Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

ЕВРОБЮДЖЕТТИН ЧАТАГЫ УЛАНУУДА


16-17-июнда Брюсселде болчу жыйын Евробримдик үчүн чоң сыноо болот. Саммитте Европа Конституциясынын болочогу жана биримдиктин 2007-2013-жылдардагы бюджети талкууланат. Жакында эле болгон референдумда француздар менен нидерланддар Европа Конститутциясын колдобой, “жок” деп добуш беришкен. Британия орток бюджеттен алчу “жөлөк пул” боюнча Париж менен Лондондун арасында өзгөчө катуу талаш жүрүүдө. Брюсселдеги жыйын-Биримдик кризисти токтотууга жарамдуу экенин коомчулукка көрсөтө алабы?

Жакында Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Люксембургдун өкмөт башчысы Жан-Клод Юнке эгерде 2007-2013-жылдардын бюджети боюнча тараптар бир пикирге келе албаса, союз саясый кризиске кабылаарын эскертти.

Дүйшөмбү күнү Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Британ премьер-министри Тони Блэр менен Берлинде өткөн кездешүүдөн кийин Евробиримдикке “оң жышаан” керек экенине көңул бурду:


- Экинчи жактан, Европанын өнүгүүсүнүн белгиси Брюсселде үстүбүздөгү аптада болчу саммиттен башат алат деген ишенимде болгубуз келет. Анын белгиси бирөө гана - бизге баарынан мурда 2007- 2013-жылдарды финансылоодо мунаса керек.

Жалпы европалык интеграциянын колдоочулары бюджет маселеси чечилсе, Конституция боюнча референдумдун Франция менен Нидерландияда ойрон болгонуна карабай, саясый жараяндар акырындап алга жүрө берет деген ишеничте. Алардын айтышынча, талашка чекит коюлса, марттан бери кунун 10 пайызга жакын жоготкон евроакча үчүн да чоң жардам болмок.

Канцлер Шрөдер шейшемби күнү Германия мунасага барууга даяр экенине ишаара кылды:


- Бюджет тартиби улуттук өкмөттөрдүн эмес жалпы европалык маселе. Биздин пикирибизче, бюджет Европанын ички дүң продукциясынын бир пайызын түзүш керек, бирок биз Европанын кызыкчылыгына келгенде ийкемдүү болгонубуз жөндүү. Бардык башка өнөктөштүрүбүздөн да ушундай эле ийкемдүүлүктү күтөбүз.

Германия Евробюджеттин эң чоң каржылоочусу. Ырасмий Берлин 2007-2013-жылдардын боюджети биримдикке мүчө өлкөлөрдүн дүң кирешесинин бир пайызы болсун деген көз карашта. Биримдиктин аткому - Еврокомиссиянын планында орток бюджет улуттук дүң кирешенин 1, 14 пайызынан кем болбош керек.

Британия өз дыйкан чарбалары үчүн акыркы 20 жылда Евробюджеттен алып келаткан 5 миллиард евро “жөлөк пул” боюнча да күчтүү талаш жүрүүдө. Биримдиктин 24 мүчөсү Британия азыр уюмдун эң бай өлкөсү болгондуктан, ага “жөлөк пул” берилбесин деп жатышат.

Премьер-министр Тони Блэр жакындан бери Лондон талапка макул дегендей кылууда. Бирок 2002-жылкы келишимге ылайык, Франция менен Германия жок дегенде 2013-жылга чейин дыйкан чарбаларын акчалай каржылоосун кыскартсын деп жатат.

Блэр дүйшөмбү күнү Берлинде жасаган билдирүүсүндө мындай деди:


-Албетте, ар бир адам бул иште адилеттик болуусун каалайт жана Европанын финансылоо калыс чечилсин дейт. Себеби, мен азыр же эки жыл мурда айткандай, Европанын алдында 21 кылымдын башындагы чоң маселе турат. Ал “Келечекте Европаны каржылоонун туура жолу кандай жана бул жыйын алдында кандай милдеттер турат?” деген суроо.

Бирок көпчүлүк талдоочулардын айтымында, Блэрдин шаршемби күнү Парижде президент Жак Ширак менен болчу сүйлөшүүсү ийгиликтүү бүтөөрү күмөндүү.

Евробиримдикте жарды региондорго субсидия берүү боюнча да жалпы пикир жок. Анын эски мүчөлөрү - Испания, Португалия, Греция - уюмга жаңы кошулган Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ички дүң продукциянын 3, 9 пайызын же андан азыраак өлчөмдө субсидия берүүгө макул эмес.

XS
SM
MD
LG