Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

АСКАР АКАЕВ КЫЗМАТЫН ЫРАСМИЙ ТАПШЫРДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Кызматынан четтетилген Аскар Акаев президенттик кызматынан кеткендиги жөнүндө арызына 4-апрелде Москвада кол койду. Ушул күндөн баштап анын президенттик ыйгарым укуктары ырасмий токтойт. Аскар Акаевдин арызын депутаттык комиссия ушул түнү Бишкекке алып жөнөйт.

Аскар Акаевдин арызын жаздыруу аземи Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында өттү.

Эскерте кетели, Москвага атайын барган депутаттык комиссия менен Аскар Акаевдин ортосунда протоколго 4-мартта кол коюлган.

Ал протокол төрт шарттан турат. Биринчиден, Аскар Акаев полномочиелерин өткөрүп бериши керек. Экинчиден, Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге карата экс-президенттик статус сакталаары жөнүндө токтом кабыл алып берет. Үчүнчүдөн, Аскар Акаев арызын жазгандан кийин парламент президенттик шайлоонун мөөнөтүн жарыялайт. Акыркы шарт ушул - протоколдун шарттарынын аткарылышына Орусия менен Казакстан кепил болот.

Арызына кол койор алдында Аскар Акаев парламентке жана элге кайрылуу жасады. Анын он сегиз мүнөттүк сөзү эртең парламентте жана улуттук телеканал аркылуу элге угузулат.

Депутаттык комиссиянын курамындагы депутат Темир Сариев Москвадан билдиргенге караганда, Аскар Акаев өз сөзүндө кийинки бийликке ийгиликтерди каалады:

- Аскар Акаев өз сөзүндө жасап үлгүрбөй калган иштерин, жетишкен ийгиликтерин айтты. 24-мартта эмне үчүн өлкөдөн чыгып кеткенине токтолду. Ал акыркы буйругу 24-март күнү ок чыгарбагыла дегени болгонун билдирди. Аскар Акаев жаңы бийликке ийгиликтерди каалап, өзү жасай албай калган иштерди бүтүрүшүн каалады.

Аскар Акаевдин ырасмий кызматтан кетиши жөнүндө арызын жаздыруу салтанатына экс-премьер-министр Николай Танаев, экс-министр Кубанычбек Жумалиев жана Бишкектен барган беш депутат катышты. Арызга кол коюу аземине Аскар Акаевдин үйбүлө мүчөлөрү келген жок.

Москвада жүргөн депутаттардын айтымында, кечээги сүйлөшүүлөргө кызы Бермет менен уулу Айдар кошо келген. Депутат Темир Сариев телефон аркылуу билдиргенге караганда, Аскар Акаевдин балдарынын маанайы чөгүңкү:

- Маанайлары абдан начар. Албетте алар мындайды күткөн эмес да. Өтө оор кырдаал болуп турат. Балдары үчүн өтө трагедиялуу учур болсо керек. Айдар менен да, Бермет менен да бир аз сүйлөшүп турдум. Жалпы бир маселелер жөнүндө гана сүйлөшүп турдук. Алар атасы менен чогуу келишти, бирок сүйлөшүүлөргө кирген жок.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Ташкул Керкесизов Аскар Акаевдин жан дүйнөсүндөгү акыбалды душманыма да каалабайт элем деген оюн билдирди:

- Аскар Акаев кантсе да көп жыл бою эл башкарды да, өзүн кармаганды, алып жүргөндү билет. Сүйлөгөнү жакшынакай эле, сыртынан билгизген жок. Бирок ички сезимдери, жандүйнөсү эмне болуп атканы билинип турду. Мындай акыбалды чынында душманга да каалабайт элем.

Айрым маалыматтарга караганда, жаңы өкмөттүн мүчөсү, Транспорт жана байланыш министри Ишенбай Кадырбеков да ушул күндөрү Москвада болуп, Аскар Акаев менен көзмө-көз сүйлөшүп кайтты. Москвада жүргөн депутат Темир Сариев Ишенбай Кадырбеков Аскар Акаев менен жекеме-жеке сүйлөшкөнүн тастыктады.

Ал эми Ишенбай Кадырбековдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ал Москвада өз иштерин бүтүрүп жүрдү, бирок Аскар Акаевди көргөн жок.

3-апрелде кол коюлган протоколдо айтылган шарттардын аткарылышына кепил болот делген Казакстан менен Орусия тараптан сүйлөшүүлөрдө эч ким болгон жок.

Депутаттык комиссия өкүлдөрү түшүндүргөнгө караганда ушул шарттын киргизилишин Аскар Акаев өзү суранып, кепил болуп берүүгө Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев экөө тең макул болгонун билдирген.

Аскар Акаев буга чейинки интервьюларында билдиргенине караганда, ал үйбүлөсү менен Москванын жанында жашап жатат. Ал эми жолугушуулар убагында алардын Кыргызстанга кайтып келиши жөнүндө сөз козголгон жок. Депутат Ташкул Керексизов телефон аркылуу билдиргенге караганда, бул учурда андай сөз козголушу да мүмкүн эмес болчу.

Депутаттык комиссия бүгүн түнү Бишкекке кайтып келет. 5-мартта парламентте анын арызы кабыл алынгандан кийин Аскар Акаевдин полномочиелери токтойт.

XS
SM
MD
LG