган, жаңы жетекчилери рэкет менен экспроприацияны жападан- жалгыз бизнеске айланткан өлкө катары мүнөздөйт” деп жазат автор. Ал эми “Орусия, Түркия сыяктуу Батыш менен Чыгышты жуурулуштуруп, көп улуттуулугу жана көп маданияттуулугу жагынан АКШны эске салган Казакстан болсо башка мамлекеттердин кучагына сиңип кетпей “чоң өлкөлөрдүн” бири болууга, бүткүл Орто Азия чөлкөмүндөгү тынчтык, коопсуздук үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, регионду каптап келаткан хаосту ооздуктоого тийиш” дейт. “Бул ишти бизден башка эч ким жасай албайт” деп казактын атуулу Адил Тойгонбаев айтканын талдоого алат “Агым” гезитинде кабарчы Эркин Пиримов.

28- июндагы «Агымда» Ош облусунун губернаторунун орун басары Кушбек Тезекбаев «төңкөрүштү карапайым эл жасап, жыргалын башкалар көрүп жатат. Мисалы, Акүйдөн келген өкүл Алманбет Матубраимов президенттен да ашып кетти. Бардык маселелерди биз менен кеңешпей чечип, облустук жана райондук салык кызматтарынын башчылыгына каалаган кишилерин дайындап салды» деп Алманбет Матубраимовду сынга алган. Ушул гезиттин кабарчысы Алишер Токсонбаевге берген маегинде Алманбет Матубраимов мындай сын пикирди төгүнгө чыгарат. Ошондой эле Оштогу кандуу кагылыштын чыгуу себептерин жана Сузакта жайгашкан анжияндык качкындардын тагдыры тууралуу өз пикирин билдирген.

Ушул эле “Агым” гезитинде кыргыздын алгачкы спорт чебери Тобокел Мамыров менен маек, “Заар калем” көрсөтүүсүнөн алынган президенттин администрациясынын жетекчиси Үсөн Сыдыков менен Жогорку кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин журналисттердин суроолоруна берген жооптору жарыяланды.

28-июнда жарык көргөн “Аалам” гезитинде мурдакы президент Аскар Акаевдин үй- бүлөсүнө жана анын жакындарына тиешелүү делген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын текшерип, аныктоосунун жыйынтыктары боюнча кабарчы Тамчы Таштешеровдун макаласы жарыяланды. Анда ушул комиссиянын иликтөөлөрү, казынага салык төлөбөгөн ишканалар, бажы, банк тармагындагы былыктар, мамлекеттик мекелелердин мыйзамсыз ири өлчөмдөгү каражаттарды которуп бергендиги, президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлктөрү, ушул маселеге байланыштуу фактылар тууралуу кеп болот.

28- июндагы «Аалам» гезитинде дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгендиги тууралуу редактордун орун басары Аида Надырбекова мындайча айтып берди.
- Сессия жаңылыктары, Курманбек Бакиевдин Москвадагы сапарын коштоп барып келген кабарчыбыз Семетей Талас уулунун “ЕврАзЭС” бизге эмне берет?” деген макаласы, “Татыктуунун кулагына күмүш сырга” деген тема менен экономист Жаныбек Жайлибаевдин ой- пикирлери жарык көрдү. Маданий майданда деген рубрика менен жаш акындар учурдагы чыгармачылык, анын оош- кыйыштары, күнгөй- тескейлери тууралуу ой болүшкөн. Өлкөдөгү чөнтөкчүлөрдүн артында кимдер турганы жөнүндө кабарчы Назгүл Эсенбай кызы иликтөө жүргүзгөн.

28- июнда басууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” 23- июнда Бишкекте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн драматургдарынын пьесалар жармаңкеси , координациялык кеңешме түзүлгөнү баяндалып жатат. Ошондой эле белгилүү акын Аман Токтогуловду калемдештери, замандаштары, акындын достору эскеришет. Учурунда адабиятчы, сынчы Жээнбай Самаганов кимдин куйругун басып, кимдерге жакпай, куугунтукталганын журналист Тенти Орокчиев баяндап,эскерет. “Адабий гезит” Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун “Архат” романынан үзүндүлөрдү сандан -санга жарыялоодо.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG