Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:50

ООГАНСТАН: ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУ УТУРЛАЙ...


Бүгүн, шаршембиде Ооганстанда президенттик шайлоо өнөктүгүнүн үгүт жургүзүүчү акыркы чаралары соңуна чыкты. Эми ишембиде, октябрдын 9унда оогандар тикелей шайлоо аркылуу жаңы мамлекет башчысын аныктамакчы. Эл аралык коомчулук коопсуздук жагдайынын айынан шайлоого байкоо жүргүзүүнүн орчун бөлүгүн оогандыктардын өздөрүнө калтырууда.

Шаршембиде Кабулдагы стадиондо чогулган эл Ооганстандын убактылуу мамлекет башчысы жана президенттикке талапкер Хамид Карзайды дүркүрөгөн кол чабуу менен тосуп алды.

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жыйынтыктап жатып, Хамид Карзай мекендештерине алдыдагы шайлоонун мааниси тууралуу төмөнкүдөй сөздөрү менен кайрылды.

- Ооганстандын президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат. Ар беш жылда президенттик шайлоо өткөрүлүп турат. Ал эми Ооганстандын кылымдар аркалай турган болочогу алдыдагы ишембиде өтө турган шайлоодо аныкталмакчы.

Ал эми түндүктөгү Мазари Шарип шаарында президенттикке талапкер, теги өзбек генерал Абдурашит Достум шаршембиде соңку үгүт сөзү менен элге кайрылды:

- Кудай жалгаса, улутубуз колдоп берсе, биз жеңишке жетишебиз. Алдыдагы күндөрү биз кимдер согушчан колбашчы, кимдер чындап эл үчүн күйгөн инсан экенине, кимди элибиз мамлекет башчы катары каалаарына күбө болмокчубуз.

Бул шайлоо өнөктүгүнө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 40тай адисти, башка эл аралык уюмдар 350дөй байкоочуну жөнөттү. Албетте, алар жалпы өлкө боюнча шайлоо кандай өткөнүнө жарытылуу байкоо жүргүзө алышпайт. Алардан тышкары 4 миңдей жергиликтүү көз каранды эмес адис жана тигил же бул талапкердин байкоочу өкүлү катары ыктыярдуу түрдө иштеп берүүгө макул болгон 50 миңдей оогандык өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүүгө камтылууда.

ЕККУнун Ооганстандагы шайлоого көмөк тобунун жетекчиси Роберт Барри (Robert Barry) өз уюмунун башкы милдети – алдыдагы шайлоодон сабак алып, бул тажрыйбаны келээрки жылы өткөрүлө турган парламенттик шайлоо маалында пайдалануу экенин айтат.

Албетте, президенттикке талапкерлердин өкүлү катары тандалып алынган он миңдеген кишилер кантип калыс байкоочу болуу керектиги боюнча атайын машыгуудан өткөн жок. Алар тажрыйбасыздыгынын айынан жер-жерлерде шайлоо күнү да өз талапкери үчүн ачык жан тартып, өнөктүккө доо кетирбес бекен? Деген санааркоо айтылууда.

Айтмакчы, шайлоо жаатында алчы-таасын жеген пост-советтик Кыргызстанда деле талапкердин өкүлү делген кишилер шайлоочуларга жең ичинен чай-чамек, жоолук же арак таркатып, алардын уруулук санжырасынан бери айтып, шайлоо өнөктүгүнө кедергисин тийгизген учурлар болгонун эстесек, согуштан жаңыдан арылган Ооганстандагы калк сабаты төмөн айыл-кыштактарда кырдаал кандай экенин элестетүү кыйын эмес.

ЕККУнун өкүлү Роберт Барри мындай дейт:

- Жакынкы күндөрү эле президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү абдан көп санда каттоодон өттү. Бул өкүлдөр шайлоо күнү кантип иш-аракет жүргүзөөрүнө биз кызыгып жатабыз. Бул жаатта чочулоосун билдирген башка тараптар менен да биз баарлашып жатабыз.

Ал эми баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Эл аралык мамилелер боюнча Улуттук демократиялык институттун Ооганстан бөлүмүнүн деректири Грант Киппен мырза (Grant Kippen) президентти шайлоо жааты – Ооганстанда калыптанып жаткан демократиялык институттардын бир гана бөлүгү экенин, алдыда дагы далай жумуштар күтүп жатканын эскертет.

- Биз Ооганстанда азырынча парламент түзүлө электигин көрүп турабыз. Парламенттик шайлоо келээрки жылга белгиленген. Вилайеттердеги жана оодандардагы жергиликтүү шайлоолор да алдыда күтүп турат. Демек, биз мында шайлоолордун толук айлампасы уюштурулушу керектигин көрүп турабыз.

Алдыдагы ишемби күнү болчу президенттик шайлоо, Киппендин сөзүнө караганда, шайлоолор чынжырынын алгачкы гана бөлүгү.

Ошондуктан, дейт Киппен, ишембидеги президенттик шайлоо, бир жагынан, жергиликтүү калайыкка шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү боюнча сабак катары да кызмат аткарат.

XS
SM
MD
LG