Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

КӨП АЯЛДУУЛУК ЖАНА ЭРКЕКТЕРДИН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ (1-макала)


Көп аялдуулук же полигамия жалаң эле мусулман жамаатына таандык көрүнүш эмес. Полигамиянын үй-бүлөнүн жашоо шартына, балдардын билим деңгээлине жана өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири кандай? Көп аялдуулук салтпы же табигый муктаждыкпы? Билимдүү жана билимсиз көп зайыптуу эркектердин айырмасы барбы?

Эркектердин көп аял алуусу (илимий аталышы- полигамия) Африканын Сахара чөлүнүн атрабындагы өлкөлөрдө, Тайландда, ошондой эле америкалык жана канадалык тарса-мормондор арасында кеңири учурайт.

Шарият өзү мусулмандардын көп аял алуусуна уруксат берет.

Тарсалар ичинен Кошмо Штаттардын түндүк батыш ныптасында жана Канаданын батышындагы Колумбия провинциясында жашаган мормондор көп зайыптуу болушат.

Борбор Азияда кеңеш өкмөтүнө чейин көбүн эсе мал-мүлктүү үй-бүлөдөн чыккан эркектер бир нече аялга үйлөнүшкөн. Бирок, акыркы 10-15 жылда, мыйзам тыйуу салганына карабай, Борбор Азия жана Кавказ мусулмандарында экинчи жана үчүнчү аялга үйлөнгөн эркектер көбөйө баштаганы байкалат.

Таанымал аалым Шейх Мухаммад Салык Мухаммад Юсуфтун айтымында:

- Көпчүлүк эркектер мусулманчылыкты бузуп бир нече катын алышат. Алардын динге же шариятка ылайыктабай, башка бир талаптарын канаатандырууну көздөп үйлөнүн жатышканы өкүнүчтүү.

Кураны Керимдин “Ниса”, кыргызча айтканда, “Аялдар” сүрөөсүнүн үчүнчү аятында “...силер үчүн никеси адал болгон аялдарга эки, үч, төрттөн үйлөнө бергиле”,-деп айтылат. Бирок, шарият эркек киши никелешип баш кошкон аялдарына татыктуу жашоону камсыздай албаса, бир зайып менен чектелүүнү талап кылат.

Социологдордун айтышынча, жарды, өнүкпөгөн жана өнүгүү жолундагы өлкөлөрдө көп аялдуулук эркектердин коомдогу кадыр-баркын көтөрөт. Алар жөнүндө коомчулукта өзүнө ток, мал-жандуу адам деген пикирди жаратат.

Иерусалимдин Хеброу университетинин илимпоздор тобу Пил сөөктүү жээк Республикасында өткөргөн изилдөө Африканын бул өлкөсүндө көп аялдуулук бай, дөөлөтүү эркектерге мүнөздүү көрүнүш экенин аныктаган. Анын себеби тууралуу изилдөөнүн катышуучусу, илимдин доктору Эрик Гольд мындай дейт:

- Жалпылып айтканда, бай эркектер көп балалуу болууну жакшы көрүшөт. Алар көп балага жетүү үчүн көп аялга үйлөнүшөт.

Бирок, билимдүү байлар же кирешеси айлык маянасына байланган жогорку билимдүү кызматчылар менен чиновниктер чөйрөсүндө экинчи же үчүнчү аял алгандар сейрек. Ал эми киреше булагы күмөндүү байлар менен коррупцияга аралаш жогорку билимдүү эркектер ичинде, тескерисинче, көп аялдуулук көп кездешет.

Мурдакы советтик мейкиндикти алсак, татарларда көп аял алуу эмнегедир кеңири жайылган эмес. Эмне үчүн? Татарстан муфтиятынын жооптуу кызматкери, азирети Залиулланын түшүндүрүшүнчө:

- Анын себептери түрдүүчө болушу мүмкүн. Биздин татар калкында, адат боюнча катын-кыздардын коомдогу орду жана ролу эзелтен өтө бийик. Бул балким элдин чарба жүргүзүү же жашаган жериндеги табияттын өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөөр. Кыштак жана шаар жерин алсак, 1917-жылкы революцияга чейинки падышалык доорунда да аял-кыздар үйдө отурушпай чарбалык жумуштарда иштешчү. Азыр да ошондой. Ошон үчүн татар калкында көп аялдуулук өтө аз жолукчу көрүнүш.
XS
SM
MD
LG